бөлүм Нур - النور

21 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّبِعُوا خُطُوَاتِ الشَّيْطَانِ وَمَنْ يَتَّبِعْ خُطُوَاتِ الشَّيْطَانِ فَإِنَّهُ يَأْمُرُ بِالْفَحْشَاءِ وَالْمُنْكَرِ وَلَوْلَا فَضْلُ اللَّهِ عَلَيْكُمْ وَرَحْمَتُهُ مَا زَكَى مِنْكُمْ مِنْ أَحَدٍ أَبَدًا وَلَكِنَّ اللَّهَ يُزَكِّي مَنْ يَشَاءُ وَاللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ

Эй, момундар! Шайтандын жолу менен жүрбөгүлө! Ким шайтандын жолу менен жүрсө, ал шайтан, албетте, уйатсыздык жана тыйуу салынган иштерге буйруйт. Эгер силерге Алланын жакшылыгы, мээрими болбогондо, эч бириңер, эч качан (күнөөдөн) тазалана албайт элеңер. Бирок, Алла Өзү каалаган пендесин (күнөөдөн) тазалайт. Алла – бардык нерсени Угуучу, Билүүчү!

a. ээрчисе

22 وَلَا يَأْتَلِ أُولُو الْفَضْلِ مِنْكُمْ وَالسَّعَةِ أَنْ يُؤْتُوا أُولِي الْقُرْبَى وَالْمَسَاكِينَ وَالْمُهَاجِرِينَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَلْيَعْفُوا وَلْيَصْفَحُوا أَلَا تُحِبُّونَ أَنْ يَغْفِرَ اللَّهُ لَكُمْ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ

Силерден кеңчилик, молчулукка ээ болгондор, (өзүнүн) жакындарына, карып-мискиндерге, Алла жолунда көчкөндөргө Алла жолунда бербөөгө ант ичпесин. Кечиришкиле жана элдешкиле. Алланын силерди кечиришин каалабайсыңарбы?! Алла – Кечиримдүү, Боорукер!

a. Алла Таала байлык насип кылып койгондор b. Меккеден Мединага Ислам дини \ч\н къчкъндър

23 إِنَّ الَّذِينَ يَرْمُونَ الْمُحْصَنَاتِ الْغَافِلَاتِ الْمُؤْمِنَاتِ لُعِنُوا فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ وَلَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ

Акыйкатта, абийирдүү, ак ниеттүү момун айалдарга жалаа жапкандар – бул дүйнөдө да, акыретте да, каргышка калышат. Албетте, алар үчүн чоң азап бар.

24 يَوْمَ تَشْهَدُ عَلَيْهِمْ أَلْسِنَتُهُمْ وَأَيْدِيهِمْ وَأَرْجُلُهُمْ بِمَا كَانُوا يَعْمَلُونَ

Кыйамат Күнү аларга тилдери, колдору, буттары эмне иш кылгандарына күбө болушат.

25 يَوْمَئِذٍ يُوَفِّيهِمُ اللَّهُ دِينَهُمُ الْحَقَّ وَيَعْلَمُونَ أَنَّ اللَّهَ هُوَ الْحَقُّ الْمُبِينُ

Ошол Күнү Алла аларга ылайыктуу жазасын толук берет. Анткени алар Алланын (бар экени) ачык Акыйкат экенин билишет.

26 الْخَبِيثَاتُ لِلْخَبِيثِينَ وَالْخَبِيثُونَ لِلْخَبِيثَاتِ وَالطَّيِّبَاتُ لِلطَّيِّبِينَ وَالطَّيِّبُونَ لِلطَّيِّبَاتِ أُولَئِكَ مُبَرَّءُونَ مِمَّا يَقُولُونَ لَهُمْ مَغْفِرَةٌ وَرِزْقٌ كَرِيمٌ

Бузулган айалдар – бузулган эркектерге; Бузулган эркектер – бузулган айалдарга. Таза айалдар – таза эркектерге; таза эркектер – таза айалдарга ылайык. Булар, алардын айткандарынан ак. Алар үчүн кечирим жана улуу ырыскы бар.

a. Такыба, момун, b. момундар c. каапырлардын d. Алланын кечирими

27 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَدْخُلُوا بُيُوتًا غَيْرَ بُيُوتِكُمْ حَتَّى تَسْتَأْنِسُوا وَتُسَلِّمُوا عَلَى أَهْلِهَا ذَلِكُمْ خَيْرٌ لَكُمْ لَعَلَّكُمْ تَذَكَّرُونَ

Эй, момундар! Өз үйлөрүңөрдөн башка үйлөргө уруксат алмайынча жана үй ээсине салам бермейинче кирбегиле. Бул – силер үчүн жакшы. Мүмкүн эсиңерге келээрсиңер.

