бөлүм Нур - النور

41 أَلَمْ تَرَ أَنَّ اللَّهَ يُسَبِّحُ لَهُ مَنْ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَالطَّيْرُ صَافَّاتٍ كُلٌّ قَدْ عَلِمَ صَلَاتَهُ وَتَسْبِيحَهُ وَاللَّهُ عَلِيمٌ بِمَا يَفْعَلُونَ

Асмандар менен жердеги ар бир заттын, а түгүл катар-катар учкан куштардын да Алланы аруулаганын көрбөйсүңбү? (Алардын) баары өздөрүнө таандык намаздарын жана тасбихтерин билишет. Алла – алардын эмне жасап жатышканын Билүүчү!

a. Алла Тааланы эстъън\н жана сыйынуу ыкмаларынын бири болгон зикир чалууну

42 وَلِلَّهِ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَإِلَى اللَّهِ الْمَصِيرُ

Асмандар менен жердин казынасы – Аллага гана таандык. Анан да, (алардын) кайта турган жагы да – Алла тарап.

43 أَلَمْ تَرَ أَنَّ اللَّهَ يُزْجِي سَحَابًا ثُمَّ يُؤَلِّفُ بَيْنَهُ ثُمَّ يَجْعَلُهُ رُكَامًا فَتَرَى الْوَدْقَ يَخْرُجُ مِنْ خِلَالِهِ وَيُنَزِّلُ مِنَ السَّمَاءِ مِنْ جِبَالٍ فِيهَا مِنْ بَرَدٍ فَيُصِيبُ بِهِ مَنْ يَشَاءُ وَيَصْرِفُهُ عَنْ مَنْ يَشَاءُ يَكَادُ سَنَا بَرْقِهِ يَذْهَبُ بِالْأَبْصَارِ

Карабайсыңбы: Чындыгында, Алла булуттарды айдайт да, анан алардын ортолорун бириктирип, аларды кабат-кабат кылат. Ошондо булуттун араларынан жамгыр төгүлгөнүн көрөсүң. Асмандан ичинде мөндүрү бар (булутту) тоолордон түшүрөт да, ал аркылуу каалаган пендесине апаат алып келип, каалаганынан буруп кетет. (Көрбөйсүңбү:) Чагылгандын жаркылдагы көздөрдү алып кете жаздаганын!

a. Апаатты, кырсыкты… b. Эй, пенделер! Жок дегенде ушул чагылганды жараткан Улуу Алла тууралуу бир саамга болсо да ой ж\г\рпъйс\ёърб\?!

44 يُقَلِّبُ اللَّهُ اللَّيْلَ وَالنَّهَارَ إِنَّ فِي ذَلِكَ لَعِبْرَةً لِأُولِي الْأَبْصَارِ

Алла – күндүз менен түндү алмаштырат. Акыйкатта, мында акылы тунук адамдар үчүн, албетте, далилдер бар.

a. Акылы зирек, сезимтал, ъз Жаратуучусун акылы менен таанууга умтулган b. Ой ж\г\рт\\гъ, сабак алууга т\рткън ърнъктър, окуйалар…

45 وَاللَّهُ خَلَقَ كُلَّ دَابَّةٍ مِنْ مَاءٍ فَمِنْهُمْ مَنْ يَمْشِي عَلَى بَطْنِهِ وَمِنْهُمْ مَنْ يَمْشِي عَلَى رِجْلَيْنِ وَمِنْهُمْ مَنْ يَمْشِي عَلَى أَرْبَعٍ يَخْلُقُ اللَّهُ مَا يَشَاءُ إِنَّ اللَّهَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

Алла ар бир жандыкты суудан жаратты. Алардын айрымдары боору менен жылат, айрымдары эки буттап басат жана кай бирлери төрт айактап жүрөт. Алла – Өзү каалагандай жаратат. Акыйкатта, Алла – баардык нерсеге Кудуреттүү!

a. Аталык жана энелик уруктан b. сойлоп

46 لَقَدْ أَنْزَلْنَا آيَاتٍ مُبَيِّنَاتٍ وَاللَّهُ يَهْدِي مَنْ يَشَاءُ إِلَى صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ

Чындыгында, ачык-айрым байан кылуучу айаттарды түшүрдүк. Ошентип, Алла – Өзү каалаганын туура жолго салат.

47 وَيَقُولُونَ آمَنَّا بِاللَّهِ وَبِالرَّسُولِ وَأَطَعْنَا ثُمَّ يَتَوَلَّى فَرِيقٌ مِنْهُمْ مِنْ بَعْدِ ذَلِكَ وَمَا أُولَئِكَ بِالْمُؤْمِنِينَ

Алар: “Алла менен Анын пайгамбарына ыйман келтирдик да, мойун сундук”,– дешип, кийин кайра алардын бир бөлүгү жолдон тайат. Мына ошолор (чындап) ыйман келтирбегендер.

