41 أَمْ لَهُمْ شُرَكَاءُ فَلْيَأْتُوا بِشُرَكَائِهِمْ إِنْ كَانُوا صَادِقِينَ
Же алардын шериктери бар бекен? Эгер алар чын сүйлөшсө, анда ошол шериктерин алып келишсин!
41 أَمْ لَهُمْ شُرَكَاءُ فَلْيَأْتُوا بِشُرَكَائِهِمْ إِنْ كَانُوا صَادِقِينَ
Же алардын шериктери бар бекен? Эгер алар чын сүйлөшсө, анда ошол шериктерин алып келишсин!
42 يَوْمَ يُكْشَفُ عَنْ سَاقٍ وَيُدْعَوْنَ إِلَى السُّجُودِ فَلَا يَسْتَطِيعُونَ
Кыйамат Күнү, Алланын алдында алардын шыйрагы ачылып, сеждеге чакырылат, ага жетпей калат.
a. Чындык ачыкка чыгып, «уйат болуп» деген мааниде b. Ал кезде алардын сежде кылууга күчү жетпей, алсырап, сежде кылуу мүмүкүнчүлүгүнөн толук ажыратылган болот
43 خَاشِعَةً أَبْصَارُهُمْ تَرْهَقُهُمْ ذِلَّةٌ وَقَدْ كَانُوا يُدْعَوْنَ إِلَى السُّجُودِ وَهُمْ سَالِمُونَ
Көздөрү корккон, өздөрү кордолгон (абалда калышат). Акыйкатта, алар сак-саламат жүргөн кезде, сежде кылууга чакырылган болчу.
a. Тирүү кезде
44 فَذَرْنِي وَمَنْ يُكَذِّبُ بِهَذَا الْحَدِيثِ سَنَسْتَدْرِجُهُمْ مِنْ حَيْثُ لَا يَعْلَمُونَ
Ушул Сөздү жалган дегендерди мага кой! Биз жакында аларды өздөрү билбеген тарабынан акырындап тутабыз.
a. Куранды b. Күтпөгөн c. кезеги келгенде кордойбуз
45 وَأُمْلِي لَهُمْ إِنَّ كَيْدِي مَتِينٌ
Мен аларга мөөнөт беремин: Чындыгында Менин айлакерлигим абдан катуу.
46 أَمْ تَسْأَلُهُمْ أَجْرًا فَهُمْ مِنْ مَغْرَمٍ مُثْقَلُونَ
Же сен алардан акы сурап, алар оор зыйанга учурадыбы?
47 أَمْ عِنْدَهُمُ الْغَيْبُ فَهُمْ يَكْتُبُونَ
Же алардын алдында жазып алчу кайып барбы?
48 فَاصْبِرْ لِحُكْمِ رَبِّكَ وَلَا تَكُنْ كَصَاحِبِ الْحُوتِ إِذْ نَادَى وَهُوَ مَكْظُومٌ
Эгеңдин өкүмүнө сабыр кыл да, кит ээсине окшобо. Ал түйшүккө батып, (Мага) жалбарган.
a. Кит жутуп алган Йусуп (а.с.) сыйактуу абалга кабылба b. Азап тартып
49 لَوْلَا أَنْ تَدَارَكَهُ نِعْمَةٌ مِنْ رَبِّهِ لَنُبِذَ بِالْعَرَاءِ وَهُوَ مَذْمُومٌ
Эгер ага Эгеңдин ырайымы болбогондо, ал кордолгон абалда талаага ыргытылмак.
50 فَاجْتَبَاهُ رَبُّهُ فَجَعَلَهُ مِنَ الصَّالِحِينَ
Ошентип, аны Эгеси Өзү тандап, жакшылардан кылды.
a. кайрадан пайгамбарлыкка
51 وَإِنْ يَكَادُ الَّذِينَ كَفَرُوا لَيُزْلِقُونَكَ بِأَبْصَارِهِمْ لَمَّا سَمِعُوا الذِّكْرَ وَيَقُولُونَ إِنَّهُ لَمَجْنُونٌ
Каапырлар Куранды тыңдаган кезде алар көздөрү менен атып, жыга жаздашат. Жана алар: «Ал – анык жинди», – дешет.
a. Каапырлар Мухаммед (а.с.) тууралуу ушинтип жалган сөз таратышкан
52 وَمَا هُوَ إِلَّا ذِكْرٌ لِلْعَالَمِينَ
Бул тек гана – ааламдарга эскертүү!
a. Куран