a. Ушундай кылуу

28 فَإِنْ لَمْ تَجِدُوا فِيهَا أَحَدًا فَلَا تَدْخُلُوهَا حَتَّى يُؤْذَنَ لَكُمْ وَإِنْ قِيلَ لَكُمُ ارْجِعُوا فَارْجِعُوا هُوَ أَزْكَى لَكُمْ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ عَلِيمٌ

Эгер үйдө эч ким жок болсо, (кирүүңөргө) уруксат берилмейинче кирбегиле. Эгер силерге: “Кайткыла”, – делсе, анда кайткыла. Бул силер үчүн жакшыраак. Алла эмне кылганыңарды жакшы Билүүчү!

29 لَيْسَ عَلَيْكُمْ جُنَاحٌ أَنْ تَدْخُلُوا بُيُوتًا غَيْرَ مَسْكُونَةٍ فِيهَا مَتَاعٌ لَكُمْ وَاللَّهُ يَعْلَمُ مَا تُبْدُونَ وَمَا تَكْتُمُونَ

Ичинде жашоого болбой турган, буйумдарыңар сакталган үйгө уруксатсыз кирүүдө силерге такыр күнөө болбойт. Алла – ачык жасаганыңарды да, жашыруун кылганыңарды да Билүүчү!

a. Маселен уктоочу бълмъгъ

30 قُلْ لِلْمُؤْمِنِينَ يَغُضُّوا مِنْ أَبْصَارِهِمْ وَيَحْفَظُوا فُرُوجَهُمْ ذَلِكَ أَزْكَى لَهُمْ إِنَّ اللَّهَ خَبِيرٌ بِمَا يَصْنَعُونَ

(Эй, Мухаммед!) Момундарга айткын: “(Ар кайсыл айалдарды карай берүүдөн) көздөрүн сакташсын жана уйаттуу жерлерин (айагы суйуктук кылуудан) сактасын. Бул – алардын өздөрү үчүн абдан жакшы. Чындыгында, Алла эмне жасагандарынан Кабардар!

a. Жыныстык м\чъс\н

31 وَقُلْ لِلْمُؤْمِنَاتِ يَغْضُضْنَ مِنْ أَبْصَارِهِنَّ وَيَحْفَظْنَ فُرُوجَهُنَّ وَلَا يُبْدِينَ زِينَتَهُنَّ إِلَّا مَا ظَهَرَ مِنْهَا وَلْيَضْرِبْنَ بِخُمُرِهِنَّ عَلَى جُيُوبِهِنَّ وَلَا يُبْدِينَ زِينَتَهُنَّ إِلَّا لِبُعُولَتِهِنَّ أَوْ آبَائِهِنَّ أَوْ آبَاءِ بُعُولَتِهِنَّ أَوْ أَبْنَائِهِنَّ أَوْ أَبْنَاءِ بُعُولَتِهِنَّ أَوْ إِخْوَانِهِنَّ أَوْ بَنِي إِخْوَانِهِنَّ أَوْ بَنِي أَخَوَاتِهِنَّ أَوْ نِسَائِهِنَّ أَوْ مَا مَلَكَتْ أَيْمَانُهُنَّ أَوِ التَّابِعِينَ غَيْرِ أُولِي الْإِرْبَةِ مِنَ الرِّجَالِ أَوِ الطِّفْلِ الَّذِينَ لَمْ يَظْهَرُوا عَلَى عَوْرَاتِ النِّسَاءِ وَلَا يَضْرِبْنَ بِأَرْجُلِهِنَّ لِيُعْلَمَ مَا يُخْفِينَ مِنْ زِينَتِهِنَّ وَتُوبُوا إِلَى اللَّهِ جَمِيعًا أَيُّهَ الْمُؤْمِنُونَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ

Момун айалдарга айт: “(Ар кайсыл эркекти кароодон) көздөрүн сакташсын жана уйаттуу жерлерин (айагы суйуктук кылуудан) сакташсын. Сулуулуктарын көрсөтпөсүн, көрүнүп тургандан башкасын. Жоолуктарын көкүрөктөрүнө чейин жаба салынышсын. Сулуулугун көрсөтүшпөсүн. Бирок, өз күйөөсүнө, аталарына, кайын аталарына, өз уулдарына, өгөй уулдарына, (бир тууган) ага-инилерине, алардын уулдарына, эже-сиңдилеринин уулдарына, мусулман айалдарга, кол алдындагы күңдөргө, айалга муктаждыгы (кумардануусу) болбогон кызматкерлерге, же болбосо айалдардын уйаттуу жерлерин билбеген наристелерге көрсөтсө болот. Анан да, көмүскө кооздуктарын башкаларга көрсөтүү үчүн буттарын жерге катуу уруп жүрүшпөсүн. Эй, момундар! Баарыңар Аллага гана тообо кылгыла! Балким (азаптан) кутулаарсыңар.

