бөлүм Хаж - الحج

1 يَا أَيُّهَا النَّاسُ اتَّقُوا رَبَّكُمْ إِنَّ زَلْزَلَةَ السَّاعَةِ شَيْءٌ عَظِيمٌ

Эй, адамдар! Эгеңерден корккула. Чындыгында, Кыйаматтын силкинүүсү улуу нерсе.

a. Кыйаматтагы жердин силкинүүсү b. Өтө коркунучту, ал үрөй учурган окуйа

2 يَوْمَ تَرَوْنَهَا تَذْهَلُ كُلُّ مُرْضِعَةٍ عَمَّا أَرْضَعَتْ وَتَضَعُ كُلُّ ذَاتِ حَمْلٍ حَمْلَهَا وَتَرَى النَّاسَ سُكَارَى وَمَا هُمْ بِسُكَارَى وَلَكِنَّ عَذَابَ اللَّهِ شَدِيدٌ

Ал Күнү ар бир эмизүүчүнүн эмизген нерсесин унутканын жана ар бир бойунда бар (ургаачы) боюндагысын таштап койгонун, а адамдарды (болсо) мас абалда көрөсүң. Акыйкатта, алар мас эмес, бирок, Аллахтын азабы катуу…

a. эмчек эмизип жаткан баласын b. Алар кыяматтын коркунучунан улам ушундай абалда…

3 وَمِنَ النَّاسِ مَنْ يُجَادِلُ فِي اللَّهِ بِغَيْرِ عِلْمٍ وَيَتَّبِعُ كُلَّ شَيْطَانٍ مَرِيدٍ

Адамдардын айрымдары Аллах тууралуу билбей эле талашышат да, азгыруучу шайтанды ээрчишет.

4 كُتِبَ عَلَيْهِ أَنَّهُ مَنْ تَوَلَّاهُ فَأَنَّهُ يُضِلُّهُ وَيَهْدِيهِ إِلَى عَذَابِ السَّعِيرِ

Ырасында, ким шайтанды ээрчисе, ал аны адаштырып, Тозок азабына жетелээри тагдырга жазылган.

a. Лавхул Махфузда

5 يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنْ كُنْتُمْ فِي رَيْبٍ مِنَ الْبَعْثِ فَإِنَّا خَلَقْنَاكُمْ مِنْ تُرَابٍ ثُمَّ مِنْ نُطْفَةٍ ثُمَّ مِنْ عَلَقَةٍ ثُمَّ مِنْ مُضْغَةٍ مُخَلَّقَةٍ وَغَيْرِ مُخَلَّقَةٍ لِنُبَيِّنَ لَكُمْ وَنُقِرُّ فِي الْأَرْحَامِ مَا نَشَاءُ إِلَى أَجَلٍ مُسَمًّى ثُمَّ نُخْرِجُكُمْ طِفْلًا ثُمَّ لِتَبْلُغُوا أَشُدَّكُمْ وَمِنْكُمْ مَنْ يُتَوَفَّى وَمِنْكُمْ مَنْ يُرَدُّ إِلَى أَرْذَلِ الْعُمُرِ لِكَيْلَا يَعْلَمَ مِنْ بَعْدِ عِلْمٍ شَيْئًا وَتَرَى الْأَرْضَ هَامِدَةً فَإِذَا أَنْزَلْنَا عَلَيْهَا الْمَاءَ اهْتَزَّتْ وَرَبَتْ وَأَنْبَتَتْ مِنْ كُلِّ زَوْجٍ بَهِيجٍ

Эй, адамдар! Эгер өлгөндөн кийин тирилүүдөн шектенсеңер, албетте, биз силерди топурактан, анан бир тамчыдан, анан уйуган кандан, түспөлдүү-түспөлсүз бир үзүм эттен өзүңөргө (кудуретибизди) билдирүү үчүн жараттык. Ошентип, жатындарда (Өзүбүз) каалаган белгилүү мөөнөткө чейин койуп койобуз. Анан бөбөк кылып чыгарабыз. Андан кийин эрезеге жетесиңер. Кээ бирлериңер кайтыш болуп, кай бирлериңер ар нерсени билгенден кийин, эч нерсени билбей турган өмүрдүн начарлыгына кайтарыласыңар. Куураган жерди көрүп турасыңар го. Ага жамгыр жаадырсак кыймылга кирип, көөп, ар түрлүү кооз өсүмдүктөрдү өндүрөт.

