бөлүм Касас - القصص

21 فَخَرَجَ مِنْهَا خَائِفًا يَتَرَقَّبُ قَالَ رَبِّ نَجِّنِي مِنَ الْقَوْمِ الظَّالِمِينَ

Ошол учурда Муса корко баштады да, шаардан чыгып: “Оо Эгем! Мени заалым элден куткара көр!”,–деди.

22 وَلَمَّا تَوَجَّهَ تِلْقَاءَ مَدْيَنَ قَالَ عَسَى رَبِّي أَنْ يَهْدِيَنِي سَوَاءَ السَّبِيلِ

Ал Мадйан жакка жөнөгөн кезде: “Оо, Эгем! Мага туура жолду көрсөтүүңдү үмүт кыламын”, – деди.

23 وَلَمَّا وَرَدَ مَاءَ مَدْيَنَ وَجَدَ عَلَيْهِ أُمَّةً مِنَ النَّاسِ يَسْقُونَ وَوَجَدَ مِنْ دُونِهِمُ امْرَأَتَيْنِ تَذُودَانِ قَالَ مَا خَطْبُكُمَا قَالَتَا لَا نَسْقِي حَتَّى يُصْدِرَ الرِّعَاءُ وَأَبُونَا شَيْخٌ كَبِيرٌ

Мадйан суусуна жеткенде, ал жерде мал сугарган бир топ адамды көрдү. Анан, алардан обочолонуп, малдарын суудан тосуп турган эки айалды көрдү да: “Экөөңөрдүн тартынганыңар эмне?”, – деди. Экөө: “Малчылар малын алып кеткенге чейин (биз малдарыбызды) сугара албайбыз. Атабыз болсо улгайган карыйа”, – дешти.

a. Булар Шуайп пайгамбардын кыздары эле.

24 فَسَقَى لَهُمَا ثُمَّ تَوَلَّى إِلَى الظِّلِّ فَقَالَ رَبِّ إِنِّي لِمَا أَنْزَلْتَ إِلَيَّ مِنْ خَيْرٍ فَقِيرٌ

Муса алардын малдарын сугарып берди да, анан көлөкөгө бурулуп: “Оо, Эгем! Сен мага эмне жакшылык жиберсең да муктажмын”,–деди.

25 فَجَاءَتْهُ إِحْدَاهُمَا تَمْشِي عَلَى اسْتِحْيَاءٍ قَالَتْ إِنَّ أَبِي يَدْعُوكَ لِيَجْزِيَكَ أَجْرَ مَا سَقَيْتَ لَنَا فَلَمَّا جَاءَهُ وَقَصَّ عَلَيْهِ الْقَصَصَ قَالَ لَا تَخَفْ نَجَوْتَ مِنَ الْقَوْمِ الظَّالِمِينَ

Ошентип эки айалдын бири келип, уйалган түр менен: “Атам бизге мал сугарып берген акыңды берүү үчүн сени чакырып жатат”,–деди. Муса ага келгенде, болгон окуйаны айтып берди. Шуайп: “Коркпо! Заалым элден кутулдуң!”,–деди.

a. Шуайп (а.с.)га Муса (а.с.)

26 قَالَتْ إِحْدَاهُمَا يَا أَبَتِ اسْتَأْجِرْهُ إِنَّ خَيْرَ مَنِ اسْتَأْجَرْتَ الْقَوِيُّ الْأَمِينُ

Эки кыздын бири: “Ата, аны (ишке) жалдап алып кал. Чындыгында, ал жалданган адамдардын мыктысы, күчтүүсү жана ишенимдүүсү”,–деди.

27 قَالَ إِنِّي أُرِيدُ أَنْ أُنْكِحَكَ إِحْدَى ابْنَتَيَّ هَاتَيْنِ عَلَى أَنْ تَأْجُرَنِي ثَمَانِيَ حِجَجٍ فَإِنْ أَتْمَمْتَ عَشْرًا فَمِنْ عِنْدِكَ وَمَا أُرِيدُ أَنْ أَشُقَّ عَلَيْكَ سَتَجِدُنِي إِنْ شَاءَ اللَّهُ مِنَ الصَّالِحِينَ

(Кыздардын атасы Мусага): “Мага сегиз жыл жалданып иштеп берсең, мына бул эки кызымдын бирин сага никелеп берээр элем. Эгер онду толуктасаң, ал сенин өз ишиң. Сага машакат пайда кылууну каалабаймын. Аллах кааласа менин жакшы адам экенимди көрөөрсүң”,–деди.

a. “Ал өз эркиң, бирок анын да акысын толук беремин”, – деген мааниде.

