бөлүм Хаж - الحج

61 ذَلِكَ بِأَنَّ اللَّهَ يُولِجُ اللَّيْلَ فِي النَّهَارِ وَيُولِجُ النَّهَارَ فِي اللَّيْلِ وَأَنَّ اللَّهَ سَمِيعٌ بَصِيرٌ

Мына, ырасында Аллах түндү күндүзгө, күндүздү түнгө кошот. Акыйкатта, Аллах – ар нерсени Угуучу, Көрүүчү!

62 ذَلِكَ بِأَنَّ اللَّهَ هُوَ الْحَقُّ وَأَنَّ مَا يَدْعُونَ مِنْ دُونِهِ هُوَ الْبَاطِلُ وَأَنَّ اللَّهَ هُوَ الْعَلِيُّ الْكَبِيرُ

Ырасында, Аллах – Акыйкат! Албетте, алардын Аллахтан башкага сыйынгандары теке кетүүчү (сыйынуу). Акыйкатта, Аллах – Бийик, Улуу!

63 أَلَمْ تَرَ أَنَّ اللَّهَ أَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَتُصْبِحُ الْأَرْضُ مُخْضَرَّةً إِنَّ اللَّهَ لَطِيفٌ خَبِيرٌ

Карабайсыңбы: Чындыгында, Аллах – асмандан жамгыр жаадырып, жер жапжашыл болууда. Албетте, Аллах – Ырайымдуу, Билүүчү!

64 لَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ وَإِنَّ اللَّهَ لَهُوَ الْغَنِيُّ الْحَمِيدُ

Асмандар менен жердеги нерселердин баары – Аллахтыкы! Чындыгында, Аллах – Бай, Даңктуу!

65 أَلَمْ تَرَ أَنَّ اللَّهَ سَخَّرَ لَكُمْ مَا فِي الْأَرْضِ وَالْفُلْكَ تَجْرِي فِي الْبَحْرِ بِأَمْرِهِ وَيُمْسِكُ السَّمَاءَ أَنْ تَقَعَ عَلَى الْأَرْضِ إِلَّا بِإِذْنِهِ إِنَّ اللَّهَ بِالنَّاسِ لَرَءُوفٌ رَحِيمٌ

Чындыгында, Аллахтын жердегилерди жана Өз буйругу менен деңиздерде (сүзүп) жүргөн кемелерди силерге багындырып койгонун жана Өз буйругусуз асмандын жерге түшүшүн токтотуп турганын көрбөй жатасыңарбы? Чындыгында, Аллах – адамдарга Ырайымдуу, Боорукер!

66 وَهُوَ الَّذِي أَحْيَاكُمْ ثُمَّ يُمِيتُكُمْ ثُمَّ يُحْيِيكُمْ إِنَّ الْإِنْسَانَ لَكَفُورٌ

Аллах – силерди тирилтти, анан өлтүрөт. Анан (Кыйаматта) кайра тирилтет. Ырасында, адам баласы (Аллахка) шүгүрсүздүк кылат.

a. Аллахтын сансыз жакшылыктарын көрүп туруп, шүгүр келтирип, ыраазы болуп койбойт

67 لِكُلِّ أُمَّةٍ جَعَلْنَا مَنْسَكًا هُمْ نَاسِكُوهُ فَلَا يُنَازِعُنَّكَ فِي الْأَمْرِ وَادْعُ إِلَى رَبِّكَ إِنَّكَ لَعَلَى هُدًى مُسْتَقِيمٍ

Ар бир коом үчүн, алар аткара турган бир эреже жасадык. Ошондуктан алар сени менен бул иш тууралуу тартышпасын. (Сен) Эгең тарапка чакыр. Сен, албетте, туура жол үстүндөсүң.

a. шариат b. Мухаммед (а.с.)га кайрылуу

68 وَإِنْ جَادَلُوكَ فَقُلِ اللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا تَعْمَلُونَ

Эгер алар сени менен талашса, анда аларга: “Аллах эмне жасап жатканыңарды жакшы билет”,– дегин.

