бөлүм Марйам - مريم

41 وَاذْكُرْ فِي الْكِتَابِ إِبْرَاهِيمَ إِنَّهُ كَانَ صِدِّيقًا نَبِيًّا

Китептеги Ибрахим тууралуу эскерт. Ал такыба-чынчыл пайгамбар эле.

42 إِذْ قَالَ لِأَبِيهِ يَا أَبَتِ لِمَ تَعْبُدُ مَا لَا يَسْمَعُ وَلَا يُبْصِرُ وَلَا يُغْنِي عَنْكَ شَيْئًا

Ал атасына айтты: “Атаке! Сен эмнеликтен көрбөй, укпай жана эч кандай пайда келтире албагандарга сыйынып жатасың?”

43 يَا أَبَتِ إِنِّي قَدْ جَاءَنِي مِنَ الْعِلْمِ مَا لَمْ يَأْتِكَ فَاتَّبِعْنِي أَهْدِكَ صِرَاطًا سَوِيًّا

“Атаке! Мага сага келбеген илим келди. Мен сени туура жолго алып чыгуум үчүн мени ээрчи.”

44 يَا أَبَتِ لَا تَعْبُدِ الشَّيْطَانَ إِنَّ الشَّيْطَانَ كَانَ لِلرَّحْمَنِ عَصِيًّا

“Атаке! Шайтанга мойун сунба. Акыйкатта, шайтан Мээримдүүгө күнөөкөр болгон.”

45 يَا أَبَتِ إِنِّي أَخَافُ أَنْ يَمَسَّكَ عَذَابٌ مِنَ الرَّحْمَنِ فَتَكُونَ لِلشَّيْطَانِ وَلِيًّا

“Атаке! Акыйкатта, мен сага Мээримдүүдөн жаза келеринен жана сен шайтандын досу болуп каласыңбы деп коркомун.”

46 قَالَ أَرَاغِبٌ أَنْتَ عَنْ آلِهَتِي يَا إِبْرَاهِيمُ لَئِنْ لَمْ تَنْتَهِ لَأَرْجُمَنَّكَ وَاهْجُرْنِي مَلِيًّا

Ал (атасы): “Эй Ибрахим! Сен менин кудайларымды айыптап жатасыңбы? Эгер сен мунуңду токтотпосоң мен сени ташбараң кыламын. Узак убакыт менден оолак болгун”, – деди.

47 قَالَ سَلَامٌ عَلَيْكَ سَأَسْتَغْفِرُ لَكَ رَبِّي إِنَّهُ كَانَ بِي حَفِيًّا

Ал: “Сага тынчтык болсун. Мен сага Эгемден кечирим сурайм. Анткени, Ал мага жакшылык кылуучу,

48 وَأَعْتَزِلُكُمْ وَمَا تَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ وَأَدْعُو رَبِّي عَسَى أَلَّا أَكُونَ بِدُعَاءِ رَبِّي شَقِيًّا

мен Алладан башка сен сыйынып жаткандардан алыстаймын жана өзүмдүн Эгеме сыйынамын. Менин кылган дубаларымды Эгем кабыл кылбай койот деп ойлобоймун”, – деди.

49 فَلَمَّا اعْتَزَلَهُمْ وَمَا يَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ وَهَبْنَا لَهُ إِسْحَاقَ وَيَعْقُوبَ وَكُلًّا جَعَلْنَا نَبِيًّا

Ал алардан, Алланын ордуна алар сыйынып жаткандардан алыс кеткенде, Биз ага Исхакты, Йакупту берип, баарын пайгамбар кылдык.

a. /й\нън жана элинен.

50 وَوَهَبْنَا لَهُمْ مِنْ رَحْمَتِنَا وَجَعَلْنَا لَهُمْ لِسَانَ صِدْقٍ عَلِيًّا

Биз алардын баарына өз мээримдүүлүгүбүздү жана бийик чынчыл тилди тартууладык.

a. Чын с\йлъън\.

51 وَاذْكُرْ فِي الْكِتَابِ مُوسَى إِنَّهُ كَانَ مُخْلَصًا وَكَانَ رَسُولًا نَبِيًّا

Китептеги Мусаны эскер. Акыйкатта, ал тандалган пайгамбар жана элчи эле.

