21 أَلَكُمُ الذَّكَرُ وَلَهُ الْأُنْثَى
Эркек силердики болуп, ал эми ургаачы Аллахныкыбы?
a. кыз
21 أَلَكُمُ الذَّكَرُ وَلَهُ الْأُنْثَى
Эркек силердики болуп, ал эми ургаачы Аллахныкыбы?
a. кыз
22 تِلْكَ إِذًا قِسْمَةٌ ضِيزَى
Андай болсо, мунуңар – адилетсиз бөлүштүрүү!
23 إِنْ هِيَ إِلَّا أَسْمَاءٌ سَمَّيْتُمُوهَا أَنْتُمْ وَآبَاؤُكُمْ مَا أَنْزَلَ اللَّهُ بِهَا مِنْ سُلْطَانٍ إِنْ يَتَّبِعُونَ إِلَّا الظَّنَّ وَمَا تَهْوَى الْأَنْفُسُ وَلَقَدْ جَاءَهُمْ مِنْ رَبِّهِمُ الْهُدَى
Бул – силер жана силердин ата-бабаңар эле койуп алган ысымдар. Аллах алар тууралуу эч бир далил түшүргөн эмес! Алар өз көңүлдөрү каалаган нерселерди гана ээрчишти. Чындыгында аларга Эгелеринен Туура Жол келди!
a. жогоруда аталган сөлөкөттөрдын аталыштары b. сөлөкөттөр c. айан d. мушриктер (б.а. Аллахка шерик кошуучулар) e. Куран
24 أَمْ لِلْإِنْسَانِ مَا تَمَنَّى
Же инсанга өзү каалаган нерсенин баары боло береби?
25 فَلِلَّهِ الْآخِرَةُ وَالْأُولَى
Чындыгында, Акырет да, дүйнө да Аллахтын ээлигинде!
a. Бул жалган дүйнө да
26 وَكَمْ مِنْ مَلَكٍ فِي السَّمَاوَاتِ لَا تُغْنِي شَفَاعَتُهُمْ شَيْئًا إِلَّا مِنْ بَعْدِ أَنْ يَأْذَنَ اللَّهُ لِمَنْ يَشَاءُ وَيَرْضَى
Асманда канчалаган периштелер бар! Аллах каалаганына, ыраазы болгонуна гана уруксат бермейинче алардын колдоосу эч нерсеге жарабайт.
a. Бул жерде, кыйазы инсандар тууралуу кеп болууда
27 إِنَّ الَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِالْآخِرَةِ لَيُسَمُّونَ الْمَلَائِكَةَ تَسْمِيَةَ الْأُنْثَى
Чындыгында, Акырет жашоосуна ишенбегендер периштелерди ургаачы ысымдары менен аташат.
28 وَمَا لَهُمْ بِهِ مِنْ عِلْمٍ إِنْ يَتَّبِعُونَ إِلَّا الظَّنَّ وَإِنَّ الظَّنَّ لَا يُغْنِي مِنَ الْحَقِّ شَيْئًا
Бирок аларда бул тууралуу илим жок. Алар өз күмөндөрүн гана ээрчишет. А күмөн болсо – Акыйкаттан эч нерсени тосо албайт!
a. периштелер тууралуу b. Күмөндөр дайым жалганга чыгып, кыйрап, чындык болсо бекем бойдон кала берет.Б.а. күмөн Чындыкка чындап жетүүнү каалаган адамга тоскоол эмес.
29 فَأَعْرِضْ عَنْ مَنْ تَوَلَّى عَنْ ذِكْرِنَا وَلَمْ يُرِدْ إِلَّا الْحَيَاةَ الدُّنْيَا
Ким Бизди эстөөдөн баш тартса жана дүйнө жашоосунан башка жашоону каалабаса, сен да алардан баш тарт.
