бөлүм Марйам - مريم

21 قَالَ كَذَلِكِ قَالَ رَبُّكِ هُوَ عَلَيَّ هَيِّنٌ وَلِنَجْعَلَهُ آيَةً لِلنَّاسِ وَرَحْمَةً مِنَّا وَكَانَ أَمْرًا مَقْضِيًّا

(Жебрейил а.с.): “Ал ошондой”. Анткени Эгең: “Бул Мага оңой. Ал – Бизден адамдарга бир белги жана ырайым. Бул чечилген иш”, – деди.

22 فَحَمَلَتْهُ فَانْتَبَذَتْ بِهِ مَكَانًا قَصِيًّا

Марйам ал балага кош бойлуу болуп, аны менен алысыраак бир жерге кетти.

23 فَأَجَاءَهَا الْمَخَاضُ إِلَى جِذْعِ النَّخْلَةِ قَالَتْ يَا لَيْتَنِي مِتُّ قَبْلَ هَذَا وَكُنْتُ نَسْيًا مَنْسِيًّا

Ошондо анын толгоосу келип, курма дарагынын түбүнө барды да: “Аттиң-ай! Мен мындан мурун өлүп, таптакыр эле унутулуп калсам кана”, – деди.

24 فَنَادَاهَا مِنْ تَحْتِهَا أَلَّا تَحْزَنِي قَدْ جَعَلَ رَبُّكِ تَحْتَكِ سَرِيًّا

Ошондо төмөндөн үн угулду: “Кайгырбагын. Эгең сенин алдыңдан арык (суу) чыгарып берет

a. Булак, мурун кургап калган эле.

25 وَهُزِّي إِلَيْكِ بِجِذْعِ النَّخْلَةِ تُسَاقِطْ عَلَيْكِ رُطَبًا جَنِيًّا

Курманын бутагын өзүңө карай силк. Сага жаңы курма түшөт.”

26 فَكُلِي وَاشْرَبِي وَقَرِّي عَيْنًا فَإِمَّا تَرَيِنَّ مِنَ الْبَشَرِ أَحَدًا فَقُولِي إِنِّي نَذَرْتُ لِلرَّحْمَنِ صَوْمًا فَلَنْ أُكَلِّمَ الْيَوْمَ إِنْسِيًّا

Жеп, ичип – көңүлүңдү көтөр. Эгерде бир кишини көрсөң: “Акыйкатта, мен Мээримдүүгө орозо кармоого сөз бергем жана бүгүн эч ким менен сүйлөшпөймүн”, – дегин.

a. Аллага.

27 فَأَتَتْ بِهِ قَوْمَهَا تَحْمِلُهُ قَالُوا يَا مَرْيَمُ لَقَدْ جِئْتِ شَيْئًا فَرِيًّا

Ал аны колуна көтөрүп алып элине келди. Алар: “Эй, Марйам! Сен өтө чоң иш алып келдиң.

a. Жаёы търългън баланы. b. Атасыз бала

28 يَا أُخْتَ هَارُونَ مَا كَانَ أَبُوكِ امْرَأَ سَوْءٍ وَمَا كَانَتْ أُمُّكِ بَغِيًّا

Эй, Харундун карындашы! Сенин атаң жаман киши эмес эле, апаң бузуку эмес болучу!” – дешти.

29 فَأَشَارَتْ إِلَيْهِ قَالُوا كَيْفَ نُكَلِّمُ مَنْ كَانَ فِي الْمَهْدِ صَبِيًّا

Ал аны (бөбөктү) көргөздү. Алар: “Биз бешиктеги бөбөк менен кантип сүйлөшмөк элек”, – дешти.

a. Муну менен с\йлъшк\лъ дегендей ишаарат кылып.

30 قَالَ إِنِّي عَبْدُ اللَّهِ آتَانِيَ الْكِتَابَ وَجَعَلَنِي نَبِيًّا

Ал (бала): “Акыйкатта, мен Алланын пендесимин. Ал мага китеп берди жана мени пайгамбар кылды,

a. Иса (а.с.).

