бөлүм Анкабут - العنكبوت

41 مَثَلُ الَّذِينَ اتَّخَذُوا مِنْ دُونِ اللَّهِ أَوْلِيَاءَ كَمَثَلِ الْعَنْكَبُوتِ اتَّخَذَتْ بَيْتًا وَإِنَّ أَوْهَنَ الْبُيُوتِ لَبَيْتُ الْعَنْكَبُوتِ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ

Өздөрүнө Аллахтан башканы жакын кылып алгандардын мисалы, өзүнө үй курган жөргөмүш өңдүү. Анткени, эгер алар билишкен болсо, үйлөрдүн эң начары жөргөмүштүн үйү.

42 إِنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ مَا يَدْعُونَ مِنْ دُونِهِ مِنْ شَيْءٍ وَهُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ

Акыйкатта, Аллах Анын ордуна, Андан башканы чакырып жаткандарды билет. Ал – Ызааттуу, Даанышман.

a. Аллахтан башкага сыйынгандарды.

43 وَتِلْكَ الْأَمْثَالُ نَضْرِبُهَا لِلنَّاسِ وَمَا يَعْقِلُهَا إِلَّا الْعَالِمُونَ

Бул мисалдарды Биз адамдарга келтиребиз, бирок муну билгендер гана түшүнөт.

44 خَلَقَ اللَّهُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ بِالْحَقِّ إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَةً لِلْمُؤْمِنِينَ

Аллах асмандар менен жерди акыйкат менен жаратты. Албетте, мында момундар үчүн белги бар.

a. Аллах Тааланын кудуретине далил бар.

45 اتْلُ مَا أُوحِيَ إِلَيْكَ مِنَ الْكِتَابِ وَأَقِمِ الصَّلَاةَ إِنَّ الصَّلَاةَ تَنْهَى عَنِ الْفَحْشَاءِ وَالْمُنْكَرِ وَلَذِكْرُ اللَّهِ أَكْبَرُ وَاللَّهُ يَعْلَمُ مَا تَصْنَعُونَ

Аларга китептен сага кабар берилгендерди окуп бер да, намаз оку. Анткени намаз бузукулуктан жана күнөөдөн тыйат. Ал эми Аллахты эскерүү андан да чоң. Аллах силердин эмне кылып жатканыңарды билип турат.

a. Намазды чын ыкластан, эрежелерин толук аткарып, окуган болсо ыплас иштерден, күнөөлөрдөн алыс болот. А эгерде намаз окуп, бирок күнөөлөрдөн, бузукулуктан арылбаса, анда анын намазынын кабыл болбой жатканынын белгиси. Туурасын Аллах билет. b. Биз Аллахты эстесек, Аллах бизди эстейт (Бакара сүрөсүнүн 152-айатын караңыз). Эгерде Аллах бизди эстесе, анда толук жардамдын келгени. Анткени Аллах Таала биздин муктаждыгыбызды жакшы билет. Демек, эмнеге муктаж болсок, Аллах Таала аны токтоосуз чечип койот.

46 وَلَا تُجَادِلُوا أَهْلَ الْكِتَابِ إِلَّا بِالَّتِي هِيَ أَحْسَنُ إِلَّا الَّذِينَ ظَلَمُوا مِنْهُمْ وَقُولُوا آمَنَّا بِالَّذِي أُنْزِلَ إِلَيْنَا وَأُنْزِلَ إِلَيْكُمْ وَإِلَهُنَا وَإِلَهُكُمْ وَاحِدٌ وَنَحْنُ لَهُ مُسْلِمُونَ

Алардын заалымдарынан башка китеп ээлери менен жакшы абалда гана талашып-тартышкыла. Жана: “Биз өзүбүзгө түшүрүлгөнгө да, силерге түшүрүлгөнгө да ишенебиз. Биздин Кудай да, силердин Кудай да бир. Биз Ага мойун сунгандарданбыз”, – дегин.

a. Аллах Тааладан тилеп, айаттарды, далилдерди келтирип, жылуу-жумшак сөздөр менен.

47 وَكَذَلِكَ أَنْزَلْنَا إِلَيْكَ الْكِتَابَ فَالَّذِينَ آتَيْنَاهُمُ الْكِتَابَ يُؤْمِنُونَ بِهِ وَمِنْ هَؤُلَاءِ مَنْ يُؤْمِنُ بِهِ وَمَا يَجْحَدُ بِآيَاتِنَا إِلَّا الْكَافِرُونَ

Ушинтип Биз сага Китеп жөнөттүк. Биз Китеп ыроологондор ага ишенишет. Булардын арасынан да ага ишенгендер бар. Биздин айаттарыбыздан каапырлар гана баш тартат.

a. Иудейлер менен христиандардын ичиндеги чыныгы момундары. Алар пайгамбарлардын баарына, анын ичинде Мухаммед (а.с.)га да ишенишкен. b. Меккеликтердин арасынан.