30 ذَلِكَ مَبْلَغُهُمْ مِنَ الْعِلْمِ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ بِمَنْ ضَلَّ عَنْ سَبِيلِهِ وَهُوَ أَعْلَمُ بِمَنِ اهْتَدَى
Алардын илимден алчу үлүшү ушунчалык эле! Чындыгында, Эгең жолунан адашканды жана туура жолдогуну да Билүүчү.
31 وَلِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ لِيَجْزِيَ الَّذِينَ أَسَاءُوا بِمَا عَمِلُوا وَيَجْزِيَ الَّذِينَ أَحْسَنُوا بِالْحُسْنَى
Асмандардагылар да, жердегилер да бир гана Аллахка таандык. (Аллах) жамандык кылгандарды (кайра өзүнүн) жамандыгы менен жазалайт, жакшылык кылгандарды жакшылыгы менен сыйлайт.
32 الَّذِينَ يَجْتَنِبُونَ كَبَائِرَ الْإِثْمِ وَالْفَوَاحِشَ إِلَّا اللَّمَمَ إِنَّ رَبَّكَ وَاسِعُ الْمَغْفِرَةِ هُوَ أَعْلَمُ بِكُمْ إِذْ أَنْشَأَكُمْ مِنَ الْأَرْضِ وَإِذْ أَنْتُمْ أَجِنَّةٌ فِي بُطُونِ أُمَّهَاتِكُمْ فَلَا تُزَكُّوا أَنْفُسَكُمْ هُوَ أَعْلَمُ بِمَنِ اتَّقَى
Оор күнөөлөрдөн жана ыпластыктардан сактангандардын бир аз күнөөлөрү болсо да, аларга Эгеңдин кечирими шексиз кең. Силер топурактан (алгач ирет) жаратылган кезде жана энеңердин курсагында түйүлдүк болуп жаткан учурда эле Ал силерди жакшы билген. Ошондуктан өзүңөрдү өзүңөр актабагыла. Ал ким такыба экенин мыкты билет.
a. Анткени майда күнөөлөр – ибадаттар жана намаздар аркылуу кечирилет b. айагы суйуктук сыйактуу ыплас иштерди c. Аллах d. кандай адам болоруңарды e. Аллах
33 أَفَرَأَيْتَ الَّذِي تَوَلَّى
Жүз үйрүгөндү карабайсыңбы?
34 وَأَعْطَى قَلِيلًا وَأَكْدَى
(Ал) аз гана берип, токтотту.
a. Валид ибн Мугийра b. Валид ибн Мугийра бир курайш мушриги менен өз күнөөсүн ал өз мойнуна алышы үчүн акча төлөөгө келишим түзүп, ал сумманын жарымын гана берип, калганын бербей койот. Кеп ошол жалганчы каапыр тууралуу болууда.
35 أَعِنْدَهُ عِلْمُ الْغَيْبِ فَهُوَ يَرَى
Анын кайыпты көрсөтө турган илими барбы?
a. Аныгына жеткире турган
36 أَمْ لَمْ يُنَبَّأْ بِمَا فِي صُحُفِ مُوسَى
Же ага Мусанын барактарындагы нерселер тууралуу кабар жеткен эмеспи?
37 وَإِبْرَاهِيمَ الَّذِي وَفَّى
Ошондой эле убаданы аткарган Ибрахимдин дагыбы?
a. баракчалары
38 أَلَّا تَزِرُ وَازِرَةٌ وِزْرَ أُخْرَى
Эч бир күнөөкөр башканын күнөөсүн көтөрбөйт.
39 وَأَنْ لَيْسَ لِلْإِنْسَانِ إِلَّا مَا سَعَى
Ар бир инсанга жасаган жакшылыгы гана болот (пайдасын берет).
40 وَأَنَّ سَعْيَهُ سَوْفَ يُرَى
Албетте анын эмгеги, натыйжасы жакында көрүнөт!
a. Акыретте ар ким бул дүйнөдө жасаган жакшылыгынын үзүрүн сөзсүз көрөт.