1 الم
Алиф, Лам, Мим.
a. Мааниси бир Аллахка маалым.
1 الم
Алиф, Лам, Мим.
a. Мааниси бир Аллахка маалым.
2 أَحَسِبَ النَّاسُ أَنْ يُتْرَكُوا أَنْ يَقُولُوا آمَنَّا وَهُمْ لَا يُفْتَنُونَ
Адамдар: “Биз ыйман келтирдик”, – дешсе эле, сыналбай калып калабыз деп ойлошобу?
3 وَلَقَدْ فَتَنَّا الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ فَلَيَعْلَمَنَّ اللَّهُ الَّذِينَ صَدَقُوا وَلَيَعْلَمَنَّ الْكَاذِبِينَ
Биз аларга чейинки болгондорду да сынаганбыз. Албетте, Аллах чынчылдарды да, жалганчыларды да билет.
4 أَمْ حَسِبَ الَّذِينَ يَعْمَلُونَ السَّيِّئَاتِ أَنْ يَسْبِقُونَا سَاءَ مَا يَحْكُمُونَ
Же жамандык иштерди кылып жаткандар Бизден ашып кетебиз деп ойлошобу? Алар чыгарган өкүм кандай жаман.
5 مَنْ كَانَ يَرْجُو لِقَاءَ اللَّهِ فَإِنَّ أَجَلَ اللَّهِ لَآتٍ وَهُوَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ
Ким Аллах менен кезигүүнү кааласа, албетте, Аллахтын белгилеген мөөнөтү келет. Ал – Угуучу, Билүүчү.
a. Аллах менен жолугуу мөөнөтү.
6 وَمَنْ جَاهَدَ فَإِنَّمَا يُجَاهِدُ لِنَفْسِهِ إِنَّ اللَّهَ لَغَنِيٌّ عَنِ الْعَالَمِينَ
Ким күрөшүп аракеттенсе, ал өз жаны үчүн аракеттенип умтулат. Акыйкатта Аллах ааламдарга муктаж эмес.
7 وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَنُكَفِّرَنَّ عَنْهُمْ سَيِّئَاتِهِمْ وَلَنَجْزِيَنَّهُمْ أَحْسَنَ الَّذِي كَانُوا يَعْمَلُونَ
Ыйман келтиргендердин жана жакшылык иштерди кылгандардын жамандыктарын жойуп салабыз, аларга жакшылыктары үчүн жакшыраак кылып сыйлык беребиз.
a. Алардын жакшылык иштеринин натыйжасында жаман иштери таптакыр өчүрүлүп салынат (Сафат ат-Тафасир).
8 وَوَصَّيْنَا الْإِنْسَانَ بِوَالِدَيْهِ حُسْنًا وَإِنْ جَاهَدَاكَ لِتُشْرِكَ بِي مَا لَيْسَ لَكَ بِهِ عِلْمٌ فَلَا تُطِعْهُمَا إِلَيَّ مَرْجِعُكُمْ فَأُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ
Биз инсанга ата-энесине жакшылык жасоону буйрудук. Эгер ал тууралуу сенде илим жок болсо да, алар Мага шерик кошууга сени түрткүлөй башташса, анда аларга баш ийбегин. Мага кайтасыңар жана Мен силердин эмне кылганыңардан кабар берем.
a. Эгерде, инсандын ата-энеси кудайсыз, же сөлөкөттөргө табынган инсандар болсо да, аларга жакшылык кылып, камкордук көрүү керек.
9 وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَنُدْخِلَنَّهُمْ فِي الصَّالِحِينَ
Ыйман келтиргендерди жана жакшылык иш кылгандарды Биз жакшы иш жасоочулардын катарына киргизебиз.
10 وَمِنَ النَّاسِ مَنْ يَقُولُ آمَنَّا بِاللَّهِ فَإِذَا أُوذِيَ فِي اللَّهِ جَعَلَ فِتْنَةَ النَّاسِ كَعَذَابِ اللَّهِ وَلَئِنْ جَاءَ نَصْرٌ مِنْ رَبِّكَ لَيَقُولُنَّ إِنَّا كُنَّا مَعَكُمْ أَوَلَيْسَ اللَّهُ بِأَعْلَمَ بِمَا فِي صُدُورِ الْعَالَمِينَ
Адамдардын ичинде: “Биз Аллахка ишенебиз”, – дегендер бар. Качан аларга Аллахтын жолунда зыйан жетсе, адамдардын сыноосун Аллахтын жазасындай көрүшөт. А Эгеңден жеңиш келген кезде алар: “Биз силер менен болгонбуз”, – дешет. Чын эле Аллах ааламдардын көкүрөгүндө эмне бар экенин жакшы билбейби?
11 وَلَيَعْلَمَنَّ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا وَلَيَعْلَمَنَّ الْمُنَافِقِينَ
Аллах ыйман келтиргендерди да, эки жүздүүлөрдү да билет.