69 اللَّهُ يَحْكُمُ بَيْنَكُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ فِيمَا كُنْتُمْ فِيهِ تَخْتَلِفُونَ

Аллах Кыйамат Күнү алар (силер менен) талашып-тартышкан нерселер тууралуу өкүм чыгарат.

70 أَلَمْ تَعْلَمْ أَنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ مَا فِي السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ إِنَّ ذَلِكَ فِي كِتَابٍ إِنَّ ذَلِكَ عَلَى اللَّهِ يَسِيرٌ

Аллахтын жердеги, асмандардагы нерселердин (баарын) биле турганын билбейсиңби? Албетте, булар Китепте жазылуу. Чындыгында, бул – Аллахка оңой!

a. Бул дүйнөдө болуп өткөн, болуп жаткан жана келечекте болуучу баардык окуйалар... Акыретте эмнелер болоору... b. Эч нерсени калтырбай, баары тууралуу билүү –

71 وَيَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ مَا لَمْ يُنَزِّلْ بِهِ سُلْطَانًا وَمَا لَيْسَ لَهُمْ بِهِ عِلْمٌ وَمَا لِلظَّالِمِينَ مِنْ نَصِيرٍ

Алар Аллахтан башка, ага эч бир далил түшүрүлбөгөн жана ал жөнүндө өздөрүндө да эч бир маалымат болбогон нерселерге сыйынышат. Ал заалымдар үчүн (Кыйаматта) бир да жардамчы болбойт.

a. Мушриктер сыйынган сөлөкөттүн кудай экендигине b. Сөлөкөт-буддарга... ж.б.у.с. c. Өз жандарына өздөрү зулумдук кылып, Тозокко түшүрүүчүлөр d. Аларды Тозоктон куткарып алаар

72 وَإِذَا تُتْلَى عَلَيْهِمْ آيَاتُنَا بَيِّنَاتٍ تَعْرِفُ فِي وُجُوهِ الَّذِينَ كَفَرُوا الْمُنْكَرَ يَكَادُونَ يَسْطُونَ بِالَّذِينَ يَتْلُونَ عَلَيْهِمْ آيَاتِنَا قُلْ أَفَأُنَبِّئُكُمْ بِشَرٍّ مِنْ ذَلِكُمُ النَّارُ وَعَدَهَا اللَّهُ الَّذِينَ كَفَرُوا وَبِئْسَ الْمَصِيرُ

Ар качан аларга айкын айаттарыбыз окулса, каапырлардын жүзүнөн каршылыкты сезесиң. Ошондуктан алар өздөрүнө айаттарыбызды окуган адамды баса кала жаздашат. Аларга: “Эми силерге мындан да жаманынын кабарын берейинби? Ал – от! Аллах аны каапырларга убада кылган кандай жаман жай!”,– деп айткын.

a. Маанилери түшүнүктүү b. Абдан жек көрүшөт. Анткени ал айаттарда алардын орду тозок экени ачык айтылып, жердеги алардын жыргалдарын жокко чыгарып жатпайбы c. Курандагы айаттардын чындыгына каршы чыккандарга

73 يَا أَيُّهَا النَّاسُ ضُرِبَ مَثَلٌ فَاسْتَمِعُوا لَهُ إِنَّ الَّذِينَ تَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ لَنْ يَخْلُقُوا ذُبَابًا وَلَوِ اجْتَمَعُوا لَهُ وَإِنْ يَسْلُبْهُمُ الذُّبَابُ شَيْئًا لَا يَسْتَنْقِذُوهُ مِنْهُ ضَعُفَ الطَّالِبُ وَالْمَطْلُوبُ

Эй, адамдар! (Силерге Аллахтан) бир мисал келтирилди. Эми ошого кулак салгыла: “Силердин Аллахтан башкага сыйынгандарыңардын баары жыйналып келсе, бир чымынды да жарата албайт. Эгер чымын алардын бир нерсесин алып качса, андан аны куткарып да кала алышпайт. Анткени кубалаган да, кууган да алсыз.

a. Өтө алсыз…кудуретсиз, колунан эч нерсе келбеген, Аллах тарабынан жаратылган жандар…

74 مَا قَدَرُوا اللَّهَ حَقَّ قَدْرِهِ إِنَّ اللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ

Алар Аллахтын кадырын билип, чындап баалай алышпайт! Аллах – Кубаттуу, Ызааттуу!