31 وَجَعَلَنِي مُبَارَكًا أَيْنَ مَا كُنْتُ وَأَوْصَانِي بِالصَّلَاةِ وَالزَّكَاةِ مَا دُمْتُ حَيًّا

Ал мага кут даарытты, мен кайда гана болбойун тирүү турганымда мага намаз окууга, зекет берүүгө тапшырма берди.

32 وَبَرًّا بِوَالِدَتِي وَلَمْ يَجْعَلْنِي جَبَّارًا شَقِيًّا

Ал мени (мүнөзү) кекирейген, күнөөкөр да эмес жана энеме ыйбаалуу кылды.

33 وَالسَّلَامُ عَلَيَّ يَوْمَ وُلِدْتُ وَيَوْمَ أَمُوتُ وَيَوْمَ أُبْعَثُ حَيًّا

Андыктан, төрөлгөн, өлгөн жана кайрадан тириле турган күнү мага тынчтык болот” – деди.

a. Иса крестке кадалып ълт\р\лгън эмес. Исанын шакирти болгон Варнаванын жазган Инжили бойунча крестке кадалып ълт\р\лгън чыккынчы Иуда болгон. Ал Алланын амири менен кадимки эле Исанын дал ъз\нъ опокшош болуп кубултулган. Иса периштелер тарабынан алынып кеткен.

34 ذَلِكَ عِيسَى ابْنُ مَرْيَمَ قَوْلَ الْحَقِّ الَّذِي فِيهِ يَمْتَرُونَ

Марйам уулу Иса мына ушундай. Бул акыйкат сөз. Алар буга шектенишет.

35 مَا كَانَ لِلَّهِ أَنْ يَتَّخِذَ مِنْ وَلَدٍ سُبْحَانَهُ إِذَا قَضَى أَمْرًا فَإِنَّمَا يَقُولُ لَهُ كُنْ فَيَكُونُ

Алла Өзүнө уул күтүүгө ылайык эмес. Ал (андан) аруу. Ал бир нерсени жасоону каалаганда ага: “Бол!” – деп айтары менен, ал болот да калат.

36 وَإِنَّ اللَّهَ رَبِّي وَرَبُّكُمْ فَاعْبُدُوهُ هَذَا صِرَاطٌ مُسْتَقِيمٌ

Акыйкатта Алла менин Эгем жана силердин да Эгеңер. Ага сыйынгыла. Туура жол мына ушул гана.

37 فَاخْتَلَفَ الْأَحْزَابُ مِنْ بَيْنِهِمْ فَوَيْلٌ لِلَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ مَشْهَدِ يَوْمٍ عَظِيمٍ

Алар өз ара пикирлери келишпей бөлүнүшөт. Каапырларга Улуу Күн келгенде азап болсун.

a. Иудейлер жана христиандар.

38 أَسْمِعْ بِهِمْ وَأَبْصِرْ يَوْمَ يَأْتُونَنَا لَكِنِ الظَّالِمُونَ الْيَوْمَ فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ

Алар алдыбызга келген күнү: алардын угуулары жана көрүүлөрү кандай улуу! Бирок, бүгүн заалымдар анык адашууда.

a. Алар коркунучтуу улуу нерселерди кър\п – угушат.

39 وَأَنْذِرْهُمْ يَوْمَ الْحَسْرَةِ إِذْ قُضِيَ الْأَمْرُ وَهُمْ فِي غَفْلَةٍ وَهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ

Ошондуктан, азыр кайдыгер болуп, ишенбегендерге бардыгы чечиле турган, катуу өкүнүч боло турган Күн тууралуу айтып эскерт.

40 إِنَّا نَحْنُ نَرِثُ الْأَرْضَ وَمَنْ عَلَيْهَا وَإِلَيْنَا يُرْجَعُونَ

Чынында, жер менен анын үстүндөгүлөрдүн баарын Биз мурастайбыз жана алар Бизге гана кайтарылат.