бөлүм Касас - القصص

61 أَفَمَنْ وَعَدْنَاهُ وَعْدًا حَسَنًا فَهُوَ لَاقِيهِ كَمَنْ مَتَّعْنَاهُ مَتَاعَ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا ثُمَّ هُوَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ مِنَ الْمُحْضَرِينَ

Ал эми Аны менен жолугуусу убада кылынган адам – Биз бул дүйнө тиричилигинде пайдаландырып, анан өзү Кыйамат күнү жазага кабылуучулардан болгон адамга кантип эле окшош болсун?

a. Аллах Таала b. Бейиште c. Момун мусулман d. Өзүн турмуштук кемчиликтерден арылтып, жанын, напсисин жыргатып e. каапырга

62 وَيَوْمَ يُنَادِيهِمْ فَيَقُولُ أَيْنَ شُرَكَائِيَ الَّذِينَ كُنْتُمْ تَزْعُمُونَ

Аллах ал күнү аларга: “Силердин Мага кошкон шериктериңер кайда?” – деп сурайт.

63 قَالَ الَّذِينَ حَقَّ عَلَيْهِمُ الْقَوْلُ رَبَّنَا هَؤُلَاءِ الَّذِينَ أَغْوَيْنَا أَغْوَيْنَاهُمْ كَمَا غَوَيْنَا تَبَرَّأْنَا إِلَيْكَ مَا كَانُوا إِيَّانَا يَعْبُدُونَ

Өздөрүнө сөз берилгендер: “Оо, Эгебиз! Булар – биз адаштыргандар. Аларды өзүбүз адашкандай адаштырдык. Алардан качып, Сага келдик. Алар чындыгында бизге деле сыйынышчу эмес”,– дешет.

a. Тозокко кирүүгө татыктуу болгондор b. Аллах Таалага

64 وَقِيلَ ادْعُوا شُرَكَاءَكُمْ فَدَعَوْهُمْ فَلَمْ يَسْتَجِيبُوا لَهُمْ وَرَأَوُا الْعَذَابَ لَوْ أَنَّهُمْ كَانُوا يَهْتَدُونَ

Ал аларга: “(Мага) кошкон шериктериңерди чакыргыла!”,–дейт. Ошондо алар чакырышат. Чакыргандары жооп бербейт. Ошентип, алар Тозокту көрүшөт. Алар туура жолдо жүргөн болсочу... (Тозоктон кутулушаар эле)!

a. Аллахка кошкон шериктерин b. Анткени, алар жансыз сөлөкөттөр... c. Ислам динин тутунуп, момун болуп...

65 وَيَوْمَ يُنَادِيهِمْ فَيَقُولُ مَاذَا أَجَبْتُمُ الْمُرْسَلِينَ

Аллах ал күнү аларга: “Элчилерибизге кандай жооп бердиңер?!” – дейт.

a. Алардын Аллахтын динине чакыруусуна

66 فَعَمِيَتْ عَلَيْهِمُ الْأَنْبَاءُ يَوْمَئِذٍ فَهُمْ لَا يَتَسَاءَلُونَ

Ал күнү аларга кабарлар да берилбейт, өз ара да сүйлөшүшпөйт.

67 فَأَمَّا مَنْ تَابَ وَآمَنَ وَعَمِلَ صَالِحًا فَعَسَى أَنْ يَكُونَ مِنَ الْمُفْلِحِينَ

Ал эми ким тообо кылып, ыйман келтирип, жакшы иштерди жасаган болсо, анда алардын (Тозоктон) кутулуучулардан болушу күтүлөт.

68 وَرَبُّكَ يَخْلُقُ مَا يَشَاءُ وَيَخْتَارُ مَا كَانَ لَهُمُ الْخِيَرَةُ سُبْحَانَ اللَّهِ وَتَعَالَى عَمَّا يُشْرِكُونَ

Эгең Өзү каалаганын жаратат да, (Өзү) каалаганын (Бейиш үчүн) тандап алат. Аларда болсо тандоо ыктыйары жок. Аллах – алар кошкон шериктерден Аруу да, Бийик да!

a. мушрик адамдарда

69 وَرَبُّكَ يَعْلَمُ مَا تُكِنُّ صُدُورُهُمْ وَمَا يُعْلِنُونَ

Эгең алардын көөдөндөрүндө жашырган нерселерин да, көрүнөө жасаган нерселерин да билет!

