1 طسم
То, син, мим.
a. Мааниси бир гана Аллахка белгилүү
1 طسم
То, син, мим.
a. Мааниси бир гана Аллахка белгилүү
2 تِلْكَ آيَاتُ الْكِتَابِ الْمُبِينِ
Бул ачыктоочу Китептин айаттары.
a. Белгисиз нерселерди ачыкка чыгаруучу, ачык-айкын кылуучу, байандоочу b. Ак менен караны, адал менен арамды, жаман менен жакшыны ажыратуучу Китеп (Куран)
3 نَتْلُو عَلَيْكَ مِنْ نَبَإِ مُوسَى وَفِرْعَوْنَ بِالْحَقِّ لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ
(Эй, Мухаммед!) сага Муса менен Фараондун байанын ишенүүчү эл үчүн жакшылап окуп беребиз.
4 إِنَّ فِرْعَوْنَ عَلَا فِي الْأَرْضِ وَجَعَلَ أَهْلَهَا شِيَعًا يَسْتَضْعِفُ طَائِفَةً مِنْهُمْ يُذَبِّحُ أَبْنَاءَهُمْ وَيَسْتَحْيِي نِسَاءَهُمْ إِنَّهُ كَانَ مِنَ الْمُفْسِدِينَ
Чындыгында, Фараон жер бетинде үстөмдүк кылып, элин топторго бөлдү. Алардын бир тобун эзип, уул балдарын мууздап, айалдарын тирүү калтырчу. Анткени ал бузукулардан болчу.
5 وَنُرِيدُ أَنْ نَمُنَّ عَلَى الَّذِينَ اسْتُضْعِفُوا فِي الْأَرْضِ وَنَجْعَلَهُمْ أَئِمَّةً وَنَجْعَلَهُمُ الْوَارِثِينَ
(Биз) ал жердеги эзилгендерге камкордук кылууну, аларды жол башчы кылып, өздөрүн мураскор кылууну каалайбыз:
a. эзилгендерди b. Фараондун байлыгына
6 وَنُمَكِّنَ لَهُمْ فِي الْأَرْضِ وَنُرِيَ فِرْعَوْنَ وَهَامَانَ وَجُنُودَهُمَا مِنْهُمْ مَا كَانُوا يَحْذَرُونَ
Аларды жерге (Мисирге) отурукташтырууну; Фараонго, Хаманга жана ал экөөсүнүн аскерлерине өздөрүнүн корккон нерселерин көрсөтүүнү кааладык.
7 وَأَوْحَيْنَا إِلَى أُمِّ مُوسَى أَنْ أَرْضِعِيهِ فَإِذَا خِفْتِ عَلَيْهِ فَأَلْقِيهِ فِي الْيَمِّ وَلَا تَخَافِي وَلَا تَحْزَنِي إِنَّا رَادُّوهُ إِلَيْكِ وَجَاعِلُوهُ مِنَ الْمُرْسَلِينَ
Мусанын апасына: “Аны эмиз да, ага бир нерсе болот деп корксоң, анда аны дарыйага салып жибер. Коркпогун да, кайгырбагын. Чындыгында аны сага кайтарып, пайгамбарлардан кылабыз” деп айан бердик.
a. Муса (а.с.) жаңы төрөлгөн саатта b. Фараондун буйругу бойунча ар бир жаңы төрөлгөн жөөт наристелер өлтүрүлүүүгө тийиш болгон.
8 فَالْتَقَطَهُ آلُ فِرْعَوْنَ لِيَكُونَ لَهُمْ عَدُوًّا وَحَزَنًا إِنَّ فِرْعَوْنَ وَهَامَانَ وَجُنُودَهُمَا كَانُوا خَاطِئِينَ
Ошондо Фараондун үй-бүлөсү өздөрүн кайгыртып душман боло турган баланы таап алышты. Акыйкатта, Фараон менен Хаман жана алардын аскерлери (оор) күнөөгө батышкан.
a. Наристе Мусаны (а.с.)
