бөлүм Калам - القلم

1 ن وَالْقَلَمِ وَمَا يَسْطُرُونَ

Нуун. Калемге жана анын жазгандарына ант!

a. Араб алфавитиндеги «Н» тамгасы («нун» деп окулат. Мааниси бир гана Аллага маалым)

2 مَا أَنْتَ بِنِعْمَةِ رَبِّكَ بِمَجْنُونٍ

Cен Алланын жакшылыгындасың, жинди эмессиң.

a. Эй, Мухаммед! b. Нематында

3 وَإِنَّ لَكَ لَأَجْرًا غَيْرَ مَمْنُونٍ

Албетте, сага түгөнбөгөн сыйлык бар.

4 وَإِنَّكَ لَعَلَى خُلُقٍ عَظِيمٍ

Сен – улуу кулк-мүнөз ээсисиң.

5 فَسَتُبْصِرُ وَيُبْصِرُونَ

Жакында сен да көрөсүң, алар да көрүшөт:

6 بِأَيْيِكُمُ الْمَفْتُونُ

силердин кимиңер жинди экениңерди.

7 إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ بِمَنْ ضَلَّ عَنْ سَبِيلِهِ وَهُوَ أَعْلَمُ بِالْمُهْتَدِينَ

Чындыгында, сенин Эгең ким Анын жолунан адашкандыгын Билүүчүрөөк. Ким туура жолдо экенин да Билүүчүрөөк.

8 فَلَا تُطِعِ الْمُكَذِّبِينَ

Жалганчыларга башыңды ийбе.

9 وَدُّوا لَوْ تُدْهِنُ فَيُدْهِنُونَ

Сен аларга ыктап (муйуп), айткандарына көнүп, анан алар сага ыктаганды каалашат.

a. Сен аларды буддарга сыйынуусунан тоспосоң, алар да сага жумшак мамиле кылышат.

10 وَلَا تُطِعْ كُلَّ حَلَّافٍ مَهِينٍ

Ар кандай кордолгон касамкорго мойун сунба;

11 هَمَّازٍ مَشَّاءٍ بِنَمِيمٍ

ушак таратып жүрүүчүлөргө (да);

a. Ушак сөз (гыйбат)

12 مَنَّاعٍ لِلْخَيْرِ مُعْتَدٍ أَثِيمٍ

жакшылыкты тыйып, чектен ашкан күнөөкөргө (да);

13 عُتُلٍّ بَعْدَ ذَلِكَ زَنِيمٍ

ошондой эле, орой, тексизге (да);

a. Уалид ибн Мугийра тууралуу сөз болууда

14 أَنْ كَانَ ذَا مَالٍ وَبَنِينَ

Анткени ал байлык жана бала-чака ээси болгон.

15 إِذَا تُتْلَى عَلَيْهِ آيَاتُنَا قَالَ أَسَاطِيرُ الْأَوَّلِينَ

Ага Биздин айаттарыбыз окулган кезде ал: Байыркылардын жомогу» – деди.

a. Куран

16 سَنَسِمُهُ عَلَى الْخُرْطُومِ

Жакында анын тумшугуна белги салабыз.

a. эн

17 إِنَّا بَلَوْنَاهُمْ كَمَا بَلَوْنَا أَصْحَابَ الْجَنَّةِ إِذْ أَقْسَمُوا لَيَصْرِمُنَّهَا مُصْبِحِينَ

Биз бак ээлерин сынаганыбыздай, чындыгында, аларды да сынадык. Алар «эртең эртелеп бактын түшүмүн жыйнайбыз» деп ант ичишкен.

a. Бак ээлери

18 وَلَا يَسْتَثْنُونَ

Алар: «Кудай кааласа» – деп айтышпады.

19 فَطَافَ عَلَيْهَا طَائِفٌ مِنْ رَبِّكَ وَهُمْ نَائِمُونَ

Алар уктап жатканда, Эгең тарабынан (жиберилген) бир айлануучу бакты айланды...

a. уйулгутту

20 فَأَصْبَحَتْ كَالصَّرِيمِ

Бак кыйылгандай кейипке келди

a. заматта