28 قَالَ ذَلِكَ بَيْنِي وَبَيْنَكَ أَيَّمَا الْأَجَلَيْنِ قَضَيْتُ فَلَا عُدْوَانَ عَلَيَّ وَاللَّهُ عَلَى مَا نَقُولُ وَكِيلٌ

(Муса): “Ушул сени менен менин ортобуздагы келишим бойунча (сен атаган) эки мөөнөттүн кайсынысын аткарсам да, мага каршылык жок (болсун). Айтканыбызга Аллах күбө”,–деди.

29 فَلَمَّا قَضَى مُوسَى الْأَجَلَ وَسَارَ بِأَهْلِهِ آنَسَ مِنْ جَانِبِ الطُّورِ نَارًا قَالَ لِأَهْلِهِ امْكُثُوا إِنِّي آنَسْتُ نَارًا لَعَلِّي آتِيكُمْ مِنْهَا بِخَبَرٍ أَوْ جَذْوَةٍ مِنَ النَّارِ لَعَلَّكُمْ تَصْطَلُونَ

Муса (жалданган) мөөнөтүн бүтүрүп, жубайы менен жолго чыкканда, Тур жактан бир от көрүп, жубайына: “Туруп тургула. Ырасында, бир от көрдүм. Балким, бир кабар, же силер жылынышыңар үчүн (ошол) оттон бир шамана алып келермин”,–деди.

30 فَلَمَّا أَتَاهَا نُودِيَ مِنْ شَاطِئِ الْوَادِ الْأَيْمَنِ فِي الْبُقْعَةِ الْمُبَارَكَةِ مِنَ الشَّجَرَةِ أَنْ يَا مُوسَى إِنِّي أَنَا اللَّهُ رَبُّ الْعَالَمِينَ

Ал жерге келген кезде кут даарыган жердеги өрөөндүн оң жагындагы дарактын жанынан: “Эй, Муса! Акыйкатта, Мен – ааламдардын Эгеси, Аллахмын!”, – деген үн чыкты:

a. От күйгөн

31 وَأَنْ أَلْقِ عَصَاكَ فَلَمَّا رَآهَا تَهْتَزُّ كَأَنَّهَا جَانٌّ وَلَّى مُدْبِرًا وَلَمْ يُعَقِّبْ يَا مُوسَى أَقْبِلْ وَلَا تَخَفْ إِنَّكَ مِنَ الْآمِنِينَ

“Тайагыңды ташта!”- дедик. (Ал таштады да) ошондо аны ийрелеңдеген жылан таризинде көрүп, бурула калып, артын карабастан жолго түштү. “Эй, Муса! Бери бурул, коркпо! Чындыгында, сен амандыкта болуучулардансың!

a. тайагын b. Чоочуп кетти да

32 اسْلُكْ يَدَكَ فِي جَيْبِكَ تَخْرُجْ بَيْضَاءَ مِنْ غَيْرِ سُوءٍ وَاضْمُمْ إِلَيْكَ جَنَاحَكَ مِنَ الرَّهْبِ فَذَانِكَ بُرْهَانَانِ مِنْ رَبِّكَ إِلَى فِرْعَوْنَ وَمَلَئِهِ إِنَّهُمْ كَانُوا قَوْمًا فَاسِقِينَ

Колуңду койнуңа сал. Оорусуз, аппак болуп чыгат. Коркуудан салбыраган колдоруңду жыйна. Бул экөөсү – Фараонго да, анын адамдарына да Эгеңден (түшкөн) эки далил (болот). Анткени, алар бузуку эл...” (– дедик).

a. Калтыраган, титиреген, сөлбүрөгөн

33 قَالَ رَبِّ إِنِّي قَتَلْتُ مِنْهُمْ نَفْسًا فَأَخَافُ أَنْ يَقْتُلُونِ

(Муса): “Эгем! Чындыгында, алардын бир адамын өлтүрүп койгон элем. Ошондуктан алар мени өлтүрүп койушунан коркомун.