48 وَإِذَا دُعُوا إِلَى اللَّهِ وَرَسُولِهِ لِيَحْكُمَ بَيْنَهُمْ إِذَا فَرِيقٌ مِنْهُمْ مُعْرِضُونَ

Алардын араларында өкүм чыгаруу үчүн Аллага жана Анын пайгамбарына чакырылган кезде, алардын бир бөлүгү андан баш тартышат.

a. Ислам дини \ч\н согушка аттанууга буйрук чыкса b. Барбай койуунун шылтоосун табышат

49 وَإِنْ يَكُنْ لَهُمُ الْحَقُّ يَأْتُوا إِلَيْهِ مُذْعِنِينَ

Эгер аларга бир тиешеси боло турган болсо, ага шашылып келишет.

a. Маселен, аларды олжо, зекет, садака алууга чакырса

50 أَفِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ أَمِ ارْتَابُوا أَمْ يَخَافُونَ أَنْ يَحِيفَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ وَرَسُولُهُ بَلْ أُولَئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ

(Эмне) алардын жүрөктөрүндө дарты барбы? Болбосо күдүктөнө турган эмне бар? Же аларга Алла менен Анын пайгамбары адилетсиздик кылат деп коркушабы? Андай эмес! Алар өздөрү заалым.

a. к\мънс\п, шек санай турган

51 إِنَّمَا كَانَ قَوْلَ الْمُؤْمِنِينَ إِذَا دُعُوا إِلَى اللَّهِ وَرَسُولِهِ لِيَحْكُمَ بَيْنَهُمْ أَنْ يَقُولُوا سَمِعْنَا وَأَطَعْنَا وَأُولَئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ

Чындыгында, момундардын араларында өкүм берүү үчүн Аллага жана Анын элчисине чакырылганда, алардын сөзү: “Уктук, мойун сундук”,– деген (гана) сөз болот. Ошолор – ийгиликке жетүүчүлөр.

a. Алла ыраазылыгына жет\\ \ч\н к\ръшкъ аттанууга чакырылган кезде

52 وَمَنْ يُطِعِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَيَخْشَ اللَّهَ وَيَتَّقْهِ فَأُولَئِكَ هُمُ الْفَائِزُونَ

Кимде-ким Алла менен Анын пайгамбарына баш ийсе, ошентип, Алладан коркуп, такыба болсо, мына ошолор –жеңишке жеткендер.

a. Бейишке

53 وَأَقْسَمُوا بِاللَّهِ جَهْدَ أَيْمَانِهِمْ لَئِنْ أَمَرْتَهُمْ لَيَخْرُجُنَّ قُلْ لَا تُقْسِمُوا طَاعَةٌ مَعْرُوفَةٌ إِنَّ اللَّهَ خَبِيرٌ بِمَا تَعْمَلُونَ

(Эй, Мухаммед! Мунафыктар): “Эгер буйрук берсең, албетте, (согушка) чыгабыз”, –деп Алланын аты менен ант ичишет. Аларга: “Ант ичпей эле койгула! (Канчалык) мойун сунганыңар маалым. Чындыгында, Алла эмне жасап жатканаңарды жакшы Билүүчү!”, – деп айткын.

54 قُلْ أَطِيعُوا اللَّهَ وَأَطِيعُوا الرَّسُولَ فَإِنْ تَوَلَّوْا فَإِنَّمَا عَلَيْهِ مَا حُمِّلَ وَعَلَيْكُمْ مَا حُمِّلْتُمْ وَإِنْ تُطِيعُوهُ تَهْتَدُوا وَمَا عَلَى الرَّسُولِ إِلَّا الْبَلَاغُ الْمُبِينُ

(Аларга): “Алла менен Анын пайгамбарына мойун сунгула!”, – деп айт. Эгер мойун сунуудан баш тартсаңар, чындыгында, пайгамбар өзүнө жүктөлгөнгө, а силер өзүңөргө жүктөлгөндөргө гана (жооп берүүгө) милдеттүүсүңөр. Ал эми пайгамбарга мойун сунсаңар, анда туура жолду табасыңар. Ошентип, ачык-айрым кылып силерге жеткирүү гана пайгамбарга милдет.

a. Алла Таала Ъз пайгамбары Мухаммед алейхи саламга кайрылып жататат b. Алланын айаттарын, Куранды, шарийатты…

55 وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُمْ مِنْ بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْنًا يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئًا وَمَنْ كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ فَأُولَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ

Алла силердин араңардан ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандарга, өздөрүнөн мурунку элдерди орун басар кылгандай эле жер жүзүндө силерди да (Өзүнө) орунбасар кылууну, Өзү ыраазы болгон динин бекем орнотуп, аларга коркунучтан кийин бейпилдикти алмаштырып берем деп убада берди. (Анткени) алар Мага сыйынышат; Мага эч кимди (жана эч нерсени) шерик кыллышпайт. Ким мына ушундан кийин (Аллага) каршы чыкса, мына ошолор – бузукулар.

