бөлүм Муддассир - المدثر

1 يَا أَيُّهَا الْمُدَّثِّرُ

Эй, кийимине оронуп алган!

2 قُمْ فَأَنْذِرْ

Тур да, эскерткин!

a. Адамдарга

3 وَرَبَّكَ فَكَبِّرْ

Жараткан Эгеңди даңкта!

4 وَثِيَابَكَ فَطَهِّرْ

Кийимиңди таза тут!

5 وَالرُّجْزَ فَاهْجُرْ

Ыпластыктан кач!

a. Буттардан алыс бол!

6 وَلَا تَمْنُنْ تَسْتَكْثِرُ

Кылган жакшылыгыңды көп деп эсептебе.

a. Пайда көрүү максатында? митайымдык менен жакшылык кылба.

7 وَلِرَبِّكَ فَاصْبِرْ

Эгең үчүн сабырдуу бол!

8 فَإِذَا نُقِرَ فِي النَّاقُورِ

Кайсыл Күнү сурнай тартылса,

9 فَذَلِكَ يَوْمَئِذٍ يَوْمٌ عَسِيرٌ

Ал абдан оор Күн (болот)!

a. Кыйамат

10 عَلَى الْكَافِرِينَ غَيْرُ يَسِيرٍ

Каапырлар үчүн оор Күн.

11 ذَرْنِي وَمَنْ خَلَقْتُ وَحِيدًا

Кимди Мен жалгыз кылып жараткан болсом, аны жалгыз Мага кой.

a. Куранды шылдыңдап, Тозоктун кайтаруучулары тууралуу шылдыңдуу сөгүнгөн Валид ибн ал-Мугийра тууралуу болууда

12 وَجَعَلْتُ لَهُ مَالًا مَمْدُودًا

Ага Мен кенен байлык бергем

13 وَبَنِينَ شُهُودًا

жана күбө болуучу балдарды (бердим).

14 وَمَهَّدْتُ لَهُ تَمْهِيدًا

Турмуштагы жолун шыдыр кылып койдум.

15 ثُمَّ يَطْمَعُ أَنْ أَزِيدَ

Ал дагы көбүрөөк берүүмдү үмүттөнөт.

a. Сараңдык кылат

16 كَلَّا إِنَّهُ كَانَ لِآيَاتِنَا عَنِيدًا

Жок! Ал Биздин айаттарга өтө каршы.

17 سَأُرْهِقُهُ صَعُودًا

Мен аны машакатка дуушар кылам!

a. азапка салам

18 إِنَّهُ فَكَّرَ وَقَدَّرَ

Анткени ал ойлонду да, өзүнчө таразалады.

19 فَقُتِلَ كَيْفَ قَدَّرَ

Ал, жок болгур, кандай өлчөө жасады!

20 ثُمَّ قُتِلَ كَيْفَ قَدَّرَ

Ал, жок болгур, дагы кандай өлчөө жасады!