21 يُعَذِّبُ مَنْ يَشَاءُ وَيَرْحَمُ مَنْ يَشَاءُ وَإِلَيْهِ تُقْلَبُونَ
Ал кимди кааласа жазалайт, кимди кааласа ырайымдуулук кылат жана силер Ага кайтарыласыңар.
21 يُعَذِّبُ مَنْ يَشَاءُ وَيَرْحَمُ مَنْ يَشَاءُ وَإِلَيْهِ تُقْلَبُونَ
Ал кимди кааласа жазалайт, кимди кааласа ырайымдуулук кылат жана силер Ага кайтарыласыңар.
22 وَمَا أَنْتُمْ بِمُعْجِزِينَ فِي الْأَرْضِ وَلَا فِي السَّمَاءِ وَمَا لَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ مِنْ وَلِيٍّ وَلَا نَصِيرٍ
Силер асмандар менен жерде эч нерсени алсыздандыра албайсыңар жана силерге Аллахтан башка коргооочу да, жардамчы да жок.
23 وَالَّذِينَ كَفَرُوا بِآيَاتِ اللَّهِ وَلِقَائِهِ أُولَئِكَ يَئِسُوا مِنْ رَحْمَتِي وَأُولَئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ
Аллахтын айаттарына жана Аны менен кездешүүгө ишенбеген каапырлар – Менин мээримимден үмүттөрүн үзгөндөр. Алар үчүн оорутуучу азап бар.
24 فَمَا كَانَ جَوَابَ قَوْمِهِ إِلَّا أَنْ قَالُوا اقْتُلُوهُ أَوْ حَرِّقُوهُ فَأَنْجَاهُ اللَّهُ مِنَ النَّارِ إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ
Ошондо анын элинин айткан жообу: “Аны өлтүргүлө, же өрттөп ийгиле”, – гана болду. Аллах аны оттон куткарды. Акыйкатта ыймандуулар үчүн мында белгилер бар.
a. Ибрахим (а.с.)ды. b. Аллах отко салкын жана жагымдуу болууга буйруду. Ибрахим андан эч зыйансыз чыкты.
25 وَقَالَ إِنَّمَا اتَّخَذْتُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ أَوْثَانًا مَوَدَّةَ بَيْنِكُمْ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا ثُمَّ يَوْمَ الْقِيَامَةِ يَكْفُرُ بَعْضُكُمْ بِبَعْضٍ وَيَلْعَنُ بَعْضُكُمْ بَعْضًا وَمَأْوَاكُمُ النَّارُ وَمَا لَكُمْ مِنْ نَاصِرِينَ
(Ибрахим): “Силер бул дүйнө жашоосунда өз араңардагы сүйүү үчүн Аллахтан башка сөлөкөттөрдү өзүңөргө алдыңар. Андан соң Кыйамат күнүндө бириңер экинчиңерден баш тартасыңар жана бириңер экинчиңерди каргап-шилейсиңер. Силердин жайыңар тозок болот. Силерге жардамчылар жок”, – деди.
26 فَآمَنَ لَهُ لُوطٌ وَقَالَ إِنِّي مُهَاجِرٌ إِلَى رَبِّي إِنَّهُ هُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ
Аны Лут тастыктады. “Мен өзүмдүн Эгеме көчүүчүмүн, анткени Ал Ызааттуу, Даанышман”, – деди.
a. Лут Ибрахимге от эч зыйан келтирбегенин көргөндө Ибрахимди... b. Ибрахим.
27 وَوَهَبْنَا لَهُ إِسْحَاقَ وَيَعْقُوبَ وَجَعَلْنَا فِي ذُرِّيَّتِهِ النُّبُوَّةَ وَالْكِتَابَ وَآتَيْنَاهُ أَجْرَهُ فِي الدُّنْيَا وَإِنَّهُ فِي الْآخِرَةِ لَمِنَ الصَّالِحِينَ
Биз ага Исхакты жана Йакупту бердик. Анын урпактарына пайгамбарлыкты жана китепти ыроолодук. Ага бул дүйнөдө сыйлык ыйгардык, а акыретте албетте ал жакшылардан (болот).
