бөлүм Камар - القمر

1 اقْتَرَبَتِ السَّاعَةُ وَانْشَقَّ الْقَمَرُ

Убакыт жакындады да, Ай жарылды.

a. Кыйамат b. Экиге бөлүндү (Айдын экиге бөлүнүшү бул – Кыйамат кайымдын башталышынын белгиси)

2 وَإِنْ يَرَوْا آيَةً يُعْرِضُوا وَيَقُولُوا سِحْرٌ مُسْتَمِرٌّ

Алар белгини көрүшүп, тескериленип: «(Бул) үзгүлүтүксүз сыйкырчылык!» – дешет.

a. Алланын кереметин көрсө

3 وَكَذَّبُوا وَاتَّبَعُوا أَهْوَاءَهُمْ وَكُلُّ أَمْرٍ مُسْتَقِرٌّ

жалганга чыгарып, наспилерин ээрчишти. (Анткен менен) ар нерсенин өз орду бар.

4 وَلَقَدْ جَاءَهُمْ مِنَ الْأَنْبَاءِ مَا فِيهِ مُزْدَجَرٌ

Чындыгында, аларга аларды тыйа турган кабар келген эле,

5 حِكْمَةٌ بَالِغَةٌ فَمَا تُغْنِ النُّذُرُ

анда жеткиликтүү даанышмандык (бар). Бул эскертүү да пайда берген жок.

a. каапырларга

6 فَتَوَلَّ عَنْهُمْ يَوْمَ يَدْعُ الدَّاعِ إِلَى شَيْءٍ نُكُرٍ

Алардан жүз үйрү! Чакыруучу бейтааныш нерсеге чакырган Күнү.

a. Эй Мухаммед! b. Кыйамат Күнү адамдарды суракка чакыруучу периште c. Кыйамат Күнү

7 خُشَّعًا أَبْصَارُهُمْ يَخْرُجُونَ مِنَ الْأَجْدَاثِ كَأَنَّهُمْ جَرَادٌ مُنْتَشِرٌ

Алар көздөрү корккон абалда мүрзөлөрдөн жайылган чегирткелер сыйактуу болуп чыга келишет.

a. адамдар

8 مُهْطِعِينَ إِلَى الدَّاعِ يَقُولُ الْكَافِرُونَ هَذَا يَوْمٌ عَسِرٌ

Чакыруучу тарапка умтулуп, каапырлар: «Бул – оор Күн!» – дешет.

a. периште

9 كَذَّبَتْ قَبْلَهُمْ قَوْمُ نُوحٍ فَكَذَّبُوا عَبْدَنَا وَقَالُوا مَجْنُونٌ وَازْدُجِرَ

Алардан мурда да Нухтун коому жалганга чыгарышкан: Пендебизди «жалганчы», «жинди», – деп айтышкан жана ал тыйылып калган.

a. Кыйаматтын болоорун b. Нухту c. үгүтүн жүргүзө албай калган

10 فَدَعَا رَبَّهُ أَنِّي مَغْلُوبٌ فَانْتَصِرْ

Ал Эгесине: «Мен, акыйкатта, жеңилдим. Жардам бер» – деп жалбарды.

a. каапрылардан

11 فَفَتَحْنَا أَبْوَابَ السَّمَاءِ بِمَاءٍ مُنْهَمِرٍ

Асман эшиктерин нөшөрлөгөн жамгыр менен ачтык.

a. нөшөрлөтүп жамгыр төктүк

12 وَفَجَّرْنَا الْأَرْضَ عُيُونًا فَالْتَقَى الْمَاءُ عَلَى أَمْرٍ قَدْ قُدِرَ

Жерди жарып булактарды (чыгардык). Ошондо суулар мурда эле аныкталган буйрук бойунча биригишти.

a. Лавхул Махфузда жазылган b. Биригип, Улуу Топон сууга айланды

13 وَحَمَلْنَاهُ عَلَى ذَاتِ أَلْوَاحٍ وَدُسُرٍ

Аны тактайлуу жана мыктуунун үстүндө алып жүрдүк.

a. Нухту (а.с.) b. кеменин үстүндө

14 تَجْرِي بِأَعْيُنِنَا جَزَاءً لِمَنْ كَانَ كُفِرَ

Биздин көз алдыбызда тыйылганга сыйлык болуп сүзүп баратты.

a. Нухка (а.с.) b. Нухтун (а.с.) кемеси

15 وَلَقَدْ تَرَكْنَاهَا آيَةً فَهَلْ مِنْ مُدَّكِرٍ

Чындыгында, Биз аны эскертүү катары калтырдык. Андан сабак алуучу барбы?

a. келечек муундарга

16 فَكَيْفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ

Азабым жана эскертүүм кандай болду!?

17 وَلَقَدْ يَسَّرْنَا الْقُرْآنَ لِلذِّكْرِ فَهَلْ مِنْ مُدَّكِرٍ

Чындыгында Биз Куранды эске тутууну жеңил кылдык. Андан үлгү алуучу барбы?

18 كَذَّبَتْ عَادٌ فَكَيْفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ

Аад эли жалганга чыгарышты. Менин азабым менен эскертүүм кандай болду!?

a. Худ (а.с,)дын эли b. Алланын жалгыздыгын, Кыйаматтын болорун жана Худдун пайгамбарлыгын,

19 إِنَّا أَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ رِيحًا صَرْصَرًا فِي يَوْمِ نَحْسٍ مُسْتَمِرٍّ

Биз аларга бактысыз күндө үзгүлтүксүз, заар үндүү бороон жибердик.

20 تَنْزِعُ النَّاسَ كَأَنَّهُمْ أَعْجَازُ نَخْلٍ مُنْقَعِرٍ

(Ал бороон) адамдарды тамыры менен кошо омкорулган курма дарагынын сөңгөгүндөй кылып жулуп кетет.

a. ошол шамал