9 وَقَالَتِ امْرَأَتُ فِرْعَوْنَ قُرَّتُ عَيْنٍ لِي وَلَكَ لَا تَقْتُلُوهُ عَسَى أَنْ يَنْفَعَنَا أَوْ نَتَّخِذَهُ وَلَدًا وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ
Фараондун айалы: “Менин да, сенин да көзүңдү кубанычка бөлөсүн. (Ошондуктан) аны өлтүрбөгүлө. Балким бизге пайдасы тийээр, болбосо бала кылып алаарбыз”,–деди. А алар сезишкен жок.
a. Фараонду айтып жатат b. Бул бала келечекте пайгамбар болуп Фараонго каршы күрөшөрүн жана акыры Аллахтын буйругу менен ал бардык аскерлери менен кошо Кызылдеңизге чөгүп өлүшүнө себеп болоорун
10 وَأَصْبَحَ فُؤَادُ أُمِّ مُوسَى فَارِغًا إِنْ كَادَتْ لَتُبْدِي بِهِ لَوْلَا أَنْ رَبَطْنَا عَلَى قَلْبِهَا لِتَكُونَ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ
Мусанын апасы пайдасыз санаага батып, таң атырды. Эгер анын жүрөгүн (Аллахка) ишенүүчүлөрдөн кылып бекемдебеген болсок, анда аны билдирип коймок.
a. Фарарондүн үй бүлөсү дарыйадан таап алган наристе, алар жек көргөн душманы экенин
11 وَقَالَتْ لِأُخْتِهِ قُصِّيهِ فَبَصُرَتْ بِهِ عَنْ جُنُبٍ وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ
Апасы Мусанын тайэжесине: “Анын (Мусанын) артынан барчы”, –деди. Ал алар байкабаган жактан акмалап жүрүп олтурду.
a. Фараондор
12 وَحَرَّمْنَا عَلَيْهِ الْمَرَاضِعَ مِنْ قَبْلُ فَقَالَتْ هَلْ أَدُلُّكُمْ عَلَى أَهْلِ بَيْتٍ يَكْفُلُونَهُ لَكُمْ وَهُمْ لَهُ نَاصِحُونَ
Мурда ага эмизүүчүлөрдү тыйуу салып койгон элек. Ошондо анын эжеси: “Аны силер үчүн багып бере турган, ага камкор бир үйдү көрсөтөйүнбү?”, – деди.
a. Муса төрөлгөндө эле башка айалдарды эмбей турган кылып койгон болчубуз. Ошондуктан ал өз апасынан башка эч бир айалдын эмчегин эмбей ыйлай берди. b. Муса (а.с.) дын c. Ал баарын байкап, билип тургандыктан, Фараондун айалына:
13 فَرَدَدْنَاهُ إِلَى أُمِّهِ كَيْ تَقَرَّ عَيْنُهَا وَلَا تَحْزَنَ وَلِتَعْلَمَ أَنَّ وَعْدَ اللَّهِ حَقٌّ وَلَكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ
Ошентип Аллахтын убадасы акыйкат экенин билүүсү үчүн аны апасынын көзүн кубантып, кайгыртпай турган кылып (кайра) кайтардык. Бирок алардын көбү билишпейт.
14 وَلَمَّا بَلَغَ أَشُدَّهُ وَاسْتَوَى آتَيْنَاهُ حُكْمًا وَعِلْمًا وَكَذَلِكَ نَجْزِي الْمُحْسِنِينَ
(Муса) эрезеге жетип, теңелген кезде ага даанышмандык жана илим бердик. Жакшылык кылуучуларды ушинтип сыйлыкка бөлөйбүз.