70 وَهُوَ اللَّهُ لَا إِلَهَ إِلَّا هُوَ لَهُ الْحَمْدُ فِي الْأُولَى وَالْآخِرَةِ وَلَهُ الْحُكْمُ وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ

Ал – Аллах. Андан башка Кудай жок. Оболкуда да, акыретте да бардык мактоолор Ага! Өкүм чыгаруу – Ага гана таандык. Ага кайтарыласыңар.

71 قُلْ أَرَأَيْتُمْ إِنْ جَعَلَ اللَّهُ عَلَيْكُمُ اللَّيْلَ سَرْمَدًا إِلَى يَوْمِ الْقِيَامَةِ مَنْ إِلَهٌ غَيْرُ اللَّهِ يَأْتِيكُمْ بِضِيَاءٍ أَفَلَا تَسْمَعُونَ

Аларга: “Көрдүңөрбү: Эгер Аллах силерге Кыйамат күнүнө чейин түбөлүктүү караңгылык кылып койсо, аны жарык кылып берээр кудайыңар ким? Укпайсыңарбы?”,–деп айт.

a. Пайгамбардын сөзүнө дыкат көңүл бур. Ошондо балким акылыңардын көзү ачылмак... b. Аллах Таала сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммедге (а.с.) айтып жатат

72 قُلْ أَرَأَيْتُمْ إِنْ جَعَلَ اللَّهُ عَلَيْكُمُ النَّهَارَ سَرْمَدًا إِلَى يَوْمِ الْقِيَامَةِ مَنْ إِلَهٌ غَيْرُ اللَّهِ يَأْتِيكُمْ بِلَيْلٍ تَسْكُنُونَ فِيهِ أَفَلَا تُبْصِرُونَ

“Көрдүңөрбү: Эгер Аллах силерге Кыйамат Күнүнө чейин түбөлүктүү күндүз кылып койсо, Аллахтан башка силерге дем алдыруучу түндү жарата турган кудайыңар кайсы? Көз жүгүртөйсүңөрбү?”, –деп айт.

a. Аллах Таала жаратып, силерге кызмат кылдырып койгон айланаңардагы сансыз белгилерге

73 وَمِنْ رَحْمَتِهِ جَعَلَ لَكُمُ اللَّيْلَ وَالنَّهَارَ لِتَسْكُنُوا فِيهِ وَلِتَبْتَغُوا مِنْ فَضْلِهِ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ

Аллах силерге Өз ырайымы менен түндү тыныгышыңар, ал эми күндүздү Анын жакшылыгын издешиңер үчүн жараткан. Албетте, (Аллахка) шүгүр кылаарсыңар.

a. ырыскыларын

74 وَيَوْمَ يُنَادِيهِمْ فَيَقُولُ أَيْنَ شُرَكَائِيَ الَّذِينَ كُنْتُمْ تَزْعُمُونَ

Ошол күнү (Аллах) аларга: “Менин шеригим деп ойлогонуңар кайда?”,–деп айтат.

75 وَنَزَعْنَا مِنْ كُلِّ أُمَّةٍ شَهِيدًا فَقُلْنَا هَاتُوا بُرْهَانَكُمْ فَعَلِمُوا أَنَّ الْحَقَّ لِلَّهِ وَضَلَّ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَفْتَرُونَ

Ал күнү ар бир коомдон бирден күбө (ортого) чыгарылып: “Далилдериңерди көрсөткүлө!”,– дейбиз. Ошондо, алар чыныгы Акыйкат Аллахка таандык экенин билишет да, алардын ойдон чыгарган нерселери жок болот.

a. Кудайлары, сөлөкөттөр...

