бөлүм Марйам - مريم

81 وَاتَّخَذُوا مِنْ دُونِ اللَّهِ آلِهَةً لِيَكُونُوا لَهُمْ عِزًّا

Алар өздөрүнө Алладан башка кудайларды күч-кубат үчүн алышты.

a. Алланын алдында бизди колдойт деп ойлоп.

82 كَلَّا سَيَكْفُرُونَ بِعِبَادَتِهِمْ وَيَكُونُونَ عَلَيْهِمْ ضِدًّا

Ооба! Алар өздөрүнө тигилердин табынгандары тууралуу эч нерсе билишпейт, (кайра) тигилердин душмандарына айланат.

a. Буддар – сълъкъттър b. Буддар - сълъкъттър тигилерге каршы създърд\ с\йлъшът.

83 أَلَمْ تَرَ أَنَّا أَرْسَلْنَا الشَّيَاطِينَ عَلَى الْكَافِرِينَ تَؤُزُّهُمْ أَزًّا

Сен чын эле Биз каапырларды күнөөгө тукуруу үчүн аларга шайтандарды жөнөткөнүбүздү көрбөдүңбү?

84 فَلَا تَعْجَلْ عَلَيْهِمْ إِنَّمَا نَعُدُّ لَهُمْ عَدًّا

Андыктан, алардын жазасын күчөтүүгө шашылба. Алардын эсебин өзүбүз гана алабыз.

85 يَوْمَ نَحْشُرُ الْمُتَّقِينَ إِلَى الرَّحْمَنِ وَفْدًا

Ал Күндө Биз такыбаларды Мээримдүүнүн алдына расмий өкүл кылып алып келебиз.

86 وَنَسُوقُ الْمُجْرِمِينَ إِلَى جَهَنَّمَ وِرْدًا

Күнөөкөрлөрдү тозокко жан талаштыра айдайбыз!

87 لَا يَمْلِكُونَ الشَّفَاعَةَ إِلَّا مَنِ اتَّخَذَ عِنْدَ الرَّحْمَنِ عَهْدًا

Мээримдүүдөн келишим алгандан башка эч кими колдоого ээ боло алышпайт.

a. “Лаа илааха иллаллооху Мухаммад расуулуллаахи” – деп, к\бъл\к бер\\.

88 وَقَالُوا اتَّخَذَ الرَّحْمَنُ وَلَدًا

Алар: “Мээримдүү өзүнө уул алды”, – дешкен.

89 لَقَدْ جِئْتُمْ شَيْئًا إِدًّا

Акыйкатта, өтө ыплас нерсени айттыңар!

90 تَكَادُ السَّمَاوَاتُ يَتَفَطَّرْنَ مِنْهُ وَتَنْشَقُّ الْأَرْضُ وَتَخِرُّ الْجِبَالُ هَدًّا

Андан асман жана жер жарылып, тоолор быркырап кетүүгө жакын калат,

a. Алланын баласы бар деген създ\н кесепетинен.

91 أَنْ دَعَوْا لِلرَّحْمَنِ وَلَدًا

алар Рахманга бала ыроологондо.

a. Мээримд\\ Алла. b. Алар Иса Кудайдын уулу дешет.

92 وَمَا يَنْبَغِي لِلرَّحْمَنِ أَنْ يَتَّخِذَ وَلَدًا

Мээримдүү Өзүнө бала алуусу ылайык эмес!

a. Балага, же аялга муктаж эмес.

93 إِنْ كُلُّ مَنْ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ إِلَّا آتِي الرَّحْمَنِ عَبْدًا

Асмандар менен жердегилерден ар бири Мээримдүүгө пенде абалда гана келет.

94 لَقَدْ أَحْصَاهُمْ وَعَدَّهُمْ عَدًّا

Ал алардын баарысын эсептеп, санын алып койгон.

a. Демек эч нерсе илиминен сыртта эмес.

95 وَكُلُّهُمْ آتِيهِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ فَرْدًا

Кыйамат күнү баары жалгыз өздөрү гана келишет.

a. Коколой гана башы, жылаёач абалда, мал-д\йнъ, бийликсиз.

96 إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ سَيَجْعَلُ لَهُمُ الرَّحْمَنُ وُدًّا

Акыйкатта, ыймандууларга жана сооптуу иш кылгандарга Мээримдүү жакшы көрүү сезимин тартуулайт.

a. Бири-бирине болгон жакшы кър\\ к\чъп, натыйжада Алланын с\ймънч\л\г\нъ ээ болушат.

97 فَإِنَّمَا يَسَّرْنَاهُ بِلِسَانِكَ لِتُبَشِّرَ بِهِ الْمُتَّقِينَ وَتُنْذِرَ بِهِ قَوْمًا لُدًّا

Ушинтип, такыбаларга кубанычты кабарлооң жана катуу талашып жаткандарга эскертүүң үчүн Биз аны сенин тилиңе жеңил кылдык.

a. Куранды.

98 وَكَمْ أَهْلَكْنَا قَبْلَهُمْ مِنْ قَرْنٍ هَلْ تُحِسُّ مِنْهُمْ مِنْ أَحَدٍ أَوْ تَسْمَعُ لَهُمْ رِكْزًا

Биз алардан мурун канчалаган муундарды ойрон кылдык! Сен алардан бирөөн да таппайсың, же алардын дабышын да уга албайсың!