1 يس
Йаа-Сиин.
1 يس
Йаа-Сиин.
2 وَالْقُرْآنِ الْحَكِيمِ
Даанышман Куранга ант!
3 إِنَّكَ لَمِنَ الْمُرْسَلِينَ
Ырасында, сен элчилерденсиң,
4 عَلَى صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ
туура жолдогу.
a. Аллахтын туура жолундагы.
5 تَنْزِيلَ الْعَزِيزِ الرَّحِيمِ
Бул – Ызааттуу, Мээримдүүнүн түшүргөнү,
6 لِتُنْذِرَ قَوْمًا مَا أُنْذِرَ آبَاؤُهُمْ فَهُمْ غَافِلُونَ
Аталары эскертилбей калган жана алар бейкапар болгон коомду эскертүүң үчүн,
a. Өтө алыс эмес убакыттан бери карай (анткени мурунку заманда пайгамбарлар жөнөтүлүп турган).
7 لَقَدْ حَقَّ الْقَوْلُ عَلَى أَكْثَرِهِمْ فَهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ
Сөз алардын көпчүлүгүнө (небак) бекемделген, а алар ишенишпейт.
a. Азапка алынуусу жөнүндөгү сөз.
8 إِنَّا جَعَلْنَا فِي أَعْنَاقِهِمْ أَغْلَالًا فَهِيَ إِلَى الْأَذْقَانِ فَهُمْ مُقْمَحُونَ
Биз алардын мойундарына, ээктерине чейин богоо койгонбуз, алар керкейип жүрүүгө аргасыз.
a. Кишен – моюнтурук. b. Каймана түрдө каапырлардын ал-абалына, кулк-мүнөзүнө карата айтылууда. Алар өз жаңылыштыктарын, ой-пикирлерин гана туура деп эсептешип, бой көтөргөн, текеберденген, кекирейген абалда жүрүшөт. Эгерде алар оңолбосо, Аллах алардын жаңылыштыгын ого бетер күчөтө тургандыгына ишаарат берүүдө.
9 وَجَعَلْنَا مِنْ بَيْنِ أَيْدِيهِمْ سَدًّا وَمِنْ خَلْفِهِمْ سَدًّا فَأَغْشَيْنَاهُمْ فَهُمْ لَا يُبْصِرُونَ
Биз алардын алдынан да, артынан да тосмо койдук. Аларды ороп салдык, алар көрө алышпайт.
a. Ыйман келтирүүнү каалабаган каапырлардын, мушриктердин.
10 وَسَوَاءٌ عَلَيْهِمْ أَأَنْذَرْتَهُمْ أَمْ لَمْ تُنْذِرْهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ
Аларды сен эскертесиңби, же эскертпейсиңби, баары бир ыйман келтиришпейт.
a. Ыйман келтирүүнү каалабаган каапырларды, мушриктерди.
11 إِنَّمَا تُنْذِرُ مَنِ اتَّبَعَ الذِّكْرَ وَخَشِيَ الرَّحْمَنَ بِالْغَيْبِ فَبَشِّرْهُ بِمَغْفِرَةٍ وَأَجْرٍ كَرِيمٍ
Сен эскертүүгө ээрчигендерди жана Мээримдүүдөн жашыруун корккондорду гана эскерте аласың. Аларды – кечирилгендиги жана зор сыйлык менен сүйүнчүлө!
12 إِنَّا نَحْنُ نُحْيِي الْمَوْتَى وَنَكْتُبُ مَا قَدَّمُوا وَآثَارَهُمْ وَكُلَّ شَيْءٍ أَحْصَيْنَاهُ فِي إِمَامٍ مُبِينٍ
Акыйкатта, Биз өлгөндөрдү тирилтебиз, алардын эмне кылгандыгын, өздөрүнүн артына эмнени калтыргандыктарын жана бардык нерселерди айкын жол башында тактап койгонбуз.
a. Лавху Махфуз – тагдыр жазылган китеп.
13 وَاضْرِبْ لَهُمْ مَثَلًا أَصْحَابَ الْقَرْيَةِ إِذْ جَاءَهَا الْمُرْسَلُونَ
Аларга Биздин элчилер келгендеги айылдын жашоочулары жөнүндөгү мисалды келтир:
a. Меккелик каапырларга, сөлөкөттөргө табынгандарга.
14 إِذْ أَرْسَلْنَا إِلَيْهِمُ اثْنَيْنِ فَكَذَّبُوهُمَا فَعَزَّزْنَا بِثَالِثٍ فَقَالُوا إِنَّا إِلَيْكُمْ مُرْسَلُونَ
Биз аларга экөөнү жөнөттүк. Аларды жалганга чыгарышты, Биз экөөн үчүнчүсү менен кубаттадык. Алар: “Акыйкатта, биз силерге (жөнөтүлгөн) элчилербиз”, – дешти.
15 قَالُوا مَا أَنْتُمْ إِلَّا بَشَرٌ مِثْلُنَا وَمَا أَنْزَلَ الرَّحْمَنُ مِنْ شَيْءٍ إِنْ أَنْتُمْ إِلَّا تَكْذِبُونَ
(Алар): “Силер бизге окшогон эле адамсыңар. Мээримдүү эч нерсе түшүргөн эмес. Силер жалган айтып жатасыңар”, – дешти.
a. Аллах.
16 قَالُوا رَبُّنَا يَعْلَمُ إِنَّا إِلَيْكُمْ لَمُرْسَلُونَ
(Элчилер) айтышты: “Биздин силерге жөнөтүлгөндүгүбүздү Эгебиз албетте билет.
17 وَمَا عَلَيْنَا إِلَّا الْبَلَاغُ الْمُبِينُ
Бизге ачык-айкын кабарларды жеткирүү гана (жүктөлгөн).”
18 قَالُوا إِنَّا تَطَيَّرْنَا بِكُمْ لَئِنْ لَمْ تَنْتَهُوا لَنَرْجُمَنَّكُمْ وَلَيَمَسَّنَّكُمْ مِنَّا عَذَابٌ أَلِيمٌ
Алар: “Биз силерден жаман жышаандарды көрүп жатабыз, эгерде тыйылбасаңар биз силерди таш бараңга алабыз, силерге бизден оорутуучу азап жетет”, – дешти.
a. Жалган кудайларга табынган каапырлар элчилердин айткандарынан өздөрүнө ылайык келбеген жаман жышаандарды көргөндөй сезишти. Башкача айтканда, эч кандай жаман жышаан эч кайдан көрүнбөсө да, алар өздөрү жамандыкка жорушуп, элчилер тууралуу жаман ойлорду ойлой башташты. b. “Эгер бизге сүйлөгөнүңөрдү, чакырууңарды токтотпосоңор”.
19 قَالُوا طَائِرُكُمْ مَعَكُمْ أَئِنْ ذُكِّرْتُمْ بَلْ أَنْتُمْ قَوْمٌ مُسْرِفُونَ
(Элчилер): “Силердин жаман жышаандарыңар өзүңөрдөн. Силерге эскертилип жатабы? Ооба, силер чектен чыккан коомсуңар”, – дешти.
20 وَجَاءَ مِنْ أَقْصَى الْمَدِينَةِ رَجُلٌ يَسْعَى قَالَ يَا قَوْمِ اتَّبِعُوا الْمُرْسَلِينَ
Шаардын четинен бир киши шашып келди да: “Эй, элим! Элчилердин артынан ээрчигиле, – деди.