бөлүм Анкабут - العنكبوت

61 وَلَئِنْ سَأَلْتَهُمْ مَنْ خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ وَسَخَّرَ الشَّمْسَ وَالْقَمَرَ لَيَقُولُنَّ اللَّهُ فَأَنَّى يُؤْفَكُونَ

А эгер сен алардан: “Асмандар менен жерди ким жараткан, күн менен айды ким баш ийдирген?” – деп сурасаң, алар албетте: “Аллах”, – дешет. Алар кандай алысташкан?!

a. Бул жеткен наадандык. Баарын жараткан Аллах экенин тастыкташат да, кайра ыйман келтиришпейт.

62 اللَّهُ يَبْسُطُ الرِّزْقَ لِمَنْ يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ وَيَقْدِرُ لَهُ إِنَّ اللَّهَ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ

Аллах өз пенделеринен кимди кааласа ырыскысын кеңейтет жана өлчөп берет. Акыйкатта, Аллах баарын Билүүчү.

63 وَلَئِنْ سَأَلْتَهُمْ مَنْ نَزَّلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَحْيَا بِهِ الْأَرْضَ مِنْ بَعْدِ مَوْتِهَا لَيَقُولُنَّ اللَّهُ قُلِ الْحَمْدُ لِلَّهِ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْقِلُونَ

А эгер сен алардан: “Асмандан жаан жаадырып жана аны менен жериңер өлгөндөн кийин кайра тирилткен ким?” – деп сурасаң, алар албетте: “Аллах”, – дешет. “Аллахка мактоо!” – дегин. Бирок, алардын көпчүлүгү акыл калчашпайт.

64 وَمَا هَذِهِ الْحَيَاةُ الدُّنْيَا إِلَّا لَهْوٌ وَلَعِبٌ وَإِنَّ الدَّارَ الْآخِرَةَ لَهِيَ الْحَيَوَانُ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ

Бул дүйнөдөгү жашоо ойун-күлкү гана, а акыреттеги – анык жашоо, эгер алар муну билген болсо.

65 فَإِذَا رَكِبُوا فِي الْفُلْكِ دَعَوُا اللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ فَلَمَّا نَجَّاهُمْ إِلَى الْبَرِّ إِذَا هُمْ يُشْرِكُونَ

Качан алар кемеде келе жатышканда ыймандарын тазалап, Аллахка кайрылып дуба кылышат. А качан кургакка чыкканда алар Ага шериктерди кошот.

66 لِيَكْفُرُوا بِمَا آتَيْنَاهُمْ وَلِيَتَمَتَّعُوا فَسَوْفَ يَعْلَمُونَ

Биз бергендерге ишенбөө үчүн жана алар ырахаттанып алыш үчүн ушуну жасашат. Алар жакында билишет.

a. Кылмыштарынын акыбетин

67 أَوَلَمْ يَرَوْا أَنَّا جَعَلْنَا حَرَمًا آمِنًا وَيُتَخَطَّفُ النَّاسُ مِنْ حَوْلِهِمْ أَفَبِالْبَاطِلِ يُؤْمِنُونَ وَبِنِعْمَةِ اللَّهِ يَكْفُرُونَ

Анын айланасындагы элдерге кол салып, туткундап турганда, Биз (Меккени) ыйык жана тынч жай кылганыбызды алар көрүшпөдүбү? Кантип эле алар жалганга ишенишет да, Аллахтын жакшылыгын танышат?!

a. Ал жерде (Меккеде) өлтүрүүгө, тилдөөгө тыйуу салынган. b. Сөлөкөткө.

68 وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ افْتَرَى عَلَى اللَّهِ كَذِبًا أَوْ كَذَّبَ بِالْحَقِّ لَمَّا جَاءَهُ أَلَيْسَ فِي جَهَنَّمَ مَثْوًى لِلْكَافِرِينَ

Акыйкат келген кезде Аллахка каршы жалганды жаап, же акыйкатты калпка чыгаргандан ашкан заалым барбы? Баса, каапырлардын жайы – тозок эмеспи?

69 وَالَّذِينَ جَاهَدُوا فِينَا لَنَهْدِيَنَّهُمْ سُبُلَنَا وَإِنَّ اللَّهَ لَمَعَ الْمُحْسِنِينَ

Биз үчүн умтулуп аракеттенгендерди, Биз туура жолдо алып барабыз. Акыйкатта, Аллах жакшылык кылуучулар менен бирге.