28 وَلُوطًا إِذْ قَالَ لِقَوْمِهِ إِنَّكُمْ لَتَأْتُونَ الْفَاحِشَةَ مَا سَبَقَكُمْ بِهَا مِنْ أَحَدٍ مِنَ الْعَالَمِينَ
Лут (өз) элине: “Албетте, Силер өтө бузук иш кылып жатасыңар, мындайда ааламда эч ким силерден ашкан эмес,
29 أَئِنَّكُمْ لَتَأْتُونَ الرِّجَالَ وَتَقْطَعُونَ السَّبِيلَ وَتَأْتُونَ فِي نَادِيكُمُ الْمُنْكَرَ فَمَا كَانَ جَوَابَ قَوْمِهِ إِلَّا أَنْ قَالُوا ائْتِنَا بِعَذَابِ اللَّهِ إِنْ كُنْتَ مِنَ الصَّادِقِينَ
чын эле силер эркектерге барасыңар жана жолдорду кесесиңер, чогулуштарыңарда жаман иштерди кыласыңар. Анын элинин айткан жообу: “Эгер сен чынчылдардан болсоң, анда бизге Аллахтын азабы менен келгин”, – деген гана болду.
a. Бачабаздык кулач жайган эле. b. Келген, же ары-бери өтүп бара жаткан жолоочуларды кармап, тоноп алышып, бир топторун зордукташкан. c. Бачабаздыкты алар чогулуштарда да бири-биринен эч уйалбай эле көз-көрүнөө жасашкан.
30 قَالَ رَبِّ انْصُرْنِي عَلَى الْقَوْمِ الْمُفْسِدِينَ
Ал: “Эгем! Бузулган элге каршы мага жардам бер!” – деди.
31 وَلَمَّا جَاءَتْ رُسُلُنَا إِبْرَاهِيمَ بِالْبُشْرَى قَالُوا إِنَّا مُهْلِكُو أَهْلِ هَذِهِ الْقَرْيَةِ إِنَّ أَهْلَهَا كَانُوا ظَالِمِينَ
Биздин элчилер кубанычтуу кабар менен Ибрахимге барган кезде, алар: “Биз бул калаанын жашоочуларын жок кылабыз. Чындыгында ал калаанын ээлөөчүлөрү заалымдардан болушкан”, – дешти.
a. Лут (а.с.)дын айылы.
32 قَالَ إِنَّ فِيهَا لُوطًا قَالُوا نَحْنُ أَعْلَمُ بِمَنْ فِيهَا لَنُنَجِّيَنَّهُ وَأَهْلَهُ إِلَّا امْرَأَتَهُ كَانَتْ مِنَ الْغَابِرِينَ
Ал: “Албетте, анда Лут бар”, – деди. Алар: “Биз анда кимдер барын жакшы билебиз. Биз аны жана үй-бүлөсүн – айалынан башкаларын куткарабыз. Ал болсо анда калуучулардан”, – дешти.
a. Жебрейил (а.с.) баш болгон периштелер. b. Айалы.
33 وَلَمَّا أَنْ جَاءَتْ رُسُلُنَا لُوطًا سِيءَ بِهِمْ وَضَاقَ بِهِمْ ذَرْعًا وَقَالُوا لَا تَخَفْ وَلَا تَحْزَنْ إِنَّا مُنَجُّوكَ وَأَهْلَكَ إِلَّا امْرَأَتَكَ كَانَتْ مِنَ الْغَابِرِينَ
Биздин элчилерибиз ага келген кезде, ал алар үчүн кайгыра түштү жана аларды (айап) көкүрөгү кысылды. Алар: “Коркпо да кайгырба. Биз сени жана үй-бүлөңдү – айалыңдан башкасын куткарабыз, ал мында калуучулардан”, – дешти.
a. Анткени, периштелер келишимдүү жаш жигиттердин түспөлүндө келишкен. Лут, бузулган коом келип, аларды бузукулук ишке зордойт деп ойлоп, кайгыра баштады. b. Татынакай конокторду. c. Луттун айалы. Ал айал бузулган коомго жан тарткан.
