21 اتَّبِعُوا مَنْ لَا يَسْأَلُكُمْ أَجْرًا وَهُمْ مُهْتَدُونَ
Силерден эч кандай акы сурабагандарды жана туура жолдо жүргөндөрдү ээрчигиле.
a. Ушул элчилерди.
21 اتَّبِعُوا مَنْ لَا يَسْأَلُكُمْ أَجْرًا وَهُمْ مُهْتَدُونَ
Силерден эч кандай акы сурабагандарды жана туура жолдо жүргөндөрдү ээрчигиле.
a. Ушул элчилерди.
22 وَمَا لِيَ لَا أَعْبُدُ الَّذِي فَطَرَنِي وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ
Эмне үчүн мен өзүмдү жаратканга жана бүт баарыңар кайрылып бара турган Ага сыйынбаймын?
a. Аллахка.
23 أَأَتَّخِذُ مِنْ دُونِهِ آلِهَةً إِنْ يُرِدْنِ الرَّحْمَنُ بِضُرٍّ لَا تُغْنِ عَنِّي شَفَاعَتُهُمْ شَيْئًا وَلَا يُنْقِذُونِ
Чын эле мен Андан башка кудайларга табынамынбы? Эгерде Мээримдүү мага жамандык кааласа, алардын колдоосу менден эч нерсени тосо албайт жана мени куткара да албайт”.
24 إِنِّي إِذًا لَفِي ضَلَالٍ مُبِينٍ
Ырасында, анда мен анык адашуудамын.
25 إِنِّي آمَنْتُ بِرَبِّكُمْ فَاسْمَعُونِ
Аныгында мен Эгеңерге ишендим жана мени уккулачы.”
a. Силер да мен сыйактуу ишенип, Аллахка сыйынгылачы.
26 قِيلَ ادْخُلِ الْجَنَّةَ قَالَ يَا لَيْتَ قَوْمِي يَعْلَمُونَ
(Ага): “Бейишке кир!” – делинди. Ал айтты: “Аттиң, эгер элим билсечи,
a. Каапырлар аны ошол жерден тепкилеп өлтүрүп ийишкен соң, Аллах Таала тарабынан: “Бейишке кир”, – деп айтылып, Бейишке киргизилди. b. “Менин туура иш кылганымды, Аллахтын ыраазылыгын таап, Бейишке кирип, ырахат-жыргалда экендигимди, өздөрүнүн адашууда экендиктерин элим билсечи”.
27 بِمَا غَفَرَ لِي رَبِّي وَجَعَلَنِي مِنَ الْمُكْرَمِينَ
мени Эгем кечиргенин жана мени ардактуулардан кылганын.”
28 وَمَا أَنْزَلْنَا عَلَى قَوْمِهِ مِنْ بَعْدِهِ مِنْ جُنْدٍ مِنَ السَّمَاءِ وَمَا كُنَّا مُنْزِلِينَ
Биз андан соң анын элине асмандан аскер түшүргөнүбүз жок. Биз аскер түшүрбөдүк.
a. Талкалап-кыйратуучу периштелерди.
29 إِنْ كَانَتْ إِلَّا صَيْحَةً وَاحِدَةً فَإِذَا هُمْ خَامِدُونَ
Болгону бир гана катуу үн угулду, ошентип алар жалп өчтү.
a. Аллах Тааланын кырсыгы аларды бир заматта ойрон кылды. Аллах Таала кааласа периште аркылуу, кааласа башка жол менен заалымдарды жылас кылат.
30 يَا حَسْرَةً عَلَى الْعِبَادِ مَا يَأْتِيهِمْ مِنْ رَسُولٍ إِلَّا كَانُوا بِهِ يَسْتَهْزِئُونَ
Элчи келип, алар анын үстүнөн шылдыңдашкан Менин пенделериме өкүнүч!
a. Каапырларга.