12 وَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لِلَّذِينَ آمَنُوا اتَّبِعُوا سَبِيلَنَا وَلْنَحْمِلْ خَطَايَاكُمْ وَمَا هُمْ بِحَامِلِينَ مِنْ خَطَايَاهُمْ مِنْ شَيْءٍ إِنَّهُمْ لَكَاذِبُونَ
Ишенбеген каапырлар ыйман келтиргендерге: “Биздин жолубуз менен баргыла. Биз силердин күнөөңөрдү өзүбүзгө алабыз”, – дешет. Алар алардын күнөөлөрүнүн эч нерсесин алышпайт. Алар жалганчылар.
13 وَلَيَحْمِلُنَّ أَثْقَالَهُمْ وَأَثْقَالًا مَعَ أَثْقَالِهِمْ وَلَيُسْأَلُنَّ يَوْمَ الْقِيَامَةِ عَمَّا كَانُوا يَفْتَرُونَ
Алар өздөрүнүн жүктөрүн (күнөөлөрүн) өздөрүнө ээрчигендердин күнөөлөрү (жүктөрү) менен бирге көтөрүшөт жана Кыйамат күнүндө өздөрүнүн эмнени ойлоп тапкандары тууралуу сурак беришет.
a. Башкаларды да туура жолдон бузук жолго үндөгөндөрү үчүн.
14 وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا نُوحًا إِلَى قَوْمِهِ فَلَبِثَ فِيهِمْ أَلْفَ سَنَةٍ إِلَّا خَمْسِينَ عَامًا فَأَخَذَهُمُ الطُّوفَانُ وَهُمْ ظَالِمُونَ
Биз Нухту анын коомуна жөнөттүк, ал алардын арасында элүүсү кем миң жыл турду. Аларды топон суу каптады. Алар адилетсиз заалымдар болушкан эле.
a. Нух пайгамбар 950 жыл элин динге чакырган.
15 فَأَنْجَيْنَاهُ وَأَصْحَابَ السَّفِينَةِ وَجَعَلْنَاهَا آيَةً لِلْعَالَمِينَ
Биз аны жана аны менен кемеде бирге жүргөндөрдү куткардык. Аны ааламдар үчүн белги кылдык.
16 وَإِبْرَاهِيمَ إِذْ قَالَ لِقَوْمِهِ اعْبُدُوا اللَّهَ وَاتَّقُوهُ ذَلِكُمْ خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ
Ибрахимди (эстегин). Ал өз элине: “Аллахка сыйынгыла жана Андан корккула! Эгер билсеңер, бул силер үчүн жакшы”, – деди.
17 إِنَّمَا تَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ أَوْثَانًا وَتَخْلُقُونَ إِفْكًا إِنَّ الَّذِينَ تَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ لَا يَمْلِكُونَ لَكُمْ رِزْقًا فَابْتَغُوا عِنْدَ اللَّهِ الرِّزْقَ وَاعْبُدُوهُ وَاشْكُرُوا لَهُ إِلَيْهِ تُرْجَعُونَ
Силер Аллахтын ордуна сөлөкөттөргө табынып, жалганчылыкты жасап жатасыңар. Акыйкатта, Аллахтын ордуна силер сыйынып жаткандар – силер үчүн ырыскы бере албайт. Ырыскыны Аллахтан гана талап кылгыла. Ага сыйынгыла жана Ага шүгүр кылгыла. Силер Ага кайтарыласыңар.
a. Сурануу,өтүнүү
18 وَإِنْ تُكَذِّبُوا فَقَدْ كَذَّبَ أُمَمٌ مِنْ قَبْلِكُمْ وَمَا عَلَى الرَّسُولِ إِلَّا الْبَلَاغُ الْمُبِينُ
Эгер силер муну жалганга чыгарсаңар, анда силерге чейинки коомдор да жалганга чыгарып келген. Элчинин милдети – айкын (кабарды) жеткирүү гана.
19 أَوَلَمْ يَرَوْا كَيْفَ يُبْدِئُ اللَّهُ الْخَلْقَ ثُمَّ يُعِيدُهُ إِنَّ ذَلِكَ عَلَى اللَّهِ يَسِيرٌ
Чын эле алар Аллах жаратууну алгач ирет баштап, андан соң аны кайталаарын көрүшпөйбү? Акыйкатта, бул Аллах үчүн жеңил.
20 قُلْ سِيرُوا فِي الْأَرْضِ فَانْظُرُوا كَيْفَ بَدَأَ الْخَلْقَ ثُمَّ اللَّهُ يُنْشِئُ النَّشْأَةَ الْآخِرَةَ إِنَّ اللَّهَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
“Жер үстүндө жүрүп, Ал алгачкы жаратууну кандайча баштагандыгын карап көргүлө. Анан Аллах акыркы жаратууну пайда кылат. Аллах бардык нерсеге кудурети жетүүчү”, – дегин.