a. Алла Таала жердеги жан-жаныбарлардын ичинен ъзгъчъ акылдуу кылып жаратып жана ошого жараша ъзгъчъ жоопкерчилик да ж\ктъп... b. Кооптуу мезгилдин артынан бейпил заман жиберди c. Каапырлык кылса

56 وَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَآتُوا الزَّكَاةَ وَأَطِيعُوا الرَّسُولَ لَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ

Намазды толук аткарып, зекет бергиле жана пайгамбарга мойун сунгула. Ошондо мээримге бөлөнөсүңөр.

a. Алланын мээримине

57 لَا تَحْسَبَنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا مُعْجِزِينَ فِي الْأَرْضِ وَمَأْوَاهُمُ النَّارُ وَلَبِئْسَ الْمَصِيرُ

Ошентип, (Аллага) каршы чыккандар; “жер жүзүндө бизди алсыратты”, – деп ойлобо! Алардын (бараар) жайы – Тозок. (Ал) кандай жаман жай!

a. каапырлар b. Алла Таала Ъз пайгамбары Мухаммед (а.с.)га кайрылып жатат

58 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لِيَسْتَأْذِنْكُمُ الَّذِينَ مَلَكَتْ أَيْمَانُكُمْ وَالَّذِينَ لَمْ يَبْلُغُوا الْحُلُمَ مِنْكُمْ ثَلَاثَ مَرَّاتٍ مِنْ قَبْلِ صَلَاةِ الْفَجْرِ وَحِينَ تَضَعُونَ ثِيَابَكُمْ مِنَ الظَّهِيرَةِ وَمِنْ بَعْدِ صَلَاةِ الْعِشَاءِ ثَلَاثُ عَوْرَاتٍ لَكُمْ لَيْسَ عَلَيْكُمْ وَلَا عَلَيْهِمْ جُنَاحٌ بَعْدَهُنَّ طَوَّافُونَ عَلَيْكُمْ بَعْضُكُمْ عَلَى بَعْضٍ كَذَلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمُ الْآيَاتِ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ

Эй момундар! Кол алдыңардагы кул-күңдөрүңөр жана али бой жете элек балдарыңар, үч мезгилде (бөлмөңөргө) уруксат сурап киришсин: Таң намазынын алдында, чак түштө кийимиңерди (чечип) койгон учурда жана куптан намазынан кийин. Силер үчүн мына ушул үч мезгил уйала турган убакыт. Булардан кийин силерге да, аларга да айып эмес. Анткени силер бири-бириңерге кирип-чыгып турушуңар керек. Алла силерге Өз айаттарын ушундай (ачык) байан кылат. Алла – Билүүчү, Даанышман!

a. багымдаттын b. Анткени бул \ч мезгилде адамдар жеёил кийимчен болушу м\мк\н c. Мындан башка мезгилдерде силердин уктоочу бълмъёъргъ уруксатсыз кирсе d. Бири-бириёердин бълмъёъргъ

59 وَإِذَا بَلَغَ الْأَطْفَالُ مِنْكُمُ الْحُلُمَ فَلْيَسْتَأْذِنُوا كَمَا اسْتَأْذَنَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ كَذَلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمْ آيَاتِهِ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ

Эр жеткен балдарыңар, мурункулар уруксат сурап киргендей эле (уктоочу бөлмөңөргө) уруксат сурап киришсин. Алла (Өз) айаттарын силерге ушинтип айкын байан кылат. Алла – толук Билүүчү, Даанышман!

a. Силерден мурдакы мусулмандарга да мына ушундай кылуу буйурулган.

60 وَالْقَوَاعِدُ مِنَ النِّسَاءِ اللَّاتِي لَا يَرْجُونَ نِكَاحًا فَلَيْسَ عَلَيْهِنَّ جُنَاحٌ أَنْ يَضَعْنَ ثِيَابَهُنَّ غَيْرَ مُتَبَرِّجَاتٍ بِزِينَةٍ وَأَنْ يَسْتَعْفِفْنَ خَيْرٌ لَهُنَّ وَاللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ

Никелешүүдөн күдөр үзүп, үйдө олтурган кемпирлер сулуулугун көрсөтпөстөн, сырт кийимдерин чечип олтуруусу – айып эмес. Эгер мындан да сактанса, алар үчүн ого бетер жакшы. Алла – баарыдан толук Кабардар, бардык нерсени Билүүчү!

a. Айызы токтоп, търъъдън калган... b. Сырт кийимин деле чечинбей. (Бул жерде «сырт кийим» деп къйнък аталууда).