31 أَلَمْ يَرَوْا كَمْ أَهْلَكْنَا قَبْلَهُمْ مِنَ الْقُرُونِ أَنَّهُمْ إِلَيْهِمْ لَا يَرْجِعُونَ
Чын эле Биз аларга чейин канчалаган муундарды ойрон кылганыбызды жана алар буларга кайрылып келбесин көрүшпөйбү?
a. Көпчүлүк учурда мурунку элдердин кыйроосунан кийинки элдер эч кандай мисал, же сабак албаганы байкалат.
32 وَإِنْ كُلٌّ لَمَّا جَمِيعٌ لَدَيْنَا مُحْضَرُونَ
Акыйкатта, баарысы Бизге жыйналышат.
a. Кыйамат күнү.
33 وَآيَةٌ لَهُمُ الْأَرْضُ الْمَيْتَةُ أَحْيَيْنَاهَا وَأَخْرَجْنَا مِنْهَا حَبًّا فَمِنْهُ يَأْكُلُونَ
Өлүк жер силер үчүн бир белги: Биз аны тирилттик, андан дан өндүрүп чыгардык. А силер андан жейсиңер.
34 وَجَعَلْنَا فِيهَا جَنَّاتٍ مِنْ نَخِيلٍ وَأَعْنَابٍ وَفَجَّرْنَا فِيهَا مِنَ الْعُيُونِ
Биз анын үстүнө курма менен жүзүм бактарын өндүрдүк жана булактарды чыгардык.
35 لِيَأْكُلُوا مِنْ ثَمَرِهِ وَمَا عَمِلَتْهُ أَيْدِيهِمْ أَفَلَا يَشْكُرُونَ
Алардын мөмөлөрүнөн жана алар колдору менен кылынгандарынан жеши үчүн. Шүгүр кылбайсыңарбы?
a. Аллах Таала өстүргөн бак-дарак, жемиштердин. b. Пенделердин колу менен иштелип, сугарылып, өстүрүлгөн...
36 سُبْحَانَ الَّذِي خَلَقَ الْأَزْوَاجَ كُلَّهَا مِمَّا تُنْبِتُ الْأَرْضُ وَمِنْ أَنْفُسِهِمْ وَمِمَّا لَا يَعْلَمُونَ
Алар өздөрүнүн, жер өстүргөн нерселердин жана алар билбеген нерселердин бардыгын жуп кылып жаратканга аруулук!
a. Айал-эркектен тукум улаштырып. b. Атомдун йадросу оң зарйад, ал эми аны айланган электрондор терс зарйадда экендиги кийинки замандарда гана белгилүү болуп, б.а. энергийанын бири-бирине карама-каршы болгон эки жуп формасы бар экендиги аныкталды. c. Аллах Таалага.
37 وَآيَةٌ لَهُمُ اللَّيْلُ نَسْلَخُ مِنْهُ النَّهَارَ فَإِذَا هُمْ مُظْلِمُونَ
Аларга бир белги – түн. Андан күндүздү ажыратабыз, анда алар караңгылыкта калат.
38 وَالشَّمْسُ تَجْرِي لِمُسْتَقَرٍّ لَهَا ذَلِكَ تَقْدِيرُ الْعَزِيزِ الْعَلِيمِ
Күн (да) өзү үчүн белгиленген орунда жүрөт. Бул /стөмдүк кылуучу, Билүүчүнүн өлчөгөнү.
39 وَالْقَمَرَ قَدَّرْنَاهُ مَنَازِلَ حَتَّى عَادَ كَالْعُرْجُونِ الْقَدِيمِ
Айды куураган эски бутактай болгонго чейин орундарга өлчөп койдук.
a. Ар бир айда жыйырма сегиз түндөгү кубулуш. Ай отуз күн болсо, анда эки түнү көрүнбөйт. Ал эми жыйырма тогуз күн болсо, анда бир түнү көрүнбөйт. Тафсир Ал-Жалаалайн.
40 لَا الشَّمْسُ يَنْبَغِي لَهَا أَنْ تُدْرِكَ الْقَمَرَ وَلَا اللَّيْلُ سَابِقُ النَّهَارِ وَكُلٌّ فِي فَلَكٍ يَسْبَحُونَ
Күндүн Айга жетүүсү мүмкүн эмес, түн да күндүздөн илгерилебейт, ар бири көктө сүзөт.