34 وَأَخِي هَارُونُ هُوَ أَفْصَحُ مِنِّي لِسَانًا فَأَرْسِلْهُ مَعِيَ رِدْءًا يُصَدِّقُنِي إِنِّي أَخَافُ أَنْ يُكَذِّبُونِ

Бир тууганым Харун мага караганда сөзгө чеченирээк. Ошондуктан, аны мени менен бирге жардамчы кылып жибер, тайаныч болсун. (Анткени) алардын мени жалганчыга чыгарышынан коркомун”,–деди.

35 قَالَ سَنَشُدُّ عَضُدَكَ بِأَخِيكَ وَنَجْعَلُ لَكُمَا سُلْطَانًا فَلَا يَصِلُونَ إِلَيْكُمَا بِآيَاتِنَا أَنْتُمَا وَمَنِ اتَّبَعَكُمَا الْغَالِبُونَ

(Аллах): “Тууганың аркылуу билегиңди күчтүү, экөөңдү алар жете албай тургандай, үстөм кыламын. (Биздин) айаттарыбыз менен экөөң да, силерди ээрчигендер да жеңишке ээ болосуңар”,–деди.

36 فَلَمَّا جَاءَهُمْ مُوسَى بِآيَاتِنَا بَيِّنَاتٍ قَالُوا مَا هَذَا إِلَّا سِحْرٌ مُفْتَرًى وَمَا سَمِعْنَا بِهَذَا فِي آبَائِنَا الْأَوَّلِينَ

Муса, аларга ачык-айкын айаттарыбыз менен келген кезде алар: “Бул жасалма сыйкырчылык гана. Муну мурда өткөн ата-бабаларыбыздан укканбыз”, – дешти.

a. Фараонго жана төбөлдөрүнө

37 وَقَالَ مُوسَى رَبِّي أَعْلَمُ بِمَنْ جَاءَ بِالْهُدَى مِنْ عِنْدِهِ وَمَنْ تَكُونُ لَهُ عَاقِبَةُ الدَّارِ إِنَّهُ لَا يُفْلِحُ الظَّالِمُونَ

Муса: “(Аллахтын) Өзүнүн алдынан ким тууралыкты алып келгенин жана акыркы конуштун акыбети кимдики болорун Эгем жакшы билет. Чындыгында, (силер сыйактуу) заалымдар кутулушпайт!”,– деди.

a. Акыретте жакшы акыбет кимдики болоорун b. Тозок азабынан

38 وَقَالَ فِرْعَوْنُ يَا أَيُّهَا الْمَلَأُ مَا عَلِمْتُ لَكُمْ مِنْ إِلَهٍ غَيْرِي فَأَوْقِدْ لِي يَا هَامَانُ عَلَى الطِّينِ فَاجْعَلْ لِي صَرْحًا لَعَلِّي أَطَّلِعُ إِلَى إِلَهِ مُوسَى وَإِنِّي لَأَظُنُّهُ مِنَ الْكَاذِبِينَ

Фараон: “Эй, төбөлдөр! Мен силердин менден бөлөк кудайыңар бар экенин билбеймин. Эй, Хаман! Мен үчүн балчыкка от жагып, бир мунара жаса. Балким, ошондо Мусанын Кудайын көрөрмүн. Чындыгында, аны жалганчы деп ойлоймун”,–деди.

a. Өтө бышык бышкан кыш жасап, b. Мусаны

39 وَاسْتَكْبَرَ هُوَ وَجُنُودُهُ فِي الْأَرْضِ بِغَيْرِ الْحَقِّ وَظَنُّوا أَنَّهُمْ إِلَيْنَا لَا يُرْجَعُونَ

Ал жана анын аскерлери жер бетинде өздөрүн орунсуз орой алып жүрүшөт. Чындыгында, алар өздөрүн Биз жакка кайтарылбайбыз деп ойлошот.

40 فَأَخَذْنَاهُ وَجُنُودَهُ فَنَبَذْنَاهُمْ فِي الْيَمِّ فَانْظُرْ كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الظَّالِمِينَ

Аны да, анын аскерлерин да колго алып, деңизге (чөктүрүп) таштадык. Заалымдардын (аракетинин) акыбети кандай болгонун көр!

a. Фараонду b. азаптап c. ушундан