a. Башка эрекектерге b. Бети, колу, бутунун томуктан ылдый жагы c. Абдан картайган, ътъ жаш, же дагы башка (маселен; эч нерсенин т\ш\нбъй калган, кумардануусу такыр жок жинди...) d. Ага азырынча баам-парасаты жете элек наристе e. Айалдар буттарына мончокторду, же башка жасалгаларды тагып алып, анын \н\ угулсун \ч\н буттарын жерге урбасын, же бийлебесин

32 وَأَنْكِحُوا الْأَيَامَى مِنْكُمْ وَالصَّالِحِينَ مِنْ عِبَادِكُمْ وَإِمَائِكُمْ إِنْ يَكُونُوا فُقَرَاءَ يُغْنِهِمُ اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ وَاللَّهُ وَاسِعٌ عَلِيمٌ

Араңардагы бойдокторду, кол алдыңардагы кул-күңдөрдүн такыбаларын, дурустарын үйлөндүргүлө. Ал тургай алар кедей-жакыр болсо да. (Анткени) аларды Алла Өз берешендиги менен байытат. Алла – Берешен, Билүүчү!

a. момундарын b. Учур келген кезде бай адамга айландырат

33 وَلْيَسْتَعْفِفِ الَّذِينَ لَا يَجِدُونَ نِكَاحًا حَتَّى يُغْنِيَهُمُ اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ وَالَّذِينَ يَبْتَغُونَ الْكِتَابَ مِمَّا مَلَكَتْ أَيْمَانُكُمْ فَكَاتِبُوهُمْ إِنْ عَلِمْتُمْ فِيهِمْ خَيْرًا وَآتُوهُمْ مِنْ مَالِ اللَّهِ الَّذِي آتَاكُمْ وَلَا تُكْرِهُوا فَتَيَاتِكُمْ عَلَى الْبِغَاءِ إِنْ أَرَدْنَ تَحَصُّنًا لِتَبْتَغُوا عَرَضَ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَمَنْ يُكْرِهْهُنَّ فَإِنَّ اللَّهَ مِنْ بَعْدِ إِكْرَاهِهِنَّ غَفُورٌ رَحِيمٌ

/йлөнө албагандар, Алла Өз берешендиги менен байытканга чейин жаман жолдон сактансын. Кол алдыңардагылардын (күңдөрдүн ичинен) кимиси боштондукту кааласа, алардын жакшы адам экенин билсеңер, боштондук бергиле. Андан сырткары силерге Алла берген мал-мүлктөн аларга да бергиле. Өздөрү абийирдүү болууну каалаган күңдөрүңөрдү дүйнө тиричилигиңердин пайдасы үчүн жамандыкка зордобогула. Ким аларды (жамандыкка) аргасыз кылса, анда ал аргасыз кылгандан кийин деле... Алла –Кечиримдүү, Боорукер.

a. айагы суйуктуктан b. Айагы суйуктукка, зинакорлукка c. Эгер чындап тообо кылса...

34 وَلَقَدْ أَنْزَلْنَا إِلَيْكُمْ آيَاتٍ مُبَيِّنَاتٍ وَمَثَلًا مِنَ الَّذِينَ خَلَوْا مِنْ قَبْلِكُمْ وَمَوْعِظَةً لِلْمُتَّقِينَ

Акыйкатта, силерге айкын айаттарды, силерден мурунку өткөндөрдөн өрнөктөрдү жана такыбалар үчүн насааттарды түшүрдүк.

35 اللَّهُ نُورُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ مَثَلُ نُورِهِ كَمِشْكَاةٍ فِيهَا مِصْبَاحٌ الْمِصْبَاحُ فِي زُجَاجَةٍ الزُّجَاجَةُ كَأَنَّهَا كَوْكَبٌ دُرِّيٌّ يُوقَدُ مِنْ شَجَرَةٍ مُبَارَكَةٍ زَيْتُونَةٍ لَا شَرْقِيَّةٍ وَلَا غَرْبِيَّةٍ يَكَادُ زَيْتُهَا يُضِيءُ وَلَوْ لَمْ تَمْسَسْهُ نَارٌ نُورٌ عَلَى نُورٍ يَهْدِي اللَّهُ لِنُورِهِ مَنْ يَشَاءُ وَيَضْرِبُ اللَّهُ الْأَمْثَالَ لِلنَّاسِ وَاللَّهُ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ

