бөлүм Йаа-сиин - يس

41 وَآيَةٌ لَهُمْ أَنَّا حَمَلْنَا ذُرِّيَّتَهُمْ فِي الْفُلْكِ الْمَشْحُونِ

Алардын урпактарын ичи толтура кемеде ташыганыбыз алар үчүн бир белги.

a. Нух (а.с.)дын кемесинде.

42 وَخَلَقْنَا لَهُمْ مِنْ مِثْلِهِ مَا يَرْكَبُونَ

Тигил сыйактуу минип жүрө турган нерселерин жараттык.

a. Нух (а.с.)дын кемеси сыйактуу. b. Нух пайгамбардын убагынан бери карай ушул күндөргө чейин жасалып жана колдонулуп келе жаткан сууда, кургакта жана асманда жүрүүчү көлүктөр.

43 وَإِنْ نَشَأْ نُغْرِقْهُمْ فَلَا صَرِيخَ لَهُمْ وَلَا هُمْ يُنْقَذُونَ

Кааласак, аларды чөктүрөбүз, анда аларга жардамчы да жок. Алар куткарылбайт.

44 إِلَّا رَحْمَةً مِنَّا وَمَتَاعًا إِلَى حِينٍ

Бирок, (Бизден) ырайым жана белгилүү мөөнөткө чейин узартуу (гана болот).

45 وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ اتَّقُوا مَا بَيْنَ أَيْدِيكُمْ وَمَا خَلْفَكُمْ لَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ

Аларга: “Алдыңарда болуп өткөндөрдөн жана артыңарда боло тургандардан корккула. Балким, мээримге бөлөнөөрсүңөр” – делинсе,

a. Мурунку ойрондолгон ыймансыз коомдордун тагдыры башыңарга түшүүдөн.

46 وَمَا تَأْتِيهِمْ مِنْ آيَةٍ مِنْ آيَاتِ رَبِّهِمْ إِلَّا كَانُوا عَنْهَا مُعْرِضِينَ

аларга Эгеңдин белгилеринен бир белги келгенде, алар ал белгиден жүз үйрүүчү болушту.

47 وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ أَنْفِقُوا مِمَّا رَزَقَكُمُ اللَّهُ قَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لِلَّذِينَ آمَنُوا أَنُطْعِمُ مَنْ لَوْ يَشَاءُ اللَّهُ أَطْعَمَهُ إِنْ أَنْتُمْ إِلَّا فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ

Аларга: “Аллах силерге берген ырыскылардан сарптагыла” – делинсе, ыймансыздар ыймандууларга: “Силерди биз тамактандырмак белек? Аллах кааласа силерди Өзү тамактандырмак. Силер анык адашуудасыңар”, – дешет.

48 وَيَقُولُونَ مَتَى هَذَا الْوَعْدُ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

Жана айтышат: “Эгер чынчыл болсоңор, бул убада качан (аткарылат)?”

49 مَا يَنْظُرُونَ إِلَّا صَيْحَةً وَاحِدَةً تَأْخُذُهُمْ وَهُمْ يَخِصِّمُونَ

Талашып жаткан учурда, аларды алып кете турган бир гана катуу кыйкырыктан башка эч нерсени көрө алышпайт.

a. Катуу үн менен коштолгон кыйроо аркылуу жок болушат.

50 فَلَا يَسْتَطِيعُونَ تَوْصِيَةً وَلَا إِلَى أَهْلِهِمْ يَرْجِعُونَ

Алар осуйат да калтыра албайт жана өз үй-бүлөлөрүнө да кайтып бара алышпайт .

a. Мураскор калтыруу мындай турсун, Аллахтын кырсыгы келген кезде, оозунда жеп жаткан тамагын жутууга үлгүрбөйт.

51 وَنُفِخَ فِي الصُّورِ فَإِذَا هُمْ مِنَ الْأَجْدَاثِ إِلَى رَبِّهِمْ يَنْسِلُونَ

Сурнай тартылганда, алар мүрзөлөрүнөн Эгесине карай шашып чыгышат.

a. Кыйамат күнүндө кайра тирилгенде.

52 قَالُوا يَا وَيْلَنَا مَنْ بَعَثَنَا مِنْ مَرْقَدِنَا هَذَا مَا وَعَدَ الرَّحْمَنُ وَصَدَقَ الْمُرْسَلُونَ

Алар: “Оо, биз куруп калалык! Бизди жаткан жерибизден ким тургузду? Бул – Мээримдүү убада кылган нерсе жана элчилер чындыкты айтышкан экен”, – дешет.

53 إِنْ كَانَتْ إِلَّا صَيْحَةً وَاحِدَةً فَإِذَا هُمْ جَمِيعٌ لَدَيْنَا مُحْضَرُونَ

Катуу бир кыйкырыктан башка эч нерсе болгону жок. Мына алардын баары Биздин алдыбызга келип турушат.

54 فَالْيَوْمَ لَا تُظْلَمُ نَفْسٌ شَيْئًا وَلَا تُجْزَوْنَ إِلَّا مَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ

Бүгүн бир да жанга зулум кылынбайт. (Анткени), силер кылганыңар үчүн гана жазаланасыңар.

a. Күнөө, же сооп иштериңер үчүн.

55 إِنَّ أَصْحَابَ الْجَنَّةِ الْيَوْمَ فِي شُغُلٍ فَاكِهُونَ

Акыйкатта, Бейиш ээлери бүгүн өз иштери менен жыргап-ырахаттанышат.

56 هُمْ وَأَزْوَاجُهُمْ فِي ظِلَالٍ عَلَى الْأَرَائِكِ مُتَّكِئُونَ

Алар жубайлары менен көлөкөдө, мамыктарда сүйөнүп, жазданышат (жатышат).

a. Бейишке кирген ыймандууларга жуп-жары, аялы боло турган келишкен сулуу үр кыздары жана ошондой эле алардан эч кем калбагандай сулуу абалга келтирилген өздөрүнүн айалдары ж. б.

57 لَهُمْ فِيهَا فَاكِهَةٌ وَلَهُمْ مَا يَدَّعُونَ

Аларга анда (түрдүү) жемиштер жана каалагандары бар.

58 سَلَامٌ قَوْلًا مِنْ رَبٍّ رَحِيمٍ

Боорукер Жараткандын сөзү – “Салам!” (болот).

59 وَامْتَازُوا الْيَوْمَ أَيُّهَا الْمُجْرِمُونَ

“Эй күнөөкөрлөр! Бүгүн ажырагыла!” (делинет).

a. Момундардан бөлүнгүлө делинет.

60 أَلَمْ أَعْهَدْ إِلَيْكُمْ يَا بَنِي آدَمَ أَنْ لَا تَعْبُدُوا الشَّيْطَانَ إِنَّهُ لَكُمْ عَدُوٌّ مُبِينٌ

“Эй адам урпактары! Мен силерге: “Шайтанга сыйынбагыла, акыйкатта, ал силер үчүн анык душман” – деп буйрубадым беле?