1 الرَّحْمَنُ
Мээримдүү (Алла)
a. Алланын улуу ысым-сыпаттарынын бири
1 الرَّحْمَنُ
Мээримдүү (Алла)
a. Алланын улуу ысым-сыпаттарынын бири
2 عَلَّمَ الْقُرْآنَ
Куранды үйрөткөн.
3 خَلَقَ الْإِنْسَانَ
Инсанды жараткан.
4 عَلَّمَهُ الْبَيَانَ
Ага сүйлөөнү үйрөткөн.
5 الشَّمْسُ وَالْقَمَرُ بِحُسْبَانٍ
Күн жана ай эсеп менен (айланат).
6 وَالنَّجْمُ وَالشَّجَرُ يَسْجُدَانِ
Жылдыз да, дарактар да сежде кылышат.
a. «жылдыз» маанисин берген араб тилиндеги «нажм» съз\ бир эле учурда «ъс\мд\к» деген да маанини туюнтат. Бул жерде ошол эки маани теё дал келет. b. Аллага баш ийет
7 وَالسَّمَاءَ رَفَعَهَا وَوَضَعَ الْمِيزَانَ
Асманды көтөрүп, таразасын орнотуп койгон,
a. Алла Таала b. адилетт\\л\г\н
8 أَلَّا تَطْغَوْا فِي الْمِيزَانِ
Өлчөмдөгү чектен чыкпооңор үчүн.
a. Алланын мыйзамындагы (ълчъм\ндъг\) чектен
9 وَأَقِيمُوا الْوَزْنَ بِالْقِسْطِ وَلَا تُخْسِرُوا الْمِيزَانَ
Өлчөөнү адилеттүүлүк менен кылгыла жана таразадан кемитпегиле!
a. Бул жерде тараза менен тартуудагы ълчъм тууралуу кеп болууда b. Алдап соода кылбагыла, ар бир нерсени сатканда таразада так тартып саткыла!
10 وَالْأَرْضَ وَضَعَهَا لِلْأَنَامِ
Жерди жандуулар үчүн төшөгөн.
11 فِيهَا فَاكِهَةٌ وَالنَّخْلُ ذَاتُ الْأَكْمَامِ
Анда жемиштер жана бутак-шактуу курмалар (бар).
12 وَالْحَبُّ ذُو الْعَصْفِ وَالرَّيْحَانُ
(Анда) кабыктуу урук жана жыпар жыттуу өсүмдүктөр (өсөт).
a. Райхан сыяктуу
13 فَبِأَيِّ آلَاءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
a. Эй адамдар жана жиндер!
14 خَلَقَ الْإِنْسَانَ مِنْ صَلْصَالٍ كَالْفَخَّارِ
Инсанды чоподой бышырылган кургак ылайдан жаратты.
a. Топурактын угутунан
15 وَخَلَقَ الْجَانَّ مِنْ مَارِجٍ مِنْ نَارٍ
Жиндерди түтүнсүз жалындан жаратты.
16 فَبِأَيِّ آلَاءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
17 رَبُّ الْمَشْرِقَيْنِ وَرَبُّ الْمَغْرِبَيْنِ
Эки Чыгыш жана эки Батыш Эгеси.
a. Алла Таала
18 فَبِأَيِّ آلَاءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!
19 مَرَجَ الْبَحْرَيْنِ يَلْتَقِيَانِ
Эки деңизди кошуп агызды.
20 بَيْنَهُمَا بَرْزَخٌ لَا يَبْغِيَانِ
Экөөсүнүн ортосунда тосмо бар. Бири-бирине кошулбайт.
a. Б.а. туздуу жана тузсуз деёизди аралыштырып жибербей турган парда бар. Ал тосмонун кандай турганына Алладан башка эч кимдин акылы жетпейт!