Алла – асмандар менен жердин нуру! Анын нурунун мисалы – ичинде нуру бар шамдан сыйактуу. Нур айнектин ичинде (жайгашкан). Ал айнек бермет жылдызындай. Ал Чыгышта да, Батышта да жок, кут даарыган зайтун менен тамызылат. От тийбестен күйгөн анын майы абдан жарык нур чачат. Ошентип, нур үстүндө нур... Алла Өзү каалаган адамды нурга бөлөйт. Алла адамдарга ушинтип мисал келтирет. Алла – бардык нерсени Билүүчү!

a. Чырактын астына койулуучу идиш

36 فِي بُيُوتٍ أَذِنَ اللَّهُ أَنْ تُرْفَعَ وَيُذْكَرَ فِيهَا اسْمُهُ يُسَبِّحُ لَهُ فِيهَا بِالْغُدُوِّ وَالْآصَالِ

(Бул нур) Алла кадырлаган, ичинде Өз ысымынын (ар дайым) аталып турушун буйруган үйлөрдө гана болот. Анда Аны эртели-кеч аруулашат.

a. Момундардын \й\ндъ, мечиттерде b. Ал \йлърдъ c. Алланы

37 رِجَالٌ لَا تُلْهِيهِمْ تِجَارَةٌ وَلَا بَيْعٌ عَنْ ذِكْرِ اللَّهِ وَإِقَامِ الصَّلَاةِ وَإِيتَاءِ الزَّكَاةِ يَخَافُونَ يَوْمًا تَتَقَلَّبُ فِيهِ الْقُلُوبُ وَالْأَبْصَارُ

(Ал үйлөрдө) Алланы эстөөдөн, намазды окуудан, зекет берүүдөн аларды соода-сатык да тосо албай турган адамдар бар. Алар жүрөктөр менен көздөр калтырай турган Күндөн коркушат.

a. Зикр кылуудан (зикир чалуудан) b. Кыйаматтан

38 لِيَجْزِيَهُمُ اللَّهُ أَحْسَنَ مَا عَمِلُوا وَيَزِيدَهُمْ مِنْ فَضْلِهِ وَاللَّهُ يَرْزُقُ مَنْ يَشَاءُ بِغَيْرِ حِسَابٍ

Ошондуктан Алла аларга өздөрү жасаган (жакшылык) иштеринин сыйлыгын, Өз жакшылыгынан ашыгы менен берет. Алла – каалаган пендесин эсепсиз ырыскыга бөлөйт.

39 وَالَّذِينَ كَفَرُوا أَعْمَالُهُمْ كَسَرَابٍ بِقِيعَةٍ يَحْسَبُهُ الظَّمْآنُ مَاءً حَتَّى إِذَا جَاءَهُ لَمْ يَجِدْهُ شَيْئًا وَوَجَدَ اللَّهَ عِنْدَهُ فَوَفَّاهُ حِسَابَهُ وَاللَّهُ سَرِيعُ الْحِسَابِ

(Аллага) каршы болгондордун иштери чөлдөгү закым сыйактуу. Чөлдө бараткан адам аны суу деп ойлойт. Акыры ага жеткен кезде болсо эч нерсе таба албай, дал алдынан Алланы (гана) табат. Ал анын эсебин толук алат. Алланын эсеби абдан тез!

a. Каапырлардын b. Алла Таала c. Адилет сурак кылып, татыктуу жазасын берет d. Алла тез жазалайт жана тез сыйлайт

40 أَوْ كَظُلُمَاتٍ فِي بَحْرٍ لُجِّيٍّ يَغْشَاهُ مَوْجٌ مِنْ فَوْقِهِ مَوْجٌ مِنْ فَوْقِهِ سَحَابٌ ظُلُمَاتٌ بَعْضُهَا فَوْقَ بَعْضٍ إِذَا أَخْرَجَ يَدَهُ لَمْ يَكَدْ يَرَاهَا وَمَنْ لَمْ يَجْعَلِ اللَّهُ لَهُ نُورًا فَمَا لَهُ مِنْ نُورٍ

Же алардын мисалы: Түбү терең деңиздеги караңгылык сыйактуу. Толкун үстүндө толкун (уйулгуп), анын үстүнөн булут каптаган, бири-биринин үстүнөн чүмкөгөн караңгылыктар. Адам колун чыгарса, аны көрө алышпайт. Алла жарык бербеген адамда жарык болбойт.

a. Ороп алган, каптап калган, тумчулаган... b. /ч кабат караёгылык: 1) булуттун караёгылыгы, 2) деёиздин карёгылыгы, 3) кабатталган толкундардын караёгылыгы