a. Бир тамчы урук суюктугунан b. Өндүрүп? өстүрүп чыгарат

6 ذَلِكَ بِأَنَّ اللَّهَ هُوَ الْحَقُّ وَأَنَّهُ يُحْيِي الْمَوْتَى وَأَنَّهُ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

Чындыгында булар – Аллахтынын Акыйкаттыгынан. Албетте, Ал өлүктү тирилтет. Анткени, Анын ар нерсеге Кудуреттүү.

a. жогоруда айтылган адамдын жаралышынан тарта, жерди тирилтүүгө чейинкилер баары

7 وَأَنَّ السَّاعَةَ آتِيَةٌ لَا رَيْبَ فِيهَا وَأَنَّ اللَّهَ يَبْعَثُ مَنْ فِي الْقُبُورِ

Албетте, Кыйамат келет. Анда эч шек жок. Чындыгында, Аллах мүрзөдөгүлөрдү тирилтет.

8 وَمِنَ النَّاسِ مَنْ يُجَادِلُ فِي اللَّهِ بِغَيْرِ عِلْمٍ وَلَا هُدًى وَلَا كِتَابٍ مُنِيرٍ

Адамдардын айрымдары билимсиз, жол башчысыз жана нур берүүчү китеби да жок туруп эле, Аллах жөнүндө талашышат.

a. пайгамбарсыз b. насаат c. Ошондой караңгы боло туруп дагы

9 ثَانِيَ عِطْفِهِ لِيُضِلَّ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ لَهُ فِي الدُّنْيَا خِزْيٌ وَنُذِيقُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ عَذَابَ الْحَرِيقِ

Аллахтын жолунан адаштыруу үчүн бой көтөрүшөт. Андайларга бул дүйнөдө кордук бар. Ага Кыйамат Күнү куйкалоочу азаптын даамын таттырабыз.

10 ذَلِكَ بِمَا قَدَّمَتْ يَدَاكَ وَأَنَّ اللَّهَ لَيْسَ بِظَلَّامٍ لِلْعَبِيدِ

«Бул мурунку жасаган иштериңердин азабы», (– дейбиз). Ырасында, Аллах – пенделерине адилетсиздик кылбайт.

11 وَمِنَ النَّاسِ مَنْ يَعْبُدُ اللَّهَ عَلَى حَرْفٍ فَإِنْ أَصَابَهُ خَيْرٌ اطْمَأَنَّ بِهِ وَإِنْ أَصَابَتْهُ فِتْنَةٌ انْقَلَبَ عَلَى وَجْهِهِ خَسِرَ الدُّنْيَا وَالْآخِرَةَ ذَلِكَ هُوَ الْخُسْرَانُ الْمُبِينُ

Адамдардан Аллахка кошкөңүл (күмөнсүрөп) гана сыйына тургандар да бар. Эгер ага (Аллахтан) бир жакшылык келсе, бейпил болуп калат. Эгер ага бир балээ келсе, ал жүз үйрүп, бул дүйнөдө да, акыретте да зыйанга учурайт. Мына ушул – ачык зыйан!

a. Адамдардын арасында b. Аллахтын сыноолорунун бири катары c. Кайгылуу күндөр, кырсыктар, оору, кедейлик, кордук…сыйактуу d. Аллахтын алдында шексиз кабыл болуучу улуу жана таза дин Исламдан

12 يَدْعُو مِنْ دُونِ اللَّهِ مَا لَا يَضُرُّهُ وَمَا لَا يَنْفَعُهُ ذَلِكَ هُوَ الضَّلَالُ الْبَعِيدُ

Алар Аллахтан башка, өздөрүнө пайда да, зыйан да бере албай турган нерселерге сыйынышат. Мына ушул – абдан терең адашуу!

a. Сөлөкөттөргө, тоого, ташка, мазарларга, сууларга ж.б.у.с.

13 يَدْعُو لَمَنْ ضَرُّهُ أَقْرَبُ مِنْ نَفْعِهِ لَبِئْسَ الْمَوْلَى وَلَبِئْسَ الْعَشِيرُ

Ошентип, алар пайдасынан зыйаны жакын бирөөлөргө табыышат. Албетте, ал (сыйынгандары) кандай жаман жардамчы, кандай жаман тууган!

