бөлүм Хаж - الحج

41 الَّذِينَ إِنْ مَكَّنَّاهُمْ فِي الْأَرْضِ أَقَامُوا الصَّلَاةَ وَآتَوُا الزَّكَاةَ وَأَمَرُوا بِالْمَعْرُوفِ وَنَهَوْا عَنِ الْمُنْكَرِ وَلِلَّهِ عَاقِبَةُ الْأُمُورِ

Эгер аларды жер жүзүнө (бекем) жайгаштырсак, алар намаздарды аткарып, зекет беришип, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыйышат. Акыйкатта, иштердин акыбети – Аллахка таандык.

a. Мусулмандарды, момундарды, такыбаларды b. натыйжасы

42 وَإِنْ يُكَذِّبُوكَ فَقَدْ كَذَّبَتْ قَبْلَهُمْ قَوْمُ نُوحٍ وَعَادٌ وَثَمُودُ

Эгер алар сени жалганчыга чыгарышса, ырасында, алардан мурун Нухтун эли, Аад жана Самуд да эли (өз пайгамбарларын) “жалганчы” атыктырышкан.

a. Мухаммед (а.с.)га кайрылуу b. Каапырлар, мушриктер, мунафыктар...

43 وَقَوْمُ إِبْرَاهِيمَ وَقَوْمُ لُوطٍ

Ошондой эле, Ибрахим эли менен Нух эли да (аларды “жалганчы” дешкен).

44 وَأَصْحَابُ مَدْيَنَ وَكُذِّبَ مُوسَى فَأَمْلَيْتُ لِلْكَافِرِينَ ثُمَّ أَخَذْتُهُمْ فَكَيْفَ كَانَ نَكِيرِ

Мадйан эли да (Шуайпты) жалганчыга чыгарышып, Муса да “жалганчы” атыккан. Ошентип каапырларга (бир аз) мөөнөт бердим. Андан соң аларды катуу кармадым. Каарым кандай экен?!

a. Бул дүйнөдө өмүр сүрүү мөөнөтүн узагыраак кылып койдум... b. Өтө катуу азап менен алдым

45 فَكَأَيِّنْ مِنْ قَرْيَةٍ أَهْلَكْنَاهَا وَهِيَ ظَالِمَةٌ فَهِيَ خَاوِيَةٌ عَلَى عُرُوشِهَا وَبِئْرٍ مُعَطَّلَةٍ وَقَصْرٍ مَشِيدٍ

Канчалаган заалым шаарларды тыптыйпыл кылдык. Алардын шыбы астын-үстүн түшүп жатат. Ошондой эле ээн калган кудук, ойрон болгон хансарайларды (карагылачы!).

46 أَفَلَمْ يَسِيرُوا فِي الْأَرْضِ فَتَكُونَ لَهُمْ قُلُوبٌ يَعْقِلُونَ بِهَا أَوْ آذَانٌ يَسْمَعُونَ بِهَا فَإِنَّهَا لَا تَعْمَى الْأَبْصَارُ وَلَكِنْ تَعْمَى الْقُلُوبُ الَّتِي فِي الصُّدُورِ

Алар эмне (сайакаттап) жер кезбей жатышабы? Анан да, алардын түшүнө турган жүрөктөрү, уга турган кулактары болсо кана. Ырасында (каапырлардын) көздөрү сокур эмес. Бирок көөдөндөгү жүрөктөрү сокур!

a. Каапырлар b. Кыйрап калган Помпей, Вавилон сыйактуу шаарларды кароого жете турган көрүү касетин аларга деле тартуулаганбыз. c. Көзү менен көрүп, кулагы менен угуп, колу менен кармап турган нерселерден туура тыйанак чыгарууга кудуретсиз, жөндөмсүз, алсыз...

47 وَيَسْتَعْجِلُونَكَ بِالْعَذَابِ وَلَنْ يُخْلِفَ اللَّهُ وَعْدَهُ وَإِنَّ يَوْمًا عِنْدَ رَبِّكَ كَأَلْفِ سَنَةٍ مِمَّا تَعُدُّونَ

Алар сенден азаптын тез келишин талап кылышат. Аллах Өз убадасына каршы чыкпайт. Чындыгында, Аллахтын алдындагы бир күн – силердин санак бойунча миң жылга тете.

a. Мухаммед (а.с.)га кайрылуу

48 وَكَأَيِّنْ مِنْ قَرْيَةٍ أَمْلَيْتُ لَهَا وَهِيَ ظَالِمَةٌ ثُمَّ أَخَذْتُهَا وَإِلَيَّ الْمَصِيرُ

Канчалаган шаарларга, алар заалым болгонуна карабастан (белгилүү бир) мөөнөт берип, андан кийин гана алдым. Кайтуу мага (гана).

a. Кырсык аркылуу кыйноо менен жандарын алдым

49 قُلْ يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنَّمَا أَنَا لَكُمْ نَذِيرٌ مُبِينٌ

“Эй, адамдар! Чындыгында, мен – бар болгону силеге ачык эскертүүчүмүн”,–дегин.

a. Мухаммед (а.с.)га кайрылуу

50 فَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَهُمْ مَغْفِرَةٌ وَرِزْقٌ كَرِيمٌ

Ал эми (Аллахка) ыйман келтирип, жакшы амалдарды жасагандарга (Аллахтын) кечирими жана сыйлуу ырыскылар бар.

a. Бир гана Аллахнны ыраазычылыгына жетүү үчүн

51 وَالَّذِينَ سَعَوْا فِي آيَاتِنَا مُعَاجِزِينَ أُولَئِكَ أَصْحَابُ الْجَحِيمِ

Айаттарыбызды бузууга жарышып аракет кылгандар – алар Тозок ээлери.

