1 كهيعص
Каф, Ха, Йа, Айн, Сод.
a. Маанилери бир Аллага маалым.
1 كهيعص
Каф, Ха, Йа, Айн, Сод.
a. Маанилери бир Аллага маалым.
2 ذِكْرُ رَحْمَتِ رَبِّكَ عَبْدَهُ زَكَرِيَّا
(Бул) Эгесинин өз пендеси Закарийага ырайымы (жөнүндө) эскерме.
3 إِذْ نَادَى رَبَّهُ نِدَاءً خَفِيًّا
Ал Эгесине купуйа үн менен жалбарган эле:
4 قَالَ رَبِّ إِنِّي وَهَنَ الْعَظْمُ مِنِّي وَاشْتَعَلَ الرَّأْسُ شَيْبًا وَلَمْ أَكُنْ بِدُعَائِكَ رَبِّ شَقِيًّا
“Эгем! Менин сөөктөрүм бошоду, чачтарым агарды. Бирок менин Сага кылган тилектерим кабыл болбой калчу эмес эле.
5 وَإِنِّي خِفْتُ الْمَوَالِيَ مِنْ وَرَائِي وَكَانَتِ امْرَأَتِي عَاقِرًا فَهَبْ لِي مِنْ لَدُنْكَ وَلِيًّا
Мен өзүмдөн кийинки жакындарымдан коркомун. Менин жубайым төрөбөс. Антсе да, мага өз тарабыңдан бир перзент бере көр!
a. Мураскор боло албайт деп.
6 يَرِثُنِي وَيَرِثُ مِنْ آلِ يَعْقُوبَ وَاجْعَلْهُ رَبِّ رَضِيًّا
Ал мага жана Йакуп урпактарына да мураскор болсун. Эгем, аны Өз ыраазылыгыңа бөлө.”
7 يَا زَكَرِيَّا إِنَّا نُبَشِّرُكَ بِغُلَامٍ اسْمُهُ يَحْيَى لَمْ نَجْعَلْ لَهُ مِنْ قَبْلُ سَمِيًّا
Эй Закарийа! Биз сени уулдуу боло тургандыгың жөнүндө сүйүнчүлөйбүз, анын аты Йахйа болот, мындай ат менен мурун эч кимди атаган эмеспиз.
8 قَالَ رَبِّ أَنَّى يَكُونُ لِي غُلَامٌ وَكَانَتِ امْرَأَتِي عَاقِرًا وَقَدْ بَلَغْتُ مِنَ الْكِبَرِ عِتِيًّا
Ал: “Эгем! Менин айалым төрөбөсө, а мен өзүм карып калсам, кантип балалуу боломун?” - деди.
a. Закарийа.
9 قَالَ كَذَلِكَ قَالَ رَبُّكَ هُوَ عَلَيَّ هَيِّنٌ وَقَدْ خَلَقْتُكَ مِنْ قَبْلُ وَلَمْ تَكُ شَيْئًا
Ошондо Ал: “Бул ушундай. Эгең үчүн бул өтө эле жеңил. Анткени, сен эч нерсе эмес экениңде сени жараткам”, – деди.
a. Алла Таала.
10 قَالَ رَبِّ اجْعَلْ لِي آيَةً قَالَ آيَتُكَ أَلَّا تُكَلِّمَ النَّاسَ ثَلَاثَ لَيَالٍ سَوِيًّا
(Закарийа): “Эгем! Мага бир белги бер”, – деди. Ал: “Себепсиз үч түн бойу эл менен сүйлөшө албай каласың, (ошол) сенин белгиң”, – деди.
11 فَخَرَجَ عَلَى قَوْمِهِ مِنَ الْمِحْرَابِ فَأَوْحَى إِلَيْهِمْ أَنْ سَبِّحُوا بُكْرَةً وَعَشِيًّا
Ошондо (Закарийа) михрабдан (өз) коомуна чыгып, эртели-кеч (Алланы) аруулоого чакырды.
a. Мечиттен.
12 يَا يَحْيَى خُذِ الْكِتَابَ بِقُوَّةٍ وَآتَيْنَاهُ الْحُكْمَ صَبِيًّا
“Эй Йахйа! Китепти бекем карман” деп жаш кезинен ага акылмандык берген элек.
13 وَحَنَانًا مِنْ لَدُنَّا وَزَكَاةً وَكَانَ تَقِيًّا
Жана ага Өз алдыбыздан мээримдүүлүк, тазалык бердик. Өзү да такыба эле.
14 وَبَرًّا بِوَالِدَيْهِ وَلَمْ يَكُنْ جَبَّارًا عَصِيًّا
Ата-энесине да жакшылык кылуучу эле. Зордукчул, күнөөкөр эмес эле.
15 وَسَلَامٌ عَلَيْهِ يَوْمَ وُلِدَ وَيَوْمَ يَمُوتُ وَيَوْمَ يُبْعَثُ حَيًّا
Андыктан туулган, өлгөн жана кайрадан тириле турган күнү ага тынчтык болсун.
16 وَاذْكُرْ فِي الْكِتَابِ مَرْيَمَ إِذِ انْتَبَذَتْ مِنْ أَهْلِهَا مَكَانًا شَرْقِيًّا
Китептеги Марйам тууралуу билдир. Ал өз жакындарынан алыстап, чыгыш тараптагы бир жайга барды.
a. Курандагы.
17 فَاتَّخَذَتْ مِنْ دُونِهِمْ حِجَابًا فَأَرْسَلْنَا إِلَيْهَا رُوحَنَا فَتَمَثَّلَ لَهَا بَشَرًا سَوِيًّا
Ал алардан парда менен жашырынды. Биз ага Рухубузду жөнөттүк. Ал анын алдына киши келбетинде келди.
a. Адамдардан, жакындарынан. b. Жебрейилди.
18 قَالَتْ إِنِّي أَعُوذُ بِالرَّحْمَنِ مِنْكَ إِنْ كُنْتَ تَقِيًّا
(Марйам): “Эгер сен такыба болсоң да, мен сенден да Мээримдүүдөн коргоо издейм,” - деди.
19 قَالَ إِنَّمَا أَنَا رَسُولُ رَبِّكِ لِأَهَبَ لَكِ غُلَامًا زَكِيًّا
Ал: “Акыйкатта, мен сага таза уул берүүгө жиберилген Эгеңдин элчисимин”, – деди.
20 قَالَتْ أَنَّى يَكُونُ لِي غُلَامٌ وَلَمْ يَمْسَسْنِي بَشَرٌ وَلَمْ أَكُ بَغِيًّا
(Анда Марйам): “Мага бир да эркек жакындабаса, ары мен айагы суйук да болбосом, кантип мага бала бүтсүн”, – деди.