21 فَكَيْفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ
Азабым менен эскертүүм кандай болду?!
21 فَكَيْفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ
Азабым менен эскертүүм кандай болду?!
22 وَلَقَدْ يَسَّرْنَا الْقُرْآنَ لِلذِّكْرِ فَهَلْ مِنْ مُدَّكِرٍ
Чындыгында Биз Куранды эске тутууну жеңил кылдык. Андан үлгү алуучу барбы?
23 كَذَّبَتْ ثَمُودُ بِالنُّذُرِ
Самуд эли да эскертүүнү четке кагышкан:
a. Алланын жалгыздыгы, кыйамат жана Салихтин пайгамбарлыгы тууралуу чындыкты
24 فَقَالُوا أَبَشَرًا مِنَّا وَاحِدًا نَتَّبِعُهُ إِنَّا إِذًا لَفِي ضَلَالٍ وَسُعُرٍ
Алар: «Арабыздагы бир адамды ээрчийбизби? Андай болсо биз адашууда жана акылсыздык абалында (болобуз).
a. «пайгамбар эмес, катардагы эле жөнөкөй бир адамды» – дешкени
25 أَأُلْقِيَ الذِّكْرُ عَلَيْهِ مِنْ بَيْنِنَا بَلْ هُوَ كَذَّابٌ أَشِرٌ
Биздин арабыздан эскертүү бир гана ага түшүрүлдүбү!? Балким ал – жалганчы, текебер» – дешти.
a. айан
26 سَيَعْلَمُونَ غَدًا مَنِ الْكَذَّابُ الْأَشِرُ
Алар жакында ким жалганчы текебер экенин билишет!
27 إِنَّا مُرْسِلُو النَّاقَةِ فِتْنَةً لَهُمْ فَارْتَقِبْهُمْ وَاصْطَبِرْ
Албетте, Биз төөнү аларга сыноо үчүн жибердик. Анда сен аларга байкоо салып, сабыр кыл.
a. жараттык b. алардын жамандыктарына
28 وَنَبِّئْهُمْ أَنَّ الْمَاءَ قِسْمَةٌ بَيْنَهُمْ كُلُّ شِرْبٍ مُحْتَضَرٌ
Суу – алардын ортосунда бөлүштүрүлүшү керектиги тууралуу кабар жеткир. Ар бир суу ичүүчү өз кезегинде келсин!
a. Самуд эли менен ошол төө бир кудуктан кезектешип суу ичиши, адамдар сууну кызганып төөнү өлтүрбөшү керектиги Алла Таала тарабынан эскертилген b. төө жана адамдар c. Кудуктан суу ичүү үчүн
29 فَنَادَوْا صَاحِبَهُمْ فَتَعَاطَى فَعَقَرَ
Ошондо алар жолдошун чакырышты. Ал (болсо) кылычын алып, төөнү өлтүрдү.
a. Самуд эли b. дагы бир «баатырын» чакырып
30 فَكَيْفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ
Азабым менен эскертүүм кандай болгон?!
31 إِنَّا أَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ صَيْحَةً وَاحِدَةً فَكَانُوا كَهَشِيمِ الْمُحْتَظِرِ
Биз аларга катуу добуш жибердик эле, алар чарбактын чөп-чарындай болуп сулап калышты.
a. Катуу үндөн жүрөктөрү жарылып, ар кимси турган жерлеринде дароо жан беришти
32 وَلَقَدْ يَسَّرْنَا الْقُرْآنَ لِلذِّكْرِ فَهَلْ مِنْ مُدَّكِرٍ
Чындыгында Биз Куранды эске тутууну жеңил кылдык. Андан үлгү алуучу барбы?
33 كَذَّبَتْ قَوْمُ لُوطٍ بِالنُّذُرِ
Луттун эли да эскертүүнү четке кагышкан.
a. Алланын жалгыздыгы, кыйамат жана Луттун пайгамбарлыгы тууралуу чындыкты
34 إِنَّا أَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ حَاصِبًا إِلَّا آلَ لُوطٍ نَجَّيْنَاهُمْ بِسَحَرٍ
Биз аларга бороондуу таш жаадырдык. Бирок Луттун үйбүлөсүн эрте таңда сактап калдык.
a. Луттун үй бүлө мүчөлөрүнүн ыйман келтиргендери шаардан чыгып кетишкен соң, шаарда таш учурган катуу бороон болгон
35 نِعْمَةً مِنْ عِنْدِنَا كَذَلِكَ نَجْزِي مَنْ شَكَرَ
Биз тараптан жакшылык ушул сыйактуу эле ким (Мага) шүгүр кылса, сыйлайбыз.
36 وَلَقَدْ أَنْذَرَهُمْ بَطْشَتَنَا فَتَمَارَوْا بِالنُّذُرِ
Чындыгында (Лут) аларга келүүчү апаат тууралуу эскерткен болчу. Бирок эскертүүнү жалганга чыгарышты.
37 وَلَقَدْ رَاوَدُوهُ عَنْ ضَيْفِهِ فَطَمَسْنَا أَعْيُنَهُمْ فَذُوقُوا عَذَابِي وَنُذُرِ
Чындыгында алар (Луттун) конокторун бузууну ниет кылды. Ошондуктан алардын көздөрүн сокур кылып салдык: (Мына эми) азабымдын жана эскертүүмдүн даамын таткыла!!!
a. каапырлар b. периштелерди c. каапырлардын колуна өткөрүп берүүнү
38 وَلَقَدْ صَبَّحَهُمْ بُكْرَةً عَذَابٌ مُسْتَقِرٌّ
Таң эрте менен алар түбөлүктүү азапка кабылышты.
39 فَذُوقُوا عَذَابِي وَنُذُرِ
(Мына эми) азабым менен эскертүүмдүн даамын таткыла!!!
40 وَلَقَدْ يَسَّرْنَا الْقُرْآنَ لِلذِّكْرِ فَهَلْ مِنْ مُدَّكِرٍ
Чындыгында Биз Куранды эске тутууну жеңил кылдык. Андан үлгү алуучу барбы?