52 وَمَا أَرْسَلْنَا مِنْ قَبْلِكَ مِنْ رَسُولٍ وَلَا نَبِيٍّ إِلَّا إِذَا تَمَنَّى أَلْقَى الشَّيْطَانُ فِي أُمْنِيَّتِهِ فَيَنْسَخُ اللَّهُ مَا يُلْقِي الشَّيْطَانُ ثُمَّ يُحْكِمُ اللَّهُ آيَاتِهِ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ

Сенден мурун деле, элчи, же пайгамбар жиберсек жана ал окуса, анын окуганына шайтан адашуу салган. Аллах – шайтандын адаштыруусун жокко чыгарып, анан Өз айаттарын бекемдейт. Аллах – Билүүчү, Даанышман!

53 لِيَجْعَلَ مَا يُلْقِي الشَّيْطَانُ فِتْنَةً لِلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ وَالْقَاسِيَةِ قُلُوبُهُمْ وَإِنَّ الظَّالِمِينَ لَفِي شِقَاقٍ بَعِيدٍ

Шайтандын үстөмдүгү – жүрөктөрүндө күмөн ооруусу барларга, жүрөктөрү катып калгандарга, аларды сыноо үчүн (жасалды). Албетте, заалымдар абдан терең адашууда.

a. Зулумдук менен шугулданган адилетсиз каапырлар

54 وَلِيَعْلَمَ الَّذِينَ أُوتُوا الْعِلْمَ أَنَّهُ الْحَقُّ مِنْ رَبِّكَ فَيُؤْمِنُوا بِهِ فَتُخْبِتَ لَهُ قُلُوبُهُمْ وَإِنَّ اللَّهَ لَهَادِ الَّذِينَ آمَنُوا إِلَى صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ

Илим берилгендер Курандын Эгеңден келген Акыйкат экендигин билип, андан жүрөктөрү жай алуусу үчүн (түшүрүлдү). Албетте, Аллах ыйман келтиргендерди, туура жолго Багыттоочу!

55 وَلَا يَزَالُ الَّذِينَ كَفَرُوا فِي مِرْيَةٍ مِنْهُ حَتَّى تَأْتِيَهُمُ السَّاعَةُ بَغْتَةً أَوْ يَأْتِيَهُمْ عَذَابُ يَوْمٍ عَقِيمٍ

Ал эми каапырлар келе турган Кыйамат кокустан келгенге чейин, же акыркы күндүн азабы келгенге чейин ыйык Курандан шектене беришет.

56 الْمُلْكُ يَوْمَئِذٍ لِلَّهِ يَحْكُمُ بَيْنَهُمْ فَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ فِي جَنَّاتِ النَّعِيمِ

Ошол Күнү Кожойундук – Аллахка гана таандык (болот). Алардын араларында (Аллах) өкүм чыгарат. Ошондо ыйман келтиргендер, жакшы амалдарды жасагандар – Ырахат бактарында (болушат).

a. Алар тынбай талашып келген маселелер тууралуу b. Бейиште

57 وَالَّذِينَ كَفَرُوا وَكَذَّبُوا بِآيَاتِنَا فَأُولَئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ مُهِينٌ

Каапырлык кылып, айаттарыбызды жалган дегендерге кордоочу азап бар.

a. Куранды

58 وَالَّذِينَ هَاجَرُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ ثُمَّ قُتِلُوا أَوْ مَاتُوا لَيَرْزُقَنَّهُمُ اللَّهُ رِزْقًا حَسَنًا وَإِنَّ اللَّهَ لَهُوَ خَيْرُ الرَّازِقِينَ

Ал эми Аллах жолунда көчкөндөр, анан өлтүрүлгөн же өлгөн адамдарга, Аллах мыкты ырыскыларды тартуу кылат. Албетте, Аллах – ырыскы берүүчүлөрдүн эң Мыктысы!

a. Аллах ыраазычылыгы үчүн Меккеден Мединага көчкөндөр

59 لَيُدْخِلَنَّهُمْ مُدْخَلًا يَرْضَوْنَهُ وَإِنَّ اللَّهَ لَعَلِيمٌ حَلِيمٌ

Аллах аларды ыраазы боло турган жайга киргизет. Чындыгында, Аллах – Билүүчү, Жумшак!

60 ذَلِكَ وَمَنْ عَاقَبَ بِمِثْلِ مَا عُوقِبَ بِهِ ثُمَّ بُغِيَ عَلَيْهِ لَيَنْصُرَنَّهُ اللَّهُ إِنَّ اللَّهَ لَعَفُوٌّ غَفُورٌ

Мына ушундай, ким өзүнө (жамандык) жасалган денгээлде гана жамандык кылууга укуктуу. Эгер ким чектен ашса, албетте, Аллах тигиге жардам берет. Чындыгында, Аллах –Кечиримдүү, Боорукер.

a. Өзүнө канчалык зулумдук жасалган болсо, ошончолук денгээлде өч алуу менен жооп берүүсү керек. Чектен ашып, кайра-кайра өч алууга Аллах жол бербейт. Андайды Аллах сөзсүз жазалайт. b. Ашыкча зулумдукка учураган адамга