a. Акыл-эс жагынан, өздөрүн акылдуу санаган Фараонго жанан анын төбөлдөрүнө
15 وَدَخَلَ الْمَدِينَةَ عَلَى حِينِ غَفْلَةٍ مِنْ أَهْلِهَا فَوَجَدَ فِيهَا رَجُلَيْنِ يَقْتَتِلَانِ هَذَا مِنْ شِيعَتِهِ وَهَذَا مِنْ عَدُوِّهِ فَاسْتَغَاثَهُ الَّذِي مِنْ شِيعَتِهِ عَلَى الَّذِي مِنْ عَدُوِّهِ فَوَكَزَهُ مُوسَى فَقَضَى عَلَيْهِ قَالَ هَذَا مِنْ عَمَلِ الشَّيْطَانِ إِنَّهُ عَدُوٌّ مُضِلٌّ مُبِينٌ
(Муса) эл капарсыз жаткан убакта шаарга кирди да, анда мушташып жаткан эки адамды көрдү. (Алардын) бири өз тобунан, бири душман тараптан эле. Ошондо өз тобунан болгону душманына каршы Мусадан жардам сурады. Ошондо Муса аны муш менен урганда, ага өлүм келди. (Муса): “Бул – шайтандын иши. Анткени ал даана адаштыруучу душман” (деди).
a. Исраил урпактарынан b. кыптийлерден
16 قَالَ رَبِّ إِنِّي ظَلَمْتُ نَفْسِي فَاغْفِرْ لِي فَغَفَرَ لَهُ إِنَّهُ هُوَ الْغَفُورُ الرَّحِيمُ
Оо, Эгем! Чындыгында, мен өзүмө (күтүүсүздөн) жамандык кылып алдым. Мени кечире көр!”, – деди. Ошондуктан, Аллах аны кечирди. Анткени, Ал – Кечиримдүү, Ырайымдуу!
17 قَالَ رَبِّ بِمَا أَنْعَمْتَ عَلَيَّ فَلَنْ أَكُونَ ظَهِيرًا لِلْمُجْرِمِينَ
(Муса): “Оо Эгем! Мага берген ырыскыңа ант! Эми күнөөкөрлөргө жардам бербеймин”, – деди.
18 فَأَصْبَحَ فِي الْمَدِينَةِ خَائِفًا يَتَرَقَّبُ فَإِذَا الَّذِي اسْتَنْصَرَهُ بِالْأَمْسِ يَسْتَصْرِخُهُ قَالَ لَهُ مُوسَى إِنَّكَ لَغَوِيٌّ مُبِينٌ
(Ошол түнү Муса) шаарда коркуп, алаңдап таң атырды. Ал эми кечээки андан жардам сураган неме дагы жалбарып (жардам сурап) жатат. Муса ага: “Сен чындап адашкан неме экенсиң”,–деди.
a. Мусадан (а.с.) b. Дагы мушташып, жардам сурап жатат
19 فَلَمَّا أَنْ أَرَادَ أَنْ يَبْطِشَ بِالَّذِي هُوَ عَدُوٌّ لَهُمَا قَالَ يَا مُوسَى أَتُرِيدُ أَنْ تَقْتُلَنِي كَمَا قَتَلْتَ نَفْسًا بِالْأَمْسِ إِنْ تُرِيدُ إِلَّا أَنْ تَكُونَ جَبَّارًا فِي الْأَرْضِ وَمَا تُرِيدُ أَنْ تَكُونَ مِنَ الْمُصْلِحِينَ
Ошондо (Муса) экөөнүн тең душманын чапчыгысы келген кезде ага: “Эй, Муса! Кечээ бир адамды өлтүргөндөй, бүгүн мени өлтүрөсүңбү? Сен бул жерде тынчтыкты каалоочулардан болбой, зомбулардан болууну каалайсыңбы?”,–деди.
a. кыптийди
20 وَجَاءَ رَجُلٌ مِنْ أَقْصَى الْمَدِينَةِ يَسْعَى قَالَ يَا مُوسَى إِنَّ الْمَلَأَ يَأْتَمِرُونَ بِكَ لِيَقْتُلُوكَ فَاخْرُجْ إِنِّي لَكَ مِنَ النَّاصِحِينَ
Шаардын четинен бир киши чуркап келип: “Эй, Муса! Төбөлдөр сени өлтүрүү тууралуу кеңешип жатышат. Дароо (шаардан) чыгып кет! Чындыгында, мен сага насаат айтуучуларданмын”,–деди.