1 سُورَةٌ أَنْزَلْنَاهَا وَفَرَضْنَاهَا وَأَنْزَلْنَا فِيهَا آيَاتٍ بَيِّنَاتٍ لَعَلَّكُمْ تَذَكَّرُونَ
Бул сүрөнү түшүрдүк да, анын өкүмдөрүн (аткарууну) парз кылдык. Насаат алышыңар үчүн мында ачык-айкын айаттарды түшүрдүк.
1 سُورَةٌ أَنْزَلْنَاهَا وَفَرَضْنَاهَا وَأَنْزَلْنَا فِيهَا آيَاتٍ بَيِّنَاتٍ لَعَلَّكُمْ تَذَكَّرُونَ
Бул сүрөнү түшүрдүк да, анын өкүмдөрүн (аткарууну) парз кылдык. Насаат алышыңар үчүн мында ачык-айкын айаттарды түшүрдүк.
2 الزَّانِيَةُ وَالزَّانِي فَاجْلِدُوا كُلَّ وَاحِدٍ مِنْهُمَا مِائَةَ جَلْدَةٍ وَلَا تَأْخُذْكُمْ بِهِمَا رَأْفَةٌ فِي دِينِ اللَّهِ إِنْ كُنْتُمْ تُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَلْيَشْهَدْ عَذَابَهُمَا طَائِفَةٌ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ
Айагы суйук айал менен айагы суйук эркектин ар бирине жүз балак ургула. Эгер Аллага жана акырет күнүнө ишенсеңер, анда аларга жумшактык кылбагыла. Албетте, экөөсүнүн жазасына момундардын бир тобу күбө болсун (көрүп турсун).
a. Никесиз бузукулук жасаган
3 الزَّانِي لَا يَنْكِحُ إِلَّا زَانِيَةً أَوْ مُشْرِكَةً وَالزَّانِيَةُ لَا يَنْكِحُهَا إِلَّا زَانٍ أَوْ مُشْرِكٌ وَحُرِّمَ ذَلِكَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ
Айагы суйук эркек – айагы суйук айал менен, же болбосо мушрик айал менен үйлөнүшү керек. Айагы суйук айал да, айагы суйук эркек, же болбосо мушрик эркек менен гана баш кошот. Бул момундарга арам кылынды.
a. Къп кудайга сыйынуучу b. Айагы суйуктар менен баш кошуу c. Тыйуу салынды
4 وَالَّذِينَ يَرْمُونَ الْمُحْصَنَاتِ ثُمَّ لَمْ يَأْتُوا بِأَرْبَعَةِ شُهَدَاءَ فَاجْلِدُوهُمْ ثَمَانِينَ جَلْدَةً وَلَا تَقْبَلُوا لَهُمْ شَهَادَةً أَبَدًا وَأُولَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ
Таза айалдарга «айагы суйуктук кылды» деп жалган жалаа жапкандар эгер төрт (адамдан турган) күбө келтире албаса, анда алардан сексен балак алынсын. Мындан соң алардын күбөлүктөрүн эч качан кабыл албагыла. Мына ушулар –бузукулар.
a. Жалганчылар билингенден кийин b. Алардын съз\нъ эч качан ишенбегиле c. Таза айалдарга жалган жалаа жапкан жалганчылар
5 إِلَّا الَّذِينَ تَابُوا مِنْ بَعْدِ ذَلِكَ وَأَصْلَحُوا فَإِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Бирок андан кийин тообо кылып, түзөлгөндөргө Алла –Кечиримдүү, Мээримдүү!
6 وَالَّذِينَ يَرْمُونَ أَزْوَاجَهُمْ وَلَمْ يَكُنْ لَهُمْ شُهَدَاءُ إِلَّا أَنْفُسُهُمْ فَشَهَادَةُ أَحَدِهِمْ أَرْبَعُ شَهَادَاتٍ بِاللَّهِ إِنَّهُ لَمِنَ الصَّادِقِينَ
Өз жубайларына «айагы суйуктук кылды», – деп жалаа жаап, өздөрүнөн башка эч бир далилдери, (күбөлөрү) болбогондордун ар биринин күбөлүгү – чын айтып жаткандары тууралуу төрт жолу Алланын аты менен карганат.
7 وَالْخَامِسَةُ أَنَّ لَعْنَتَ اللَّهِ عَلَيْهِ إِنْ كَانَ مِنَ الْكَاذِبِينَ
Бешинчи жолкусунда (эркек): «Эгер жалган айтуучулардан болсом, мага Алланын каргышы тийсин!», (дейт).
8 وَيَدْرَأُ عَنْهَا الْعَذَابَ أَنْ تَشْهَدَ أَرْبَعَ شَهَادَاتٍ بِاللَّهِ إِنَّهُ لَمِنَ الْكَاذِبِينَ
Күйөөсүнүн жалган жалаа жаап жатканы жөнүндө айалы да төрт ирет Алланын аты менен ант ичип, өзүнөн жазаны кетире алат.
a. Ъз\нъ буйрулуучу жазаны четке кагып, (эгер чындыгында эле айалы таза болсо) жазадан кутулууга болот
9 وَالْخَامِسَةَ أَنَّ غَضَبَ اللَّهِ عَلَيْهَا إِنْ كَانَ مِنَ الصَّادِقِينَ
Бешинчи жолкусунда айал: «Эгер анын айткандары чын болсо мага Алланын каары тийсин!», (дейт).
