бөлүм Хаж - الحج

21 وَلَهُمْ مَقَامِعُ مِنْ حَدِيدٍ

Алар үчүн темир барскандар бар (аларды баштарына чабуу үчүн).

22 كُلَّمَا أَرَادُوا أَنْ يَخْرُجُوا مِنْهَا مِنْ غَمٍّ أُعِيدُوا فِيهَا وَذُوقُوا عَذَابَ الْحَرِيقِ

Алар Тозоктун азабынан чыгууну каалашса, кайра түртүп түшүрүлөт да: “Куйкалоочу азаптын даамын таткыла!” (–деп айтылат).

23 إِنَّ اللَّهَ يُدْخِلُ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ يُحَلَّوْنَ فِيهَا مِنْ أَسَاوِرَ مِنْ ذَهَبٍ وَلُؤْلُؤًا وَلِبَاسُهُمْ فِيهَا حَرِيرٌ

Ырасында, Аллах ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандарды, алдыларынан дарыйалар агып турган бактарга киргизет. Алар анда алтын жана бермет билериктер менен жасанышат. Андагы кийимдер жибектен болот.

24 وَهُدُوا إِلَى الطَّيِّبِ مِنَ الْقَوْلِ وَهُدُوا إِلَى صِرَاطِ الْحَمِيدِ

Мына ушулар жакшы сөзгө көндүрүлүп, Даңктуу Аллахтын жолуна салынгандар.

a. Бул жерде: “Жакшы сөз”, - деген: “Аллахтан башка кудай жок”, - деген күбөлүк берүү келмеси

25 إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا وَيَصُدُّونَ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ وَالْمَسْجِدِ الْحَرَامِ الَّذِي جَعَلْنَاهُ لِلنَّاسِ سَوَاءً الْعَاكِفُ فِيهِ وَالْبَادِ وَمَنْ يُرِدْ فِيهِ بِإِلْحَادٍ بِظُلْمٍ نُذِقْهُ مِنْ عَذَابٍ أَلِيمٍ

Чындыгында, каапыр болуп, Аллахтын жолунан жана Биз анын тургандары жана четтен келүүчү адамдар үчүн бирдей (ыйык) кылып койгон Ыйык Мечиттен тоскондорго, ошондой эле ким зулумдук менен жолдон чыгууну кааласа, ага жан чыдагыс азаптын даамын таттырабыз.

a. Меккедеги жана Мединадагы эки ыйык Мечитке алып барчу жолдордо каапырлардын жүрүүсүнө тыйуу салынган b. Мекке шаарынын

26 وَإِذْ بَوَّأْنَا لِإِبْرَاهِيمَ مَكَانَ الْبَيْتِ أَنْ لَا تُشْرِكْ بِي شَيْئًا وَطَهِّرْ بَيْتِيَ لِلطَّائِفِينَ وَالْقَائِمِينَ وَالرُّكَّعِ السُّجُودِ

Ибрахимди Кабанын ордунда: “Мага эч бир нерсени шерик кылба. Тооп кылуучуларга тик туруп, эңкейип жана баш койуп (Аллахка) сыйынуучулар үчүн таза карма”,–деп, Биз байан кылган кезди (эсте).

a. Каабага b. Сыйынуулары үчүн c. Адам Ата тарабынан алгач ирет курулуп, Бүткүл дүйнөлүк топон суу учурунда урап калган болчу, андан кийин Ибрахим алейхи саламдын дооруна чейин кайра курулган эмес.

27 وَأَذِّنْ فِي النَّاسِ بِالْحَجِّ يَأْتُوكَ رِجَالًا وَعَلَى كُلِّ ضَامِرٍ يَأْتِينَ مِنْ كُلِّ فَجٍّ عَمِيقٍ

Адамдарды ажылыкка чакыр. Алар (сага) жөө жана арык төөнүн үстүндө абдан алыс жолдордон келишет.

28 لِيَشْهَدُوا مَنَافِعَ لَهُمْ وَيَذْكُرُوا اسْمَ اللَّهِ فِي أَيَّامٍ مَعْلُومَاتٍ عَلَى مَا رَزَقَهُمْ مِنْ بَهِيمَةِ الْأَنْعَامِ فَكُلُوا مِنْهَا وَأَطْعِمُوا الْبَائِسَ الْفَقِيرَ

Алар өздөрүнө арналган пайдаларын көрүшсүн. Ошентип, өздөрүнө берилген малдардан белгилүү күндөрдө Аллахтын ысмы менен курмандык чалышсын! Андан өзүңөр да жегиле жана кедей-кембагалдарга да жегизгиле.

