бөлүм Сод - ص

61 قَالُوا رَبَّنَا مَنْ قَدَّمَ لَنَا هَذَا فَزِدْهُ عَذَابًا ضِعْفًا فِي النَّارِ

(Алар): “Эгебиз! Муну бизге дайардагандардын оттогу жазасын эки эсе көбөйт”, – дешет.

62 وَقَالُوا مَا لَنَا لَا نَرَى رِجَالًا كُنَّا نَعُدُّهُمْ مِنَ الْأَشْرَارِ

(Тигилер): “Бизге эмне болду? Биз “жаман” деп эсептеп жүргөн кишилерди көрө албай жатабыз.

a. Бул дүйнөдө алдуу-күчтүү болуп жүргөндөр.

63 أَتَّخَذْنَاهُمْ سِخْرِيًّا أَمْ زَاغَتْ عَنْهُمُ الْأَبْصَارُ

Биз аларды шылдыңга алганбыз. Же биздин көзүбүз (азыр) алардан тайып баратабы?” – дешет.

64 إِنَّ ذَلِكَ لَحَقٌّ تَخَاصُمُ أَهْلِ النَّارِ

Албетте, бул чындык тозок ээлеринин талаш-тартышы.

65 قُلْ إِنَّمَا أَنَا مُنْذِرٌ وَمَا مِنْ إِلَهٍ إِلَّا اللَّهُ الْوَاحِدُ الْقَهَّارُ

Айткын: “Мен силерге эскертүүчү ганамын. Жалгыз, Каардуу Алладан башка кудай жок.

66 رَبُّ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا الْعَزِيزُ الْغَفَّارُ

Асмандар менен жердин жана алардын арасындагылардын Эгеси – Ызааттуу, Кечирүүчү”.

a. /стөмдүк кылуучу.

67 قُلْ هُوَ نَبَأٌ عَظِيمٌ

Айткын: “Бул улуу кабар.

a. Айаттардан, Алладан келген кабар, буйруктардан.

68 أَنْتُمْ عَنْهُ مُعْرِضُونَ

Силер андан баш тартуучусуңар.

69 مَا كَانَ لِيَ مِنْ عِلْمٍ بِالْمَلَإِ الْأَعْلَى إِذْ يَخْتَصِمُونَ

Менде алар талашып жаткан учурда улук периштелер тууралуу илим болгон эмес.

70 إِنْ يُوحَى إِلَيَّ إِلَّا أَنَّمَا أَنَا نَذِيرٌ مُبِينٌ

Албетте, мен ачык-айкын эскертүүчү экендигимден башка мага эч кандай жашыруун кабар берилбеди.

71 إِذْ قَالَ رَبُّكَ لِلْمَلَائِكَةِ إِنِّي خَالِقٌ بَشَرًا مِنْ طِينٍ

Эгең периштелерге (мындай) деди: “Мен инсанды ылайдан жаратамын.

72 فَإِذَا سَوَّيْتُهُ وَنَفَخْتُ فِيهِ مِنْ رُوحِي فَقَعُوا لَهُ سَاجِدِينَ

Качан аны жасап бүтүп, ага өз рухумдан (үйлөп) киргизгенимде, ага сежде кылган абалыңарда ийилгиле!”

a. Жан.

73 فَسَجَدَ الْمَلَائِكَةُ كُلُّهُمْ أَجْمَعُونَ

Периштелердин баары чогуу сежде кылышты,

74 إِلَّا إِبْلِيسَ اسْتَكْبَرَ وَكَانَ مِنَ الْكَافِرِينَ

Иблистен башкасы. Ал текеберленди жана каапырлардан болду.

75 قَالَ يَا إِبْلِيسُ مَا مَنَعَكَ أَنْ تَسْجُدَ لِمَا خَلَقْتُ بِيَدَيَّ أَسْتَكْبَرْتَ أَمْ كُنْتَ مِنَ الْعَالِينَ

Ал: “Эй Иблис! Мен өз колум менен жасаганга сежде кылууңдан сени эмне тосту? Сен текеберлендиңби, же улуктардан болдуңбу?” – деди.

a. Алла.

76 قَالَ أَنَا خَيْرٌ مِنْهُ خَلَقْتَنِي مِنْ نَارٍ وَخَلَقْتَهُ مِنْ طِينٍ

“Андан мен жакшыраакмын. Мени оттон жараттың, а аны ылайдан”, – деди.

a. Иблис.

77 قَالَ فَاخْرُجْ مِنْهَا فَإِنَّكَ رَجِيمٌ

Ал айтты: “Мындан чык! Анткени сен куулдуң.

a. Алла.

78 وَإِنَّ عَلَيْكَ لَعْنَتِي إِلَى يَوْمِ الدِّينِ

Менин каргышым сага Кыйамат күнгө чейин (болот)”.

79 قَالَ رَبِّ فَأَنْظِرْنِي إِلَى يَوْمِ يُبْعَثُونَ

“Эгем! Алар кайра тирилүүчү күнгө чейин мага мөөнөт бер”, – деди.

a. Адамдар.

80 قَالَ فَإِنَّكَ مِنَ الْمُنْظَرِينَ

Ал айтты: “Албетте, сен мөөнөт берилгендерденсиң,

a. Алла.