14 إِنَّ اللَّهَ يُدْخِلُ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ إِنَّ اللَّهَ يَفْعَلُ مَا يُرِيدُ

Албетте, Аллах – ыйман келтирип, дурус иштерди жасагандарды (Эгеси) алдыларынан дарыйалар агып турган бактарга киргизет. Чындыгында, Аллах Өзү каалаганын жасайт.

a. Аллах

15 مَنْ كَانَ يَظُنُّ أَنْ لَنْ يَنْصُرَهُ اللَّهُ فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ فَلْيَمْدُدْ بِسَبَبٍ إِلَى السَّمَاءِ ثُمَّ لْيَقْطَعْ فَلْيَنْظُرْ هَلْ يُذْهِبَنَّ كَيْدُهُ مَا يَغِيظُ

Эгер ким: «Аллах, бул дүйнөдө да, акыретте да ага жардам бербейт», – деп ойлосо, ал дароо бир жип менен асманга асылып, анан аны кесип көрсүн. Анын бул амалы өзүнүн ачуусун келтирген нерсесинен арылта алганын карап көрсүн.

a. пайгамбары Мухаммедке b. Бийик жайгашкан нерсеге, бийик нерсеге (мисалы, даракка, шыпка…) c. Өлүп көрсүн d. Эгер пайгамбар (а.с.) ошончолук эле ачуусу келсе, анда муунуп эле өлүп алсын

16 وَكَذَلِكَ أَنْزَلْنَاهُ آيَاتٍ بَيِّنَاتٍ وَأَنَّ اللَّهَ يَهْدِي مَنْ يُرِيدُ

Ошентип, Куранды ачык айаттар түрүндө түшүрдүк. Ырасында, Аллах кимди кааласа, ошону туура жолго багыттайт.

17 إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَالَّذِينَ هَادُوا وَالصَّابِئِينَ وَالنَّصَارَى وَالْمَجُوسَ وَالَّذِينَ أَشْرَكُوا إِنَّ اللَّهَ يَفْصِلُ بَيْنَهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ إِنَّ اللَّهَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ شَهِيدٌ

Акыйкатта, ыйман келтиргендер иудейлер, сабиилер, христиандар, отпарастар жана Аллахка шерик кошкондордун арасын Аллах, кыйамат күнү ажыратат. Чындыгында, Аллах – бардык нерсеге Күбө.

a. Ушул аталгандардын кудай тууралуу талашкан маселелери бойунча Кыйаматта Аллах Өз өкүмүн чыгарат

18 أَلَمْ تَرَ أَنَّ اللَّهَ يَسْجُدُ لَهُ مَنْ فِي السَّمَاوَاتِ وَمَنْ فِي الْأَرْضِ وَالشَّمْسُ وَالْقَمَرُ وَالنُّجُومُ وَالْجِبَالُ وَالشَّجَرُ وَالدَّوَابُّ وَكَثِيرٌ مِنَ النَّاسِ وَكَثِيرٌ حَقَّ عَلَيْهِ الْعَذَابُ وَمَنْ يُهِنِ اللَّهُ فَمَا لَهُ مِنْ مُكْرِمٍ إِنَّ اللَّهَ يَفْعَلُ مَا يَشَاءُ

(Эй, Мухаммед!) Көрбөйсүңбү: Аллахка асмандарда, жерде болгон бардык нерселер: күн, ай, жылдыздар, тоолор, дарактар, айбанаттар жана адамдардын көбү сежде кылышат. Ошондой эле, алардын көбүнө азап буйрулган. Аллах кимди кордосо, анда аны бир да урматтоочу болбойт. Ырасында, Аллах Өзү каалаганын жасайт.

a. Бул айат “сежде айаты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он үчүнчү бөлүмүн караңыз. b. Аллахка сежде кылбаган көптөгөн адамдардын жана жандуу, жансыз нерселердин баарына

19 هَذَانِ خَصْمَانِ اخْتَصَمُوا فِي رَبِّهِمْ فَالَّذِينَ كَفَرُوا قُطِّعَتْ لَهُمْ ثِيَابٌ مِنْ نَارٍ يُصَبُّ مِنْ فَوْقِ رُءُوسِهِمُ الْحَمِيمُ

Эки топ Эгелери тууралуу талашышат. Бул экөө – жаңжалашуучу топ. Каапырларга оттон кийим бычылат да, төбөлөрүнөн кайнап турган суу куйулат.

a. Момундар жана каапырлар тобу

20 يُصْهَرُ بِهِ مَا فِي بُطُونِهِمْ وَالْجُلُودُ

Ошону менен алардын ичиндегилери менен терилери ээритилет.

a. Арам ойлору