бөлүм Рахмаан - الرحمن

21 فَبِأَيِّ آلَاءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

22 يَخْرُجُ مِنْهُمَا اللُّؤْلُؤُ وَالْمَرْجَانُ

Ал экөөсүнөн бермет менен маржан чыгат.

23 فَبِأَيِّ آلَاءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

24 وَلَهُ الْجَوَارِ الْمُنْشَآتُ فِي الْبَحْرِ كَالْأَعْلَامِ

Тоолордой болуп деңизде сүзүп жүргөн кемелер да Аныкы (бийлигинде).

a. Алланын

25 فَبِأَيِّ آلَاءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

26 كُلُّ مَنْ عَلَيْهَا فَانٍ

Анын үстүндөгүнүн баары жок болот.

a. жердин

27 وَيَبْقَى وَجْهُ رَبِّكَ ذُو الْجَلَالِ وَالْإِكْرَامِ

Бир гана Берешендиктин жана Улуулуктун Ээси болгон Эгеңдин Өзү гана калат.

a. т\бъл\к

28 فَبِأَيِّ آلَاءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

29 يَسْأَلُهُ مَنْ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ كُلَّ يَوْمٍ هُوَ فِي شَأْنٍ

Асмандардагы жана жердегилердин баарысы Андан тилешет. Ал күн сайын иретке келтирүүдө.

a. алардын тиричилигин, иштерин

30 فَبِأَيِّ آلَاءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

31 سَنَفْرُغُ لَكُمْ أَيُّهَ الثَّقَلَانِ

Эй, эки тайпа! Биз силерге көңүл бөлөбүз.

a. эй, жиндер жана адамдар! b. Силерден эсеп-кысап алуу \ч\н

32 فَبِأَيِّ آلَاءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

33 يَا مَعْشَرَ الْجِنِّ وَالْإِنْسِ إِنِ اسْتَطَعْتُمْ أَنْ تَنْفُذُوا مِنْ أَقْطَارِ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ فَانْفُذُوا لَا تَنْفُذُونَ إِلَّا بِسُلْطَانٍ

Эй, жиндердин жана адамдардын тайпалары! Асмандар менен жердин чектеринен чыгууга чамаңар жетсе, чыккыла, бирок Менин кудуретимсиз чыга албайсыңар!

a. эч качан

34 فَبِأَيِّ آلَاءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

35 يُرْسَلُ عَلَيْكُمَا شُوَاظٌ مِنْ نَارٍ وَنُحَاسٌ فَلَا تَنْتَصِرَانِ

Силерге түтүнсүз жалынды жана жалынсыз түтүндү жиберебиз. Силер өзүңөргө-өзүңөр жардам да бере албайсыңар.

a. аргасыздан Махшарга айдалып келинесиёер

36 فَبِأَيِّ آلَاءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

37 فَإِذَا انْشَقَّتِ السَّمَاءُ فَكَانَتْ وَرْدَةً كَالدِّهَانِ

Асман жарылып, түтүн сыяктуу кыпкызыл болгондо,

38 فَبِأَيِّ آلَاءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

39 فَيَوْمَئِذٍ لَا يُسْأَلُ عَنْ ذَنْبِهِ إِنْسٌ وَلَا جَانٌّ

Ал Күнү адамдар жана жиндер өз күнөөлөрү тууралуу суракка алынбайт.

40 فَبِأَيِّ آلَاءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!