бөлүм Калам - القلم

21 فَتَنَادَوْا مُصْبِحِينَ

Эртең менен бири-бирин чакырышты:

22 أَنِ اغْدُوا عَلَى حَرْثِكُمْ إِنْ كُنْتُمْ صَارِمِينَ

«Түшүм жыйнагыңар келсе, талааңарга (эртелеп) чыккыла!» – деп.

23 فَانْطَلَقُوا وَهُمْ يَتَخَافَتُونَ

Алар өз ара шыбырашып жөнөштү:

24 أَنْ لَا يَدْخُلَنَّهَا الْيَوْمَ عَلَيْكُمْ مِسْكِينٌ

«Бүгүн силердин үстүңөргө кедей келип калбасын!»–дешти.

25 وَغَدَوْا عَلَى حَرْدٍ قَادِرِينَ

Алар таң эртең менен шайма-шай жолго чыгышты.

26 فَلَمَّا رَأَوْهَا قَالُوا إِنَّا لَضَالُّونَ

Бакты көргөн кезде: «Биз, чынында, адашыппыз!» – дешти. –

27 بَلْ نَحْنُ مَحْرُومُونَ

«Жок! Биз кур калдык!» (дешти)

28 قَالَ أَوْسَطُهُمْ أَلَمْ أَقُلْ لَكُمْ لَوْلَا تُسَبِّحُونَ

Алардын акылдуураагы: «Мен силерге тасбих айткыла, – деп айтпадым беле!?» – деди.

29 قَالُوا سُبْحَانَ رَبِّنَا إِنَّا كُنَّا ظَالِمِينَ

Алар айтышты: «Аруулук – Эгебизге! Албетте, биз чындап адаштык!».

30 فَأَقْبَلَ بَعْضُهُمْ عَلَى بَعْضٍ يَتَلَاوَمُونَ

Алар бири-бирине бет алып, жемелей башташты.

a. бири-бирин

31 قَالُوا يَا وَيْلَنَا إِنَّا كُنَّا طَاغِينَ

Айтышты: «Аттиң, биз чектен ашкандардан болуптурбуз.

32 عَسَى رَبُّنَا أَنْ يُبْدِلَنَا خَيْرًا مِنْهَا إِنَّا إِلَى رَبِّنَا رَاغِبُونَ

Балким Эгебиз бизге андан жакшыраагын алмаштырып берээр. Анткени биз Эгебизге умтулуучубуз да».

33 كَذَلِكَ الْعَذَابُ وَلَعَذَابُ الْآخِرَةِ أَكْبَرُ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ

Мына ушундай азап! Бирок, эгер алар билишсе, Акыреттин азабы андан да чоңураак.

34 إِنَّ لِلْمُتَّقِينَ عِنْدَ رَبِّهِمْ جَنَّاتِ النَّعِيمِ

Чындыгында, такыбалар үчүн Эгесинин алдында жыргалдуу бактар (бар).

35 أَفَنَجْعَلُ الْمُسْلِمِينَ كَالْمُجْرِمِينَ

Мусулмандарды күнөөкөрлөр сыйактуу кылабызбы?

a. каапырлар

36 مَا لَكُمْ كَيْفَ تَحْكُمُونَ

(Эй, каапырлар,) силерге эмне болду? Кандайча өкүм кыласыңар?

37 أَمْ لَكُمْ كِتَابٌ فِيهِ تَدْرُسُونَ

(Же) силер таалим ала турган китебиңер барбы?

38 إِنَّ لَكُمْ فِيهِ لَمَا تَخَيَّرُونَ

Ал китепте силер тандаганыңар (убада кылынганбы)?

39 أَمْ لَكُمْ أَيْمَانٌ عَلَيْنَا بَالِغَةٌ إِلَى يَوْمِ الْقِيَامَةِ إِنَّ لَكُمْ لَمَا تَحْكُمُونَ

Же Биз менен Кыйаматка чейин келишимиңер барбы? Албетте, өзүңөр чыгарган өкүмүңөр – өзүңөргө гана!

40 سَلْهُمْ أَيُّهُمْ بِذَلِكَ زَعِيمٌ

Алардан сура: Алардын буга кимиси жооптуу?

a. Эй, Мухаммед (а.с.)