бөлүм Йаа-сиин - يس

61 وَأَنِ اعْبُدُونِي هَذَا صِرَاطٌ مُسْتَقِيمٌ

“Мага гана сыйынгыла – бул эң туура жол!”

62 وَلَقَدْ أَضَلَّ مِنْكُمْ جِبِلًّا كَثِيرًا أَفَلَمْ تَكُونُوا تَعْقِلُونَ

Ал силерден көптөгөн муундарды жолдон адаштырган. Акыл жүгүрткөндөрдөн болбойсуңарбы?

63 هَذِهِ جَهَنَّمُ الَّتِي كُنْتُمْ تُوعَدُونَ

Мына бул силерге убада кылынган тозок.

64 اصْلَوْهَا الْيَوْمَ بِمَا كُنْتُمْ تَكْفُرُونَ

Каапыр болгонуңар үчүн бүгүн ага киргиле!

65 الْيَوْمَ نَخْتِمُ عَلَى أَفْوَاهِهِمْ وَتُكَلِّمُنَا أَيْدِيهِمْ وَتَشْهَدُ أَرْجُلُهُمْ بِمَا كَانُوا يَكْسِبُونَ

Бүгүн Биз алардын ооздоруна мөөр басабыз. Бизге алардын колдору сүйлөп берет. А буттары алар эмне кылгандары тууралуу күбөлүк берет.

a. Бүтөп салабыз.

66 وَلَوْ نَشَاءُ لَطَمَسْنَا عَلَى أَعْيُنِهِمْ فَاسْتَبَقُوا الصِّرَاطَ فَأَنَّى يُبْصِرُونَ

Эгер Биз кааласак, алардын көздөрүн сокур кылып койор элек. (Ошондо) алар бир-биринен озуп, жолду карай жөнөөр эле, бирок кантип көрө алышат?

a. Көздөрү сопсоо кездеринде ааламдагы Аллахтын белгилерин көргүлөрү келбей, ага ишенбей жүргөндөр, көздөрүнөн айрылса кантип көрмөк?

67 وَلَوْ نَشَاءُ لَمَسَخْنَاهُمْ عَلَى مَكَانَتِهِمْ فَمَا اسْتَطَاعُوا مُضِيًّا وَلَا يَرْجِعُونَ

А эгер Биз кааласак, алардын турпатын үйлөрүндө эле өзгөртмөкпүз. Алар алдыга да, артка да жыла алышмак эмес.

a. Маселен дарак кылып.

68 وَمَنْ نُعَمِّرْهُ نُنَكِّسْهُ فِي الْخَلْقِ أَفَلَا يَعْقِلُونَ

Кимге Биз узак жашоо берсек, аны жаралыш турпатын алсыз кылып койобуз. Акыл калчашпайбы?

a. Карып, ал-күчтөн, ден соолугунан ажырай электе Аллахка сыйынуу, илим үйрөнүү, жакшылык иштерди кылуу зарыл нерселер.

69 وَمَا عَلَّمْنَاهُ الشِّعْرَ وَمَا يَنْبَغِي لَهُ إِنْ هُوَ إِلَّا ذِكْرٌ وَقُرْآنٌ مُبِينٌ

Биз ага ыр үйрөткөнүбүз жок жана бул ага ылайык да эмес. Бул эскертүүчү жана ачык-айкын Куран.

a. Мухаммед (а.с.)га.

70 لِيُنْذِرَ مَنْ كَانَ حَيًّا وَيَحِقَّ الْقَوْلُ عَلَى الْكَافِرِينَ

– Тирүүлөрдү эскертүү, каапырлардын үстүнөн сөзүбүз чын болсун үчүн.

71 أَوَلَمْ يَرَوْا أَنَّا خَلَقْنَا لَهُمْ مِمَّا عَمِلَتْ أَيْدِينَا أَنْعَامًا فَهُمْ لَهَا مَالِكُونَ

Биздин өз кудуретибиз менен жараткандарыбыздын ичинен Биз алар үчүн жаратып берген малдарыбызды жана аларга ээлик кылышаарын көрүшпөйбү?

72 وَذَلَّلْنَاهَا لَهُمْ فَمِنْهَا رَكُوبُهُمْ وَمِنْهَا يَأْكُلُونَ

Буларды (малдарды) аларга баш ийдирдик, алар кээ бирлерин минишет, кээ бирлеринин (этин) жешет.

73 وَلَهُمْ فِيهَا مَنَافِعُ وَمَشَارِبُ أَفَلَا يَشْكُرُونَ

Мында алар үчүн пайда жана суусундуктар бар. Бул үчүн алар шүгүр кылышпайбы?

74 وَاتَّخَذُوا مِنْ دُونِ اللَّهِ آلِهَةً لَعَلَّهُمْ يُنْصَرُونَ

Алар өздөрүнө Аллахдан башка кудайларды жардам берет деп алышты.

a. “Кудайларынан”.

75 لَا يَسْتَطِيعُونَ نَصْرَهُمْ وَهُمْ لَهُمْ جُنْدٌ مُحْضَرُونَ

Алар дайар аскер болуп келишсе да, аларга жардам кыла алышпайт.

a. Кыйамат күнүндө, акыретте, сөлөкөттөр өздөрүнө сыйынып жүргөндөргө каршы душман болуп чыга келишет.

76 فَلَا يَحْزُنْكَ قَوْلُهُمْ إِنَّا نَعْلَمُ مَا يُسِرُّونَ وَمَا يُعْلِنُونَ

Сени алардын сөздөрү кайгыртпасын. Биз алардын жашыргандарын да, ачыкка чыгаргандарын да билип турабыз.

77 أَوَلَمْ يَرَ الْإِنْسَانُ أَنَّا خَلَقْنَاهُ مِنْ نُطْفَةٍ فَإِذَا هُوَ خَصِيمٌ مُبِينٌ

Биз аны бир тамчы суудан жаратканыбызды инсан көрбөдүбү? Ошентсе да, ал ачык жаңжалчы!

78 وَضَرَبَ لَنَا مَثَلًا وَنَسِيَ خَلْقَهُ قَالَ مَنْ يُحْيِي الْعِظَامَ وَهِيَ رَمِيمٌ

Ал өз жаралышын унутуп, Бизге: “Бул чириген сөөктөрдү ким тирилтет?” – деп мисал келтирет.

79 قُلْ يُحْيِيهَا الَّذِي أَنْشَأَهَا أَوَّلَ مَرَّةٍ وَهُوَ بِكُلِّ خَلْقٍ عَلِيمٌ

“Аны алгач жараткандай эле тирилтет. Ал бардык жаралгандарды Билүүчү”, – дегин.

80 الَّذِي جَعَلَ لَكُمْ مِنَ الشَّجَرِ الْأَخْضَرِ نَارًا فَإِذَا أَنْتُمْ مِنْهُ تُوقِدُونَ

Ал силерге жашыл дарактан от кылды, андан силер от жагасыңар.