48 وَمَا كُنْتَ تَتْلُو مِنْ قَبْلِهِ مِنْ كِتَابٍ وَلَا تَخُطُّهُ بِيَمِينِكَ إِذًا لَارْتَابَ الْمُبْطِلُونَ

Сен ага чейин эч кандай китепти окуган жоксуң жана аны өз колуң менен жазган да эмессиң. Эгер антпегенде муну болбогон нерсе деп жаткандар (катуу) шектенишмек.

a. Пайгамбарыбыз окуганды да, жазганды да билген эмес.

49 بَلْ هُوَ آيَاتٌ بَيِّنَاتٌ فِي صُدُورِ الَّذِينَ أُوتُوا الْعِلْمَ وَمَا يَجْحَدُ بِآيَاتِنَا إِلَّا الظَّالِمُونَ

Ооба, бул илим берилгендердин көкүрөгүндөгү ачык-айкын айаттар. Биздин айаттарыбызды заалымдар гана четке кагат.

50 وَقَالُوا لَوْلَا أُنْزِلَ عَلَيْهِ آيَاتٌ مِنْ رَبِّهِ قُلْ إِنَّمَا الْآيَاتُ عِنْدَ اللَّهِ وَإِنَّمَا أَنَا نَذِيرٌ مُبِينٌ

Алар: “Ага эмне Эгесинен белгилер түшүрүлбөйт” – дешет. “Акыйкатта кереметтер Аллахтын гана алдында, а мен болсо эскертүүчү ганамын”, – дегин.

a. Кереметтер.

51 أَوَلَمْ يَكْفِهِمْ أَنَّا أَنْزَلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ يُتْلَى عَلَيْهِمْ إِنَّ فِي ذَلِكَ لَرَحْمَةً وَذِكْرَى لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ

Чын эле аларга окулуп жаткан, Биз сага жөнөткөн Китеп жетишсизби? Акыйкатта мында ырайым жана ыйман келтирген коом үчүн насаат бар.

52 قُلْ كَفَى بِاللَّهِ بَيْنِي وَبَيْنَكُمْ شَهِيدًا يَعْلَمُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَالَّذِينَ آمَنُوا بِالْبَاطِلِ وَكَفَرُوا بِاللَّهِ أُولَئِكَ هُمُ الْخَاسِرُونَ

Менин жана силердин араңарда Аллах жетиштүү күбө. Ал асмандардагы жана жердегилерди билет. Ал эми жалганга ишенип, Аллахка ишенбегендер болсо, алар зыйанга учурагандар.

53 وَيَسْتَعْجِلُونَكَ بِالْعَذَابِ وَلَوْلَا أَجَلٌ مُسَمًّى لَجَاءَهُمُ الْعَذَابُ وَلَيَأْتِيَنَّهُمْ بَغْتَةً وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ

Алар сени азап келтирүүгө шаштырышат. Эгерде белгиленген мөөнөт болбогондо, анда аларга азап келер эле жана ал аларга күтүүсүздөн, алар билбеген учурда келет.

54 يَسْتَعْجِلُونَكَ بِالْعَذَابِ وَإِنَّ جَهَنَّمَ لَمُحِيطَةٌ بِالْكَافِرِينَ

Алар сени азап келтирүүгө шаштырышат. Акыйкатта, тозок каапырларды курчап алган.

a. Тозок отунда азапталышат.

55 يَوْمَ يَغْشَاهُمُ الْعَذَابُ مِنْ فَوْقِهِمْ وَمِنْ تَحْتِ أَرْجُلِهِمْ وَيَقُولُ ذُوقُوا مَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ

Азап алардын үстүнөн да, айак астыларынан да туткан кезде, Ал: “Кылганыңарды таткыла!” – деп айтат.

56 يَا عِبَادِيَ الَّذِينَ آمَنُوا إِنَّ أَرْضِي وَاسِعَةٌ فَإِيَّايَ فَاعْبُدُونِ

Эй, Менин ыймандуу пенделерим! Албетте Менин жерим кенен, Мага гана сыйынгыла!

57 كُلُّ نَفْسٍ ذَائِقَةُ الْمَوْتِ ثُمَّ إِلَيْنَا تُرْجَعُونَ

Ар бир жан өлүмдү татат. Андан соң силер Бизге кайтарыласыңар.

a. Өлбөй тирүү калган жан калбайт.

58 وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَنُبَوِّئَنَّهُمْ مِنَ الْجَنَّةِ غُرَفًا تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا نِعْمَ أَجْرُ الْعَامِلِينَ

Ыйман келтирип, жакшылык иш кылгандарды Биз алдында дарыйалар агып турган, Бейиштин бийик жайларына жайгаштырабыз, алар анда түбөлүккө калышат. Амал кылгандардын сыйлыгы кандай жакшы.

59 الَّذِينَ صَبَرُوا وَعَلَى رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ

Алар сабырдуу болушкан жана Эгесине тобокел кылышат.

a. Эгесине гана тайанышат, Андан гана жардам сурашат.

60 وَكَأَيِّنْ مِنْ دَابَّةٍ لَا تَحْمِلُ رِزْقَهَا اللَّهُ يَرْزُقُهَا وَإِيَّاكُمْ وَهُوَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ

Канчалаган айбандар өздөрүнө азыгын камдай алышпайт. Аллах аларга да, силерге да ырыскы берип жатат. Ал – Угуучу, Билүүчү.