41 ثُمَّ يُجْزَاهُ الْجَزَاءَ الْأَوْفَى
Андан кийин амалы үчүн толук сый менен сыйланат.
a. Бул дүйнөдөгү
41 ثُمَّ يُجْزَاهُ الْجَزَاءَ الْأَوْفَى
Андан кийин амалы үчүн толук сый менен сыйланат.
a. Бул дүйнөдөгү
42 وَأَنَّ إِلَى رَبِّكَ الْمُنْتَهَى
Албетте, жыйынтыктоо – сенин Эгеңе гана (таандык).
a. (Чек, чектөө), же ар бир иштин үзүрүн, же жазасын берүү
43 وَأَنَّهُ هُوَ أَضْحَكَ وَأَبْكَى
Чындыгында, Ал – кубанып, ыйлатат.
a. Аллах
44 وَأَنَّهُ هُوَ أَمَاتَ وَأَحْيَا
Чынында, Ал – өлтүрүп, тирилтет.
45 وَأَنَّهُ خَلَقَ الزَّوْجَيْنِ الذَّكَرَ وَالْأُنْثَى
Ал – эркек жана ургаачы кылып, (кош) жупту жаратты:
46 مِنْ نُطْفَةٍ إِذَا تُمْنَى
куйулган бир тамчы суйуктуктан.
a. жатынга
47 وَأَنَّ عَلَيْهِ النَّشْأَةَ الْأُخْرَى
Экинчи жолу жаратуу да – Анын эркинде.
48 وَأَنَّهُ هُوَ أَغْنَى وَأَقْنَى
Албетте, Ал – байытып, өнүктүрөт.
49 وَأَنَّهُ هُوَ رَبُّ الشِّعْرَى
Албетте, Ал – Шиьра жылдызынын Эгеси.
a. Сириус жылдызынын
50 وَأَنَّهُ أَهْلَكَ عَادًا الْأُولَى
Ал – оболку Аад элин жок кылды.
51 وَثَمُودَ فَمَا أَبْقَى
Самуд элин да жок кылып, (бирин да) калтырбады.
52 وَقَوْمَ نُوحٍ مِنْ قَبْلُ إِنَّهُمْ كَانُوا هُمْ أَظْلَمَ وَأَطْغَى
Андан мурда Нухтун элин (жок кылган). Алар акыйкатта заалым жана чектен чыккандар болчу.
a. Нухтун доорунда жашаган адамдар
53 وَالْمُؤْتَفِكَةَ أَهْوَى
Ал – төңкөрүлгөн шаарды (да) жексен кылды.
54 فَغَشَّاهَا مَا غَشَّى
Жана аларды апаат басып калды.
a. Алардын апаат артынан апаат басып, кетпес кырсыктарга туш болушту
55 فَبِأَيِّ آلَاءِ رَبِّكَ تَتَمَارَى
Андай болсо сен Эгеңдин жакшылыктарынын кайсынысынан шек санап жалганга чыгара аласың?!
56 هَذَا نَذِيرٌ مِنَ النُّذُرِ الْأُولَى
Бул – мурдагылар сыйактуу эле эскертүүчү.
a. Мухаммед (а.с.) b. мурдакы пайгамбарлар сыйактуу c. адамзатка Аллахх Таала, Кыйамат, дин, пайгамбарлар, ибадат, өмүр, өлүм, сурак, адилеттүүлүк, чынчылдык, такыбалык, туура жол, күнөө, сооп ж.б. тууралуу эскертүүчү
57 أَزِفَتِ الْآزِفَةُ
Кыйамат жакындады.
58 لَيْسَ لَهَا مِنْ دُونِ اللَّهِ كَاشِفَةٌ
Аллахдан башка эч ким аны ашкере кыла албайт!
a. Кыйаматтын болушун
59 أَفَمِنْ هَذَا الْحَدِيثِ تَعْجَبُونَ
Ушул Сөзгө эмнеге силер таң каласыңар?!
a. Куранга
60 وَتَضْحَكُونَ وَلَا تَبْكُونَ
Ыйлабастан, (эмнеге) күлөсүңөр?