76 إِنَّ قَارُونَ كَانَ مِنْ قَوْمِ مُوسَى فَبَغَى عَلَيْهِمْ وَآتَيْنَاهُ مِنَ الْكُنُوزِ مَا إِنَّ مَفَاتِحَهُ لَتَنُوءُ بِالْعُصْبَةِ أُولِي الْقُوَّةِ إِذْ قَالَ لَهُ قَوْمُهُ لَا تَفْرَحْ إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ الْفَرِحِينَ

Чындыгында, Карун Мусанын элинен болчу, бирок аларга каршы чыкты. Ага ачкычтарын күчтүү бир топ араң көтөрүп жүрө турган казыналарды берген элек. Ошондо ага анын эли: “Кубанба! Чындыгында, Аллах көпкөндөрдү жакшы көрбөйт!”,–деди.

a. Карунга

77 وَابْتَغِ فِيمَا آتَاكَ اللَّهُ الدَّارَ الْآخِرَةَ وَلَا تَنْسَ نَصِيبَكَ مِنَ الدُّنْيَا وَأَحْسِنْ كَمَا أَحْسَنَ اللَّهُ إِلَيْكَ وَلَا تَبْغِ الْفَسَادَ فِي الْأَرْضِ إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ الْمُفْسِدِينَ

“Аллахтын сага берген дөөлөтү аркылуу акырет конушуна жетүүгө умтул да, бул дүйнөдөгү ырыскыны да унутпа. Аллах сага жакшылык кылгандай, сен да жакшылык кыл. Жер бетинде бузукулук кылууну көздөбө. Аллах бузукуларды сүйбөйт.

a. Бул дүйнө ырыскыларында да акың бар экенин унутпай, керегинче, ысырап кылбай пайдалан

78 قَالَ إِنَّمَا أُوتِيتُهُ عَلَى عِلْمٍ عِنْدِي أَوَلَمْ يَعْلَمْ أَنَّ اللَّهَ قَدْ أَهْلَكَ مِنْ قَبْلِهِ مِنَ الْقُرُونِ مَنْ هُوَ أَشَدُّ مِنْهُ قُوَّةً وَأَكْثَرُ جَمْعًا وَلَا يُسْأَلُ عَنْ ذُنُوبِهِمُ الْمُجْرِمُونَ

(Карун): “Чындыгында, муну (байлыктарды) мен өз илим-билимим менен таптым”,– деди. Чындыгында, Аллах андан мурун, андан да күчтүү, андан да бай коомдорду кыйратканын билбедиби? Күнөөкөрлөр күнөөлөрү тууралуу суралбайт.

a. Кантип байуунун жолун мен мыкты билемин. Анткени мен акылдуумун. Акылдуулар гана бай болот...” b. Көзүн май баскан Карун... c. Карундан d. Алардын текеберлигинен, көпкөндүгүнөн, өз Жаратуучуларын тоотпой калгандыгынан... e. Алардын бардык күнөөлөрү алардын амал-китептеринде жазылуу, Ошондуктан суралбастан эле дароо Тозокко ыргытылат

79 فَخَرَجَ عَلَى قَوْمِهِ فِي زِينَتِهِ قَالَ الَّذِينَ يُرِيدُونَ الْحَيَاةَ الدُّنْيَا يَا لَيْتَ لَنَا مِثْلَ مَا أُوتِيَ قَارُونُ إِنَّهُ لَذُو حَظٍّ عَظِيمٍ

Ал (Карун) коомунун алдына шаңдуу салтанат менен чыккан кезде, бул дүйнө жашоосун сүйгөндөр: “Аттиң! Бизде да Карунга берилгендей (байлык) болсо, анткени, Ал зор үлүштүн ээси!”,–дешти.

a. Суктанышты, көз артышты...

80 وَقَالَ الَّذِينَ أُوتُوا الْعِلْمَ وَيْلَكُمْ ثَوَابُ اللَّهِ خَيْرٌ لِمَنْ آمَنَ وَعَمِلَ صَالِحًا وَلَا يُلَقَّاهَا إِلَّا الصَّابِرُونَ

Өздөрүнө (Аллахтан) илим-билим берилгендер: “Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандардын Аллах берүүчү сыйлыгы мындан да мыкты! Ал эми ага сабырдуулар гана жетет!” –дешти.