41 وَجَعَلْنَاهُمْ أَئِمَّةً يَدْعُونَ إِلَى النَّارِ وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ لَا يُنْصَرُونَ
Аларды Тозокко чакыра турган жолбашчы кылып койдук. Ошондой эле кыйамат күнү алар жардам көрүшпөйт.
a. Каапырларды b. Аларды ээрчигендер Тозокко түшөт
41 وَجَعَلْنَاهُمْ أَئِمَّةً يَدْعُونَ إِلَى النَّارِ وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ لَا يُنْصَرُونَ
Аларды Тозокко чакыра турган жолбашчы кылып койдук. Ошондой эле кыйамат күнү алар жардам көрүшпөйт.
a. Каапырларды b. Аларды ээрчигендер Тозокко түшөт
42 وَأَتْبَعْنَاهُمْ فِي هَذِهِ الدُّنْيَا لَعْنَةً وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ هُمْ مِنَ الْمَقْبُوحِينَ
Алардын артынан бул дүйнөдө да каргыш ээрчитип койдук. Андан сырткары, кыйамат күнү да көрүнүксүздөрдөн болушат.
a. Жек көрүлгөндөрдөн
43 وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى الْكِتَابَ مِنْ بَعْدِ مَا أَهْلَكْنَا الْقُرُونَ الْأُولَى بَصَائِرَ لِلنَّاسِ وَهُدًى وَرَحْمَةً لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ
Чындыгында, оболку муундарды жок кылгандан кийин, адамдар Мусага түшүнүшү үчүн Китепти көрүнөө далилдер жана тууралык менен, ырайым түрүндө бердик.
a. Нух (а.с), эли, Аад, Самуд элдери, ж. б.у.с. b. Тооратты
44 وَمَا كُنْتَ بِجَانِبِ الْغَرْبِيِّ إِذْ قَضَيْنَا إِلَى مُوسَى الْأَمْرَ وَمَا كُنْتَ مِنَ الشَّاهِدِينَ
Биз Мусага буйрук берген кезде сен Батыш тарапта эмес элең. Ошондуктан көрүп тургандардан эмессиң.
a. Аллах Таала сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммедге (а.с.) айтып жатат b. Анткени, сени алардан кийин бул дүйнөгө алып келдик
45 وَلَكِنَّا أَنْشَأْنَا قُرُونًا فَتَطَاوَلَ عَلَيْهِمُ الْعُمُرُ وَمَا كُنْتَ ثَاوِيًا فِي أَهْلِ مَدْيَنَ تَتْلُو عَلَيْهِمْ آيَاتِنَا وَلَكِنَّا كُنَّا مُرْسِلِينَ
Канчалаган муундарды (элди) жараттык. Аларга узун өмүрлөр берилди. (Сен) айаттарыбызды окуп берүү үчүн Мадйан элинин ичинде да болгон эмессиң. Бирок (ал кабарларды) сага жөнөтүүчү үүчү – Бизбиз.
a. Аллах тараптан b. Аллах Таала сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммедге (а.с.) айтып жатат c. Будда динине сыйынгандай, чаташып айтып жүрүшкөндөй, Аллах бир эле рухтан кайра-кайра пайгамбар жарата бербейт. Ар бир пайгамбар бир гана жолу жаратылат жана жер бетинде бир гана жолу өмүр кечирип, бир гана жолу өлөт. Буддизм дининдеги жандардын, рухтардын улам бир денеден экинчи денеге көчүп жүрүүсү тууралуу илим жалган илим. (Иса (а.с.) гана пайгамбарлардан жерге эки жолу келүүсү аркылуу бир аз айырмаланып турат, бирок ал өлтүрүлбөй тирүү бойдон Аллахтын алдына чыгарылып кеткен үчүн жерге кайра түшүрүлөт. Ал Куранда эскертилгендей өлүм даамын тата элек…) Ошол үчүн Аллах Таала Мухаммед (а.с.)га өзүнөн мурдагы бир да пайгамбардын тагдыры тууралуу эч нерсе билбесин, алардын арасында болбогондугун ушундай касиеттүү сөздөр аркылуу туйунтууда
46 وَمَا كُنْتَ بِجَانِبِ الطُّورِ إِذْ نَادَيْنَا وَلَكِنْ رَحْمَةً مِنْ رَبِّكَ لِتُنْذِرَ قَوْمًا مَا أَتَاهُمْ مِنْ نَذِيرٍ مِنْ قَبْلِكَ لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ
Биз Мусага сүйлөгөн кезде Тур жакта эмес элең. Бирок, сага ырайым түрүндө сенден мурун өздөрүнө эскертүүчү (пайгамбар) келбеген элди эскертүү үчүн жиберилдиң. Мүмкүн, алар түшүнүшөөр.