29 ثُمَّ لْيَقْضُوا تَفَثَهُمْ وَلْيُوفُوا نُذُورَهُمْ وَلْيَطَّوَّفُوا بِالْبَيْتِ الْعَتِيقِ

Анан алар кирлерин кетиришсин. Ошондой эле, айткан убадаларын аткарышып, Эски үйдү тооп кылышсын.

a. Чач, тырмактарын алышып, ихрамдан чыгышсын. b. Аллах үчүн жасаймын деп өз ара убада кылып койгон курбандыгын чалат c. Каабаны d. жети жолу айланышсын

30 ذَلِكَ وَمَنْ يُعَظِّمْ حُرُمَاتِ اللَّهِ فَهُوَ خَيْرٌ لَهُ عِنْدَ رَبِّهِ وَأُحِلَّتْ لَكُمُ الْأَنْعَامُ إِلَّا مَا يُتْلَى عَلَيْكُمْ فَاجْتَنِبُوا الرِّجْسَ مِنَ الْأَوْثَانِ وَاجْتَنِبُوا قَوْلَ الزُّورِ

Мына ушул, ким Аллахтын ардактагандарын жогору бааласа, (ошолор үчүн парыз). Аларга Эгесинин алдында жакшылыктар бар. Силерге арам экендиги билдирилгендерден башка малдар адал кылынды. Эми ыплас сөлөкөттөрдөн сактангыла! Ошондой эле жалган сөздөрдөн сактангыла!

a. Мааида сүрөсүнүн үчүнчү айатын караңыз! b. Наадан доордо адамдар сыйынган, кээ бир өлкөлөрдө азырга чейин сакталып калган эстелик кейиптүү сөлөкөттөргө сыйынуудан c. Жалган сүйлөөдөн, жалганды берилип угуудан...

31 حُنَفَاءَ لِلَّهِ غَيْرَ مُشْرِكِينَ بِهِ وَمَنْ يُشْرِكْ بِاللَّهِ فَكَأَنَّمَا خَرَّ مِنَ السَّمَاءِ فَتَخْطَفُهُ الطَّيْرُ أَوْ تَهْوِي بِهِ الرِّيحُ فِي مَكَانٍ سَحِيقٍ

(Эгеңерге) чыныгы пенде болуп, Аллахка шерик кошпогула. Ким Аллахка шерик кошсо, анда ал асмандан жыгылып, аны куш чеңгелдеп алып кеткен, же болбосо шамал алыс жерге учуруп кеткен нерсе сыйактуу (болот).

a. Аллахтан алыс калат

32 ذَلِكَ وَمَنْ يُعَظِّمْ شَعَائِرَ اللَّهِ فَإِنَّهَا مِنْ تَقْوَى الْقُلُوبِ

Мына ошол (зыйанга учурайт). Ал эми ким Аллахтын белгилерин улуктаса, албетте, ал жүрөктүн такыбалыгынан.

a. (курбандыктарынын) мыктысын, семизин сойуп

33 لَكُمْ فِيهَا مَنَافِعُ إِلَى أَجَلٍ مُسَمًّى ثُمَّ مَحِلُّهَا إِلَى الْبَيْتِ الْعَتِيقِ

Курмандыктан белгилүү бир мөөнөткө чейин пайдалансаңар болот. Андан соң анын орду Эски /й.

a. Курмандыкка чалынганга чейин малды минүүгө, жүк ташууга, төлүнөн, сүтүнөн, жүнүнөн пайдаланууга болот. Ал эми курмандыкка сойулгандан кийин көптөгөн соопко ээ болот. b. Каабанын жанында курбандык чалынат

34 وَلِكُلِّ أُمَّةٍ جَعَلْنَا مَنْسَكًا لِيَذْكُرُوا اسْمَ اللَّهِ عَلَى مَا رَزَقَهُمْ مِنْ بَهِيمَةِ الْأَنْعَامِ فَإِلَهُكُمْ إِلَهٌ وَاحِدٌ فَلَهُ أَسْلِمُوا وَبَشِّرِ الْمُخْبِتِينَ

Биз ар бир коом үчүн аларга берген малдардан, Аллахтын гана ысмын атап, курмандык чалууну буйурдук. Анткени, Кудайыңар жалгыз – Аллах! Ошондуктан Ага мойун сунгула. Мойун сунгандарды кубандыр.

a. Мухаммед (а.с.)га кайрылуу! b. Аллахка сыйынууга дилгир адамдарды Бейиш кабары менен сүйүнчүлө

35 الَّذِينَ إِذَا ذُكِرَ اللَّهُ وَجِلَتْ قُلُوبُهُمْ وَالصَّابِرِينَ عَلَى مَا أَصَابَهُمْ وَالْمُقِيمِي الصَّلَاةِ وَمِمَّا رَزَقْنَاهُمْ يُنْفِقُونَ

Аллахтын аты аталганда алардын жүрөктөрү титиреп турат. Өздөрүнө келген кыйынчылыктарга чыдап, намаздарын өз убагында аткарып, (Биз) берген ырыскылардан тиешелүү жерлерге сарпташат.

a. момундардын b. Жараткандан коркуусу күчөйт c. Мисалы, зекет, үй-бүлөсүн багуу, үшүр, садака, кайрымдуулук ж.б.у.с.

