бөлүм Камар - القمر

41 وَلَقَدْ جَاءَ آلَ فِرْعَوْنَ النُّذُرُ

Чындыгында фараондун үй бүлөсүнө эскертүү келди.

42 كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا كُلِّهَا فَأَخَذْنَاهُمْ أَخْذَ عَزِيزٍ مُقْتَدِرٍ

Кереметтерибиздин баарысын алар (фараондор) жалганга чыгарышты. Ошондо аларды абдан катуу кармоо менен кармадык.

a. б.а. жаза менен жазаладык

43 أَكُفَّارُكُمْ خَيْرٌ مِنْ أُولَئِكُمْ أَمْ لَكُمْ بَرَاءَةٌ فِي الزُّبُرِ

Тигилердин каапырларына караганда силердин каапырларыңар жакшыбы, же силер үчүн китептериңерде тосмо барбы?

a. Мурда аталып өткөн коомдордун каапырларына b. Забурда c. амандык убада кылынганбы

44 أَمْ يَقُولُونَ نَحْنُ جَمِيعٌ مُنْتَصِرٌ

Же алар: «Биз жеңүүчү жамаатпыз жана жеңишке жетебиз», –дешеби?

a. сөзсүз

45 سَيُهْزَمُ الْجَمْعُ وَيُوَلُّونَ الدُّبُرَ

Алардын тобу кыйроого учурайт жана артын көздөй качышат.

46 بَلِ السَّاعَةُ مَوْعِدُهُمْ وَالسَّاعَةُ أَدْهَى وَأَمَرُّ

Жок! Анткени, Кыйамат – аларга убада кылынган (азап). Кыйамат – мындан да оор жана ачуу!

47 إِنَّ الْمُجْرِمِينَ فِي ضَلَالٍ وَسُعُرٍ

Чындыгында, ыймансыздар адашууда жана жалындуу Отто (болушат).

48 يَوْمَ يُسْحَبُونَ فِي النَّارِ عَلَى وُجُوهِهِمْ ذُوقُوا مَسَّ سَقَرَ

Кыйамат Күнү жүздөрү менен Тозокко ташталып: «Тозоктун даамын таткыла!» – (деп айтылат).

49 إِنَّا كُلَّ شَيْءٍ خَلَقْنَاهُ بِقَدَرٍ

Чындыгында биз баарын өлчөм менен жараттык.

a. ашык-кеми жок, кынтыксыз кылып

50 وَمَا أَمْرُنَا إِلَّا وَاحِدَةٌ كَلَمْحٍ بِالْبَصَرِ

Биздин буйругубуз бир көз ирмемдик сыйактуу.

a. тездикте ишке ашат.

51 وَلَقَدْ أَهْلَكْنَا أَشْيَاعَكُمْ فَهَلْ مِنْ مُدَّكِرٍ

Чындыгында, силерге окшогондорду жок кылдык. Андан үлгү алуучу барбы?

52 وَكُلُّ شَيْءٍ فَعَلُوهُ فِي الزُّبُرِ

Алар жасаган ар нерсе китепте (бар).

a. Амал китебинде

53 وَكُلُّ صَغِيرٍ وَكَبِيرٍ مُسْتَطَرٌ

Ар бир чоң жана майда иштер (жазылган).

a. Амал китебинде

54 إِنَّ الْمُتَّقِينَ فِي جَنَّاتٍ وَنَهَرٍ

Чындыгында такыбалар Бейиштерде жана өзөн жакаларында,

55 فِي مَقْعَدِ صِدْقٍ عِنْدَ مَلِيكٍ مُقْتَدِرٍ

Кудуреттүү Падышанын алдындагы чыныгы орундарда (болушат).

a. Алланын