a. Тозок жана Бейиш тууралуу
47 وَلَوْلَا أَنْ تُصِيبَهُمْ مُصِيبَةٌ بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيهِمْ فَيَقُولُوا رَبَّنَا لَوْلَا أَرْسَلْتَ إِلَيْنَا رَسُولًا فَنَتَّبِعَ آيَاتِكَ وَنَكُونَ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ
Эгер аларга өз колдору менен жасагандарынын айынан бир балээ келе турган болсо, анда алар: “Оо, Эгебиз! Эмне үчүн бизге бир пайгамбар жибербедиң? Ошондо айаттарыңа мойун сунуп, момун болоор элек”, – деп айтышат.
48 فَلَمَّا جَاءَهُمُ الْحَقُّ مِنْ عِنْدِنَا قَالُوا لَوْلَا أُوتِيَ مِثْلَ مَا أُوتِيَ مُوسَى أَوَلَمْ يَكْفُرُوا بِمَا أُوتِيَ مُوسَى مِنْ قَبْلُ قَالُوا سِحْرَانِ تَظَاهَرَا وَقَالُوا إِنَّا بِكُلٍّ كَافِرُونَ
Ал эми аларга Өз алдыбыздан Акыйкат келген кезде, алар: “Мусага берилген нерсе (кереметтер) эмне үчүн буга берилген жок?”,–дешти. Алар мурда Мусага берилгенге да каршы чыгышкан эмес беле? (Муса менен Харунду) “Бири-бирине жардамдашкан сыйкырчылар”, – дешип: “Биз экөөсүнө тең каршыбыз”,– дешкен.
a. Куран b. Мухаммедге (а.с.) c. Тооратка d. Тооратка да, Куранга да
49 قُلْ فَأْتُوا بِكِتَابٍ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ هُوَ أَهْدَى مِنْهُمَا أَتَّبِعْهُ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
“Эгер чын айтуучулардан болсоңор, Аллах тараптан ал экөөсүнөн туурараак бир китеп алып келгиле, ошондо мен аны ээрчиймин”,– деп айт.
a. Торат менен Курандан
50 فَإِنْ لَمْ يَسْتَجِيبُوا لَكَ فَاعْلَمْ أَنَّمَا يَتَّبِعُونَ أَهْوَاءَهُمْ وَمَنْ أَضَلُّ مِمَّنِ اتَّبَعَ هَوَاهُ بِغَيْرِ هُدًى مِنَ اللَّهِ إِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ
Ошондо да сага жооп бербесе, анда чындыгында, алардын өз каалоолору сүйрөгөн жакка кетти деп биле бер. Аллахтын көрсөтмөсүн ээрчибестен, өз каалоолору оогон жакка ээрчигендерден да адашкан адам барбы? Албетте, Аллах заалым элди туура жолго салбайт.
51 وَلَقَدْ وَصَّلْنَا لَهُمُ الْقَوْلَ لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ
Акыйкатта, аларды эскертүү үчүн сөзүбүздү улаштырып айттык.
a. Курандын айаттарын
52 الَّذِينَ آتَيْنَاهُمُ الْكِتَابَ مِنْ قَبْلِهِ هُمْ بِهِ يُؤْمِنُونَ
Мурун өздөрүнө китеп берилгендер ага ишенишет.
a. Куранга
53 وَإِذَا يُتْلَى عَلَيْهِمْ قَالُوا آمَنَّا بِهِ إِنَّهُ الْحَقُّ مِنْ رَبِّنَا إِنَّا كُنَّا مِنْ قَبْلِهِ مُسْلِمِينَ
Аларга окулганда: “Биз буга ишендик. Чындыгында, ал Эгебиз тараптан түшүрүлгөн Акыйкат Сөз. Ырасында, мурда эле мойун сунган элек”,– дешти.
a. Куран b. Бул айат иудейлерден жана христиандардан мусулман динин кабыл алгандар тууралуу
54 أُولَئِكَ يُؤْتَوْنَ أَجْرَهُمْ مَرَّتَيْنِ بِمَا صَبَرُوا وَيَدْرَءُونَ بِالْحَسَنَةِ السَّيِّئَةَ وَمِمَّا رَزَقْنَاهُمْ يُنْفِقُونَ
Мына ошолорго сабыр кылгандыгы себептүү сыйлыктары эки эсе кылып берилет. Ошондой эле алар жамандыкты жакшылык менен жойуп, өздөрүнө берген ырыскыларыбыздан тийиштүү жерлерге жумшашат.