36 وَالْبُدْنَ جَعَلْنَاهَا لَكُمْ مِنْ شَعَائِرِ اللَّهِ لَكُمْ فِيهَا خَيْرٌ فَاذْكُرُوا اسْمَ اللَّهِ عَلَيْهَا صَوَافَّ فَإِذَا وَجَبَتْ جُنُوبُهَا فَكُلُوا مِنْهَا وَأَطْعِمُوا الْقَانِعَ وَالْمُعْتَرَّ كَذَلِكَ سَخَّرْنَاهَا لَكُمْ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ

Төөлөрдү силер үчүн Аллахтын белгилери катары жараттык. Мына ушунда силер үчүн жакшылык бар. Аларды тургузуп койуп, ага Аллахтын ысмын атагыла. Качан алардын жамбаштары жерге тийсе, (жаны чыккандан кийин) өзүңөр жеп, муктаждарга да, муктаж эместерге да жегизгиле. Ошентип силер (Аллахка) шүгүр кылышыңар үчүн, малдарды силерге багындырып койдук.

a. Алардын буту колун байлап туруп b. Катып албагыла!

37 لَنْ يَنَالَ اللَّهَ لُحُومُهَا وَلَا دِمَاؤُهَا وَلَكِنْ يَنَالُهُ التَّقْوَى مِنْكُمْ كَذَلِكَ سَخَّرَهَا لَكُمْ لِتُكَبِّرُوا اللَّهَ عَلَى مَا هَدَاكُمْ وَبَشِّرِ الْمُحْسِنِينَ

Курбандыгыңардын эттери жана кандары эч качан Аллахка жетпейт. Бирок, силердин такыбалыгыңар гана (Аллахка) жетет. Силерге туура жол көрсөткөн Аллахты улукташыңар үчүн ушинтип малдарды силерге багындырып койдук. Жакшылык кылгандарды (Бейиш менен) кубандыр.

a. Аллахка силер сойгон малдын эти да, каны да, эч нерсесинин кереги жок. Ал эч нерсеге муктаж эмес. Аллах силер өзүңөр жакшы көргөн малыңардан Эгеңердин ыраачылыгын табуу үчүн сарптоого эркиңер жетеби-жетпейби, ошону сыноо үчүн курмандыкты буйруп койгон b. Курмандык чалуу – силердин канчалык такыба экендиктериңерди да көрсөтүп турат... c. Мухаммед (а.с.)га кайрылуу

38 إِنَّ اللَّهَ يُدَافِعُ عَنِ الَّذِينَ آمَنُوا إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ كُلَّ خَوَّانٍ كَفُورٍ

Албетте: Аллах ыйман келтиргендерди коргойт. Албетте, Аллах бардык кыйанатчыларды жана жакшылыктын баркын билбегендерди сүйбөйт.

a. Аллахтын жасаган жакшылыктарын

39 أُذِنَ لِلَّذِينَ يُقَاتَلُونَ بِأَنَّهُمْ ظُلِمُوا وَإِنَّ اللَّهَ عَلَى نَصْرِهِمْ لَقَدِيرٌ

Чындыгында чабуул жасалып, зулумдукка учурагандар үчүн согушуу үчүн уруксат берилди. Албетте, Аллахтын аларга жардам берүүгө күчү толук жетет.

a. Силерге каапылар тараптан

40 الَّذِينَ أُخْرِجُوا مِنْ دِيَارِهِمْ بِغَيْرِ حَقٍّ إِلَّا أَنْ يَقُولُوا رَبُّنَا اللَّهُ وَلَوْلَا دَفْعُ اللَّهِ النَّاسَ بَعْضَهُمْ بِبَعْضٍ لَهُدِّمَتْ صَوَامِعُ وَبِيَعٌ وَصَلَوَاتٌ وَمَسَاجِدُ يُذْكَرُ فِيهَا اسْمُ اللَّهِ كَثِيرًا وَلَيَنْصُرَنَّ اللَّهُ مَنْ يَنْصُرُهُ إِنَّ اللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ

Алар: “Эгебиз – Аллах!”,– дегендиги үчүн гана жазыксыз жерден журттарынан куулгандар. Эгер Аллах адамдардын кээ бирин башкасы аркылуу коргобосо кечилканалар, чиркөөлөр, иудейлердин сыйынуу жайлары жана ичинде Аллахтын ысмы көбүрөөк аталган мечиттер кыйратылмак. Ким Аллах жолунда жардам берсе, Аллах да ага жардам берет. Чындыгында, Аллах – Күчтүү жана Ызааттуу!

a. Чиркөөлөр b. Сенагогдор c. мусулмандарга жана ислам динине