34 إِنَّا مُنْزِلُونَ عَلَى أَهْلِ هَذِهِ الْقَرْيَةِ رِجْزًا مِنَ السَّمَاءِ بِمَا كَانُوا يَفْسُقُونَ
“Биз бул калаанын жашоочуларына бузулгандыктары үчүн асмандан азап түшүрөбүз”.
35 وَلَقَدْ تَرَكْنَا مِنْهَا آيَةً بَيِّنَةً لِقَوْمٍ يَعْقِلُونَ
Биз мындан акылы бар адамдар үчүн ачык белги калтырдык.
a. /лгү.
36 وَإِلَى مَدْيَنَ أَخَاهُمْ شُعَيْبًا فَقَالَ يَا قَوْمِ اعْبُدُوا اللَّهَ وَارْجُوا الْيَوْمَ الْآخِرَ وَلَا تَعْثَوْا فِي الْأَرْضِ مُفْسِدِينَ
Мадйандыктарга алардын тууганы Шуайпты (жөнөттүк). Ал: “Эй элим! Аллахка сыйынгыла жана Кыйамат күнүнө ишенгиле. Жер үстүндө бузукулуктарды таратпагыла”, – деди.
37 فَكَذَّبُوهُ فَأَخَذَتْهُمُ الرَّجْفَةُ فَأَصْبَحُوا فِي دَارِهِمْ جَاثِمِينَ
Алар аны жалганга чыгарышты, аларга жер титиреп, кыйроо жетти. Алар эртең менен өз үйлөрүндө кыймылсыз, бүк түшүп кала беришти.
38 وَعَادًا وَثَمُودَ وَقَدْ تَبَيَّنَ لَكُمْ مِنْ مَسَاكِنِهِمْ وَزَيَّنَ لَهُمُ الشَّيْطَانُ أَعْمَالَهُمْ فَصَدَّهُمْ عَنِ السَّبِيلِ وَكَانُوا مُسْتَبْصِرِينَ
Аад, Самуд (коомдору) да... Силерге алардын калган журттарынан ачык байкалат. Шайтан алардын иштерин кооз көргөзүп, аларды жолдон чыгарды. А алар көрүп туруучулар эле.
a. Алар көрүп тургандан кийин, жаман жолдон кайтып, туура жолго түшүүлөрү керек эле. Алар антишпеди.
39 وَقَارُونَ وَفِرْعَوْنَ وَهَامَانَ وَلَقَدْ جَاءَهُمْ مُوسَى بِالْبَيِّنَاتِ فَاسْتَكْبَرُوا فِي الْأَرْضِ وَمَا كَانُوا سَابِقِينَ
Карун, Фараон жана Хаман... Муса аларга ачык белгилер менен келди, а алар жер үстүндө менменсине бой көтөрүп жүрүштү жана алар (антип) узакка кете алышпады.
a. Баары ойрон кылынган эле.
40 فَكُلًّا أَخَذْنَا بِذَنْبِهِ فَمِنْهُمْ مَنْ أَرْسَلْنَا عَلَيْهِ حَاصِبًا وَمِنْهُمْ مَنْ أَخَذَتْهُ الصَّيْحَةُ وَمِنْهُمْ مَنْ خَسَفْنَا بِهِ الْأَرْضَ وَمِنْهُمْ مَنْ أَغْرَقْنَا وَمَا كَانَ اللَّهُ لِيَظْلِمَهُمْ وَلَكِنْ كَانُوا أَنْفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ
Алардын баарын Биз күнөөлөрү үчүн туттук. Алардын бирине бороондуу куйунду жөнөттүк, бирине кыйраткыч үн жетти, бирин жерге жуткуздук, кээ бирин чөктүрүп салдык. Аллах аларга заалымдык кылуу үчүн минткен жок, алар өздөрүнө-өздөрү зулумдук кылышты.
a. Лут (а.с.)дын эли. b. Самуд эли. c. Карун. d. Нух (а.с.)дын жана Фараон.