a. Өз коомунун кысым-кугунтуктарына ж.б. b. Бейиштен c. Эгер кокус бир жамандык кылып койушса, артынан дароо жакшылык кылышып, күнөөлөрдөн тазаланышат d. Садака, зекет, үшүр сыйактуу шарийат буйруган жактарга
55 وَإِذَا سَمِعُوا اللَّغْوَ أَعْرَضُوا عَنْهُ وَقَالُوا لَنَا أَعْمَالُنَا وَلَكُمْ أَعْمَالُكُمْ سَلَامٌ عَلَيْكُمْ لَا نَبْتَغِي الْجَاهِلِينَ
Алар пайдасыз сөздөрдү уккан кезде, андан жүз үйрүшүп: “Биздин жасаганыбыз өзүбүзгө, силердин кылганыңар – өзүңөргө таандык. Аман эле болгула!. (Силердей) наадандарды (дос кылууну) каалабайбыз”,–дешет.
a. Кыйаматка чейин өз билгениңерди кыла бергиле
56 إِنَّكَ لَا تَهْدِي مَنْ أَحْبَبْتَ وَلَكِنَّ اللَّهَ يَهْدِي مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ أَعْلَمُ بِالْمُهْتَدِينَ
Чындыгында, жакшы көргөндөрүңдү эле туура жолго сала албайсың. Бирок, Аллах кимди кааласа, аны туура жолго салат. Анткени, Ал –туура жолду таба тургандарды жакшы билет.
a. Бул айат сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (а.с.)дын атасынын бир тууганы Абу Талиптин ислам динин кабыл албай койгону тууралуу
57 وَقَالُوا إِنْ نَتَّبِعِ الْهُدَى مَعَكَ نُتَخَطَّفْ مِنْ أَرْضِنَا أَوَلَمْ نُمَكِّنْ لَهُمْ حَرَمًا آمِنًا يُجْبَى إِلَيْهِ ثَمَرَاتُ كُلِّ شَيْءٍ رِزْقًا مِنْ لَدُنَّا وَلَكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ
(Курайш тобу): “Эгер сени менен бирге туура жолго түшсөк, жерибизден куулуп кетебиз”,–дешти. Аларды Өз алдыбыздан өсүмдүктөрү ырыскы түрүндө өсүп чыга турган ары кастарлуу, ары бейпил жерге (Меккеге) Биз жайгаштырбадык беле? Бирок, алардын көпчүлүгү түшүнбөйт.
a. Буйругубуз менен
58 وَكَمْ أَهْلَكْنَا مِنْ قَرْيَةٍ بَطِرَتْ مَعِيشَتَهَا فَتِلْكَ مَسَاكِنُهُمْ لَمْ تُسْكَنْ مِنْ بَعْدِهِمْ إِلَّا قَلِيلًا وَكُنَّا نَحْنُ الْوَارِثِينَ
Турмушуна мактанган канчалаган калааларды жок кылдык. Мына, алардан кийин конуштарында аз гана адам жашап, журттары бош калды. Алардын жерине Биз мураскор болдук.
a. Байлык менен дөөлөткө b. Бул жерде эч ким, эч качан жашабагандай тыптыйпыл болуп жатат!
59 وَمَا كَانَ رَبُّكَ مُهْلِكَ الْقُرَى حَتَّى يَبْعَثَ فِي أُمِّهَا رَسُولًا يَتْلُو عَلَيْهِمْ آيَاتِنَا وَمَا كُنَّا مُهْلِكِي الْقُرَى إِلَّا وَأَهْلُهَا ظَالِمُونَ
(Эй, Мухаммед!) Эгең, калааларга Биздин айаттарыбызды окуп бере турган элчилерди (элдин) негизги бөлүгүнө жибербей туруп, жок кылган эмес. Калкы заалым калааларды гана жок кылабыз.
a. Калаа тургундарына b. Аллахтын айаттарын, (Куранды) четке каккан коомдорду гана
60 وَمَا أُوتِيتُمْ مِنْ شَيْءٍ فَمَتَاعُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَزِينَتُهَا وَمَا عِنْدَ اللَّهِ خَيْرٌ وَأَبْقَى أَفَلَا تَعْقِلُونَ
Силерге берилген нерселер – бул дүйнө тиричилигинин буйумдары жана кооздуктары гана. Ал эми Аллахтын алдындагы нерсе – ары мыкты, ары түбөлүктүү. Акыл калчабайсыңарбы?