75 اللَّهُ يَصْطَفِي مِنَ الْمَلَائِكَةِ رُسُلًا وَمِنَ النَّاسِ إِنَّ اللَّهَ سَمِيعٌ بَصِيرٌ

Аллах периштелерден да, адамдардан да элчилерди тандап алат. Чындыгында, Аллах – Угуучу, Көрүүчү!

76 يَعْلَمُ مَا بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَمَا خَلْفَهُمْ وَإِلَى اللَّهِ تُرْجَعُ الْأُمُورُ

Алардын алдындагыларды да, артындагыларды да билет. Албетте, бардык иштер – Аллахка кайтат.

a. Алар эми, мындан ары баштарынан кечире турган окуйаларды b. Алардын башынан мурда өткөн окуйаларды

77 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا ارْكَعُوا وَاسْجُدُوا وَاعْبُدُوا رَبَّكُمْ وَافْعَلُوا الْخَيْرَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ

Эй, ыйман келтиргендер! Рүкү, сежде кылып, Эгеңерге сыйынгыла жана (адамдарга, туугандарыңарга) жакшылык кылгыла. Балким, (тозоктон) кутулаарсыңар.

a. Намаз учурундагы колду тизеге койуп, эңкейип турган көрүнүш b. Бул айат “сежде айаты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он үчүнчү бөлүмүн караңыз.

78 وَجَاهِدُوا فِي اللَّهِ حَقَّ جِهَادِهِ هُوَ اجْتَبَاكُمْ وَمَا جَعَلَ عَلَيْكُمْ فِي الدِّينِ مِنْ حَرَجٍ مِلَّةَ أَبِيكُمْ إِبْرَاهِيمَ هُوَ سَمَّاكُمُ الْمُسْلِمِينَ مِنْ قَبْلُ وَفِي هَذَا لِيَكُونَ الرَّسُولُ شَهِيدًا عَلَيْكُمْ وَتَكُونُوا شُهَدَاءَ عَلَى النَّاسِ فَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَآتُوا الزَّكَاةَ وَاعْتَصِمُوا بِاللَّهِ هُوَ مَوْلَاكُمْ فَنِعْمَ الْمَوْلَى وَنِعْمَ النَّصِيرُ

Аллах жолунда чын дилиңерден күрөшкө чыккыла. Силерди Ал тандап алды. Силерге динде кыйынчылык жараткан жок. (Ислам бул–) атаңар Ибрахимдин жолу. Аллах мурун да, ушул Куранда да пайгамбардын (Кыйаматта) силерге күбө болушун, силердин болсо башка (замандаш адамдарыңарга) күбө болушуңар үчүн “мусулман” деп атады. Эми намазды толук аткаргыла. Зекет бергиле жана Аллахты бекем кармангыла! Кожойунуңар – Ошол. Ал – кандай мыкты Жардам берүүчү!

a. Аллах b. Ушул доордо, ушул чөйрөдө жаратып, адашуучулардын арасынан чыгарып, Бейишке кирүүчү мусулманга айландырды c. Ислам дининин эрежелерин аткарууну бардык шарттарга ылайыктап: үйдө да, сапарда да баратып, (ал тургай ооруп калгандар) намазды олтуруп, же жатып окуй турган кылып жөнөкөйлөтүп койду d. Ибрахим ( а.с.) - бүткүл мусулмандар үчүн өрнөк болуучу улуу пайгамбарлардын бири, Мухаммед (а.с.) пайгамбарыбыздын түпкү аталарынын бири, ал өтө такыбалыгы менен “ханиф” атка конгон e. Алардын Аллахка, Анын акыркы пайгамбары Мухаммед (а.с.)га канчалык мойун сунуп, же четке какканына Кыйамат күнү күбө болушуңар үчүн f. Аллахтын жолун бекем карманып, ислам жолунан чыгып кетпештин бардык аракеттерин жасагыла. g. Аллах Таала