21 ثُمَّ نَظَرَ
Анан карады.
a. Айланасын
21 ثُمَّ نَظَرَ
Анан карады.
a. Айланасын
22 ثُمَّ عَبَسَ وَبَسَرَ
Анан кабагын түйүп, кашын үйрүдү.
23 ثُمَّ أَدْبَرَ وَاسْتَكْبَرَ
Анан тескери бурулуп, текеберленди.
24 فَقَالَ إِنْ هَذَا إِلَّا سِحْرٌ يُؤْثَرُ
Анан айтты: «Бул– жазылып калган бир сыйкырчылык;
a. Куран
25 إِنْ هَذَا إِلَّا قَوْلُ الْبَشَرِ
Бул – болгону адамзаттын сөзү», –деп.
26 سَأُصْلِيهِ سَقَرَ
Сакарда мен аны өрттөп салам!
a. Сакар – Тозоктун аты
27 وَمَا أَدْرَاكَ مَا سَقَرُ
Сен «Сакар» эмне экенин билесиңби?
28 لَا تُبْقِي وَلَا تَذَرُ
Ал калтырбайт, таштап да салбайт.
a. Тозоктогу өлүп калууга да, жашоого да мүмкүн болбогон азаптуу абал тууралуу сөз болууда
29 لَوَّاحَةٌ لِلْبَشَرِ
Ал адам терисин куйкалап салат.
30 عَلَيْهَا تِسْعَةَ عَشَرَ
Анын үстүндө он тогуз күзөтчү (бар).
a. Күзөтчү периште
31 وَمَا جَعَلْنَا أَصْحَابَ النَّارِ إِلَّا مَلَائِكَةً وَمَا جَعَلْنَا عِدَّتَهُمْ إِلَّا فِتْنَةً لِلَّذِينَ كَفَرُوا لِيَسْتَيْقِنَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ وَيَزْدَادَ الَّذِينَ آمَنُوا إِيمَانًا وَلَا يَرْتَابَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ وَالْمُؤْمِنُونَ وَلِيَقُولَ الَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ وَالْكَافِرُونَ مَاذَا أَرَادَ اللَّهُ بِهَذَا مَثَلًا كَذَلِكَ يُضِلُّ اللَّهُ مَنْ يَشَاءُ وَيَهْدِي مَنْ يَشَاءُ وَمَا يَعْلَمُ جُنُودَ رَبِّكَ إِلَّا هُوَ وَمَا هِيَ إِلَّا ذِكْرَى لِلْبَشَرِ
Биз Тозокту башкарууга периштелерди гана койгонбуз жана ыймансыз каапырларды сыноо, китеп ээлерин ынандыруу, ыймандуулардын ыйманын күчөтүү үчүн ал жерге ээлик кылган периштелердин санын так аныктап койдук. Андан китеп ээлери да, ыймандуулар да шек санабасы, жүрөгүндө ооруу барлар жана ыймансыздар «Аллах муну менен бизге эмнени каалайт?» – деши үчүн (ушинттик). Аллах кимди кааласа ошентип жаңылыш жолго салып, кимди кааласа түз жолго багыттайт. Эгеңдин аскерлерин бир гана Өзү билет. Бул, Тозок оту – адамдар үчүн эскертүү.
a. Иудейлер жана христиандар b. Куранга чейин түшкөн китептерде да Тозокту кайтарган периштелердин саны 19 экени кабарланган. c. Курандан жана Мухаммед пайгамбардан d. Аллахтын согуш периштелеринин санын
32 كَلَّا وَالْقَمَرِ
Албетте, Айга ант!
33 وَاللَّيْلِ إِذْ أَدْبَرَ
Өтүп бараткан түнгө ант!
34 وَالصُّبْحِ إِذَا أَسْفَرَ
Агарып келе жаткан таңга ант!
35 إِنَّهَا لَإِحْدَى الْكُبَرِ
Бул – эң чоң балээлеримдин бири.
a. айандарымдын
36 نَذِيرًا لِلْبَشَرِ
Адамзат үчүн эскертме катары:
37 لِمَنْ شَاءَ مِنْكُمْ أَنْ يَتَقَدَّمَ أَوْ يَتَأَخَّرَ
Силерден ким жакшылыкка умтулса ага да, ким артта калса ага да эскертүү.
38 كُلُّ نَفْسٍ بِمَا كَسَبَتْ رَهِينَةٌ
Ар бир жан өзү кылган иштин барымтасында калат.
a. Күнөөнүн
39 إِلَّا أَصْحَابَ الْيَمِينِ
Оң кол ээлеринен башкалары,
40 فِي جَنَّاتٍ يَتَسَاءَلُونَ
Бейиште бири-биринен сурашат.