10 وَلَوْلَا فَضْلُ اللَّهِ عَلَيْكُمْ وَرَحْمَتُهُ وَأَنَّ اللَّهَ تَوَّابٌ حَكِيمٌ
Эгер силерге Алланын кең пейилдиги жана ырайымы болбогондо… (эмне деген гана азапты тартпайт элеңер!). Чындыгында, Алла – тооболорду кабыл кылуучу, Даанышман.
11 إِنَّ الَّذِينَ جَاءُوا بِالْإِفْكِ عُصْبَةٌ مِنْكُمْ لَا تَحْسَبُوهُ شَرًّا لَكُمْ بَلْ هُوَ خَيْرٌ لَكُمْ لِكُلِّ امْرِئٍ مِنْهُمْ مَا اكْتَسَبَ مِنَ الْإِثْمِ وَالَّذِي تَوَلَّى كِبْرَهُ مِنْهُمْ لَهُ عَذَابٌ عَظِيمٌ
Чындыгында, силердин ичиңерден жалган айткан топтун сөзүн (өзүңө келген) жамандык катары түшүнбөгүлө. Тескерисинче, ал силер үчүн жакшылык (болуп саналат). Алардын ар бири күнөөгө ээ болду. Алардын башчылык кылган чоңуна зор азап бар.
a. с\й\кт\\ пайгамбарыбыз Мухаммед (а.с.) Бану Мусталык согушунан кайткан кезде т\нъгън бир жерде Айша апабыз (Алла андан ыраазы болсун) т\згъ олтуруп келсе, мойнундагы шурусу жок. Кайра барып алып келгенче къч ж\р\п кетет. Журтка короолчулук кылып калган Сапувван Мугтал Айша апабызды ъз тъъс\нъ мингизип алып келген кезде, Абдулла Убай башында турган мушриктер Айша апабыз тууралуу жалган жалааларды жайылтууга аракет кылышат. Кеп ошолор тууралуу болууда.
12 لَوْلَا إِذْ سَمِعْتُمُوهُ ظَنَّ الْمُؤْمِنُونَ وَالْمُؤْمِنَاتُ بِأَنْفُسِهِمْ خَيْرًا وَقَالُوا هَذَا إِفْكٌ مُبِينٌ
Эгер аны укканыңарда момун эркек менен момун айалдар дилдеринде жакшылыкты гана ойлоп: «Бул даана жалаа»,– деген болсо (өздөрүнө жакшы болор эле).
13 لَوْلَا جَاءُوا عَلَيْهِ بِأَرْبَعَةِ شُهَدَاءَ فَإِذْ لَمْ يَأْتُوا بِالشُّهَدَاءِ فَأُولَئِكَ عِنْدَ اللَّهِ هُمُ الْكَاذِبُونَ
Алар ага төрт күбө келтириши керек болчу. Албетте, алар күбө (далил) келтирише алган жок. Мына ушулар – Алланын алдында жалганчы болгондор.
14 وَلَوْلَا فَضْلُ اللَّهِ عَلَيْكُمْ وَرَحْمَتُهُ فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ لَمَسَّكُمْ فِي مَا أَفَضْتُمْ فِيهِ عَذَابٌ عَظِيمٌ
Эгер силерге бул дүйнө менен акыретте Алланын жакшылыгы, ырайымдулугу болбогондо, албетте, жалган жалаа жапканыңардын айынан зор азапка дуушар болмоксуңар.
a. Кеё пейилдиги
15 إِذْ تَلَقَّوْنَهُ بِأَلْسِنَتِكُمْ وَتَقُولُونَ بِأَفْوَاهِكُمْ مَا لَيْسَ لَكُمْ بِهِ عِلْمٌ وَتَحْسَبُونَهُ هَيِّنًا وَهُوَ عِنْدَ اللَّهِ عَظِيمٌ
Ошол убакта өзүңөр билбеген нерсени (жалааны) оозеки жайылтып, ага жеңил карадыңар. Ал (жалаа), чындыгында, Алланын алдында чоң күнөө.
16 وَلَوْلَا إِذْ سَمِعْتُمُوهُ قُلْتُمْ مَا يَكُونُ لَنَا أَنْ نَتَكَلَّمَ بِهَذَا سُبْحَانَكَ هَذَا بُهْتَانٌ عَظِيمٌ
Аны угуп жаткан кезде: «Мындайды биздин айтуубузга болбойт. Оо, Алла, Сени аруулайбыз. Бул – чоң жалаа»,– дебедиңер беле?!
17 يَعِظُكُمُ اللَّهُ أَنْ تَعُودُوا لِمِثْلِهِ أَبَدًا إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ
Эгер момун болсоңор, анда Алла мындайды эч качан кайталабашыңарды эскертет.
18 وَيُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمُ الْآيَاتِ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ
Алла силерге айаттарын ачык байан кылууда. Анткени, Алла – Билүүчү, Даанышман!
19 إِنَّ الَّذِينَ يُحِبُّونَ أَنْ تَشِيعَ الْفَاحِشَةُ فِي الَّذِينَ آمَنُوا لَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ وَاللَّهُ يَعْلَمُ وَأَنْتُمْ لَا تَعْلَمُونَ
Ырасында, ушундай момундардын ичинде чагымчылык, жалаа таркалуусун жактыргандарга дүйнөдө жана акыретте оорутуучу азап бар. Алла – билет, силер – билбейсиңер!
20 وَلَوْلَا فَضْلُ اللَّهِ عَلَيْكُمْ وَرَحْمَتُهُ وَأَنَّ اللَّهَ رَءُوفٌ رَحِيمٌ
Эгер силерге Алланын жакшылыгы, ырайымдуулугу болбогондо… (кандай гана катуу жазаланмаксыңар). Чындыгында, Алла – Боорукер, Мээримдүү!