52 وَنَادَيْنَاهُ مِنْ جَانِبِ الطُّورِ الْأَيْمَنِ وَقَرَّبْنَاهُ نَجِيًّا

Биз аны Турдун оң тарабынан чакырдык жана шыбырап сүйлөшүү үчүн жакындаттык.

a. Тоонун аты.

53 وَوَهَبْنَا لَهُ مِنْ رَحْمَتِنَا أَخَاهُ هَارُونَ نَبِيًّا

Биз ага ырайым кылып, бир тууганы Харунду пайгамбар кылып бердик.

54 وَاذْكُرْ فِي الْكِتَابِ إِسْمَاعِيلَ إِنَّهُ كَانَ صَادِقَ الْوَعْدِ وَكَانَ رَسُولًا نَبِيًّا

Китептеги Ысмайылды эскер. Ал ар дайым өз убадаларын аткарган, пайгамбар, ары элчи болгон.

55 وَكَانَ يَأْمُرُ أَهْلَهُ بِالصَّلَاةِ وَالزَّكَاةِ وَكَانَ عِنْدَ رَبِّهِ مَرْضِيًّا

Ал өз элине намаз окууну, зекет берүүнү буйруган жана Эгесинин мээримине татыган.

56 وَاذْكُرْ فِي الْكِتَابِ إِدْرِيسَ إِنَّهُ كَانَ صِدِّيقًا نَبِيًّا

Китептеги Ыдрысты эскер. Акыйкатта, ал чынчыл такыба элчи болгон.

a. Ыдрыс (а.с.) Нух (а.с.)дын \ч\нч\ атасы (Тафсир Аль-Жалалайн). Шис (а.с.) Нух (а.с.)дын бешинчи атасы. Ыдрыс (а.с.) ъз\н\н аты “Ахнух” – болгон. А Ыдрыс деп аталып калуусу – билимге болгон умтулуусу жогору болгон. Жер бетиндеги алгачкы калем менен жазууну баштаган адам. Математика жана астрономия илимдерине да къз чаптырган. “Ыдрыс” съз\ ъз\ “дарс – сабак” деген араб съз\нън алынган. (Тафсир Аль-Байзавий).

57 وَرَفَعْنَاهُ مَكَانًا عَلِيًّا

Биз аны жогору жайга көтөрдүк.

58 أُولَئِكَ الَّذِينَ أَنْعَمَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ مِنَ النَّبِيِّينَ مِنْ ذُرِّيَّةِ آدَمَ وَمِمَّنْ حَمَلْنَا مَعَ نُوحٍ وَمِنْ ذُرِّيَّةِ إِبْرَاهِيمَ وَإِسْرَائِيلَ وَمِمَّنْ هَدَيْنَا وَاجْتَبَيْنَا إِذَا تُتْلَى عَلَيْهِمْ آيَاتُ الرَّحْمَنِ خَرُّوا سُجَّدًا وَبُكِيًّا

Бул пайгамбарлар, Алла өз мээримдүүлүгүн көргөзгөн Адамдын жана Нух менен бирге (кемеде) ташыгандарыбыздын урпактарынан, Ибрахим менен Исраилдин урпагынан туура жол көрсөтүп, тандаган кишилерибизден. Аларга Мээримдүүнүн айаттары окулган кезде алар эт-бетинен кетип ыйлаган абалда сежде кылышат.

a. Бул айат “сежде айаты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын бил\\ \ч\н “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он \ч\нч\ бъл\м\н караёыз.

59 فَخَلَفَ مِنْ بَعْدِهِمْ خَلْفٌ أَضَاعُوا الصَّلَاةَ وَاتَّبَعُوا الشَّهَوَاتِ فَسَوْفَ يَلْقَوْنَ غَيًّا

Бирок алардын артынан намаздарын таштаган жана өздөрүнүн кумарданууларына ээрчиген урпактар келди. Ошондуктан алар жамандыкка кабылышат,

a. Тозоктун бир ъръън\нъ т\ш\шът. (Тафсир Аль Жалалайн).

60 إِلَّا مَنْ تَابَ وَآمَنَ وَعَمِلَ صَالِحًا فَأُولَئِكَ يَدْخُلُونَ الْجَنَّةَ وَلَا يُظْلَمُونَ شَيْئًا

алардын тообо кылгандары, ыйман келтиргендери, жакшылык иштерди кылгандарынан башкалары. А алар (жакшылар) Бейишке киришет жана аларга эч кандай адилетсиздик кылынбайт.