бөлүм Нажм - النجم

1 وَالنَّجْمِ إِذَا هَوَى

Батып бараткан жылдызга ант!

a. Бул жерде Сириус жылдызы тууралуу айтылууда

2 مَا ضَلَّ صَاحِبُكُمْ وَمَا غَوَى

Жолдошуңар адашкан да, жолдон чыккан да жок.

a. Мухаммед (а.с.) тууралуу айтылууда

3 وَمَا يَنْطِقُ عَنِ الْهَوَى

Ал өз көңүлүнөн чыгарып айтпайт.

a. Ойунан

4 إِنْ هُوَ إِلَّا وَحْيٌ يُوحَى

Болгону ал – түшүрүлгөн айан.

a. Куран

5 عَلَّمَهُ شَدِيدُ الْقُوَى

Ага аны күч ээси үйрөттү.

a. Мухаммед алейхи салам b. Жебреил (а.с.)

6 ذُو مِرَّةٍ فَاسْتَوَى

Ал кубаттуулук ээси; анан да турук тапты.

a. орун алды

7 وَهُوَ بِالْأُفُقِ الْأَعْلَى

ал жогорку мейкиндикте.

a. орун алган. Адамдарга, жиндерге жана айрым периштелерге салыштырганда.

8 ثُمَّ دَنَا فَتَدَلَّى

Анан жакындап келип, өтө жакын болду.

9 فَكَانَ قَابَ قَوْسَيْنِ أَوْ أَدْنَى

Ошентип жаанын өлчөмүндөй болду же андан да жакыныраак (келди)

a. экөөсүнүн ортосундагы аралык кыскарып b. Мухаммед (а.с.) пайгамбарга

10 فَأَوْحَى إِلَى عَبْدِهِ مَا أَوْحَى

Айандарды Аллахтын кулунун көкүрөгүнө салды.

a. Б.а. Куран Мухаммед (а.с.)га Жабриал (а.с.) аркылуу түшүрүлгөн b. Эгесинин буйругу менен

11 مَا كَذَبَ الْفُؤَادُ مَا رَأَى

Жүрөк көргөнүн жалган деген жок.

a. Мухаммед пайгамбардын (а.с.) жүрөгү туйганын шексиз чындык катары b. кабыл алды

12 أَفَتُمَارُونَهُ عَلَى مَا يَرَى

Анын көргөн нерсеси тууралуу силер жаңжалдашасыңарбы?

13 وَلَقَدْ رَآهُ نَزْلَةً أُخْرَى

Чындыгында ал аны экинчи ирет көрдү.

a. Мухаммед (а.с.) b. Жебреилди( а.с.)

14 عِنْدَ سِدْرَةِ الْمُنْتَهَى

“Сидратул-Мунтаханын” жанында,

a. Нилуфар дарагынын

15 عِنْدَهَا جَنَّةُ الْمَأْوَى

Анын жанында «Маьва» аттуу Бейиш (бар).

16 إِذْ يَغْشَى السِّدْرَةَ مَا يَغْشَى

Ошол учурда даракты каптоочу каптап калды.

17 مَا زَاغَ الْبَصَرُ وَمَا طَغَى

Көз алаңдаган да, чектен ашкан да жок.

a. Мухаммеддин (а.с.) периштеден коркуп

18 لَقَدْ رَأَى مِنْ آيَاتِ رَبِّهِ الْكُبْرَى

Чындыгында, Эгесинин улуу кереметтерин көрдү.

19 أَفَرَأَيْتُمُ اللَّاتَ وَالْعُزَّى

Лат менен Уззанын көрдүңөрбү?

a. Ислам келгенге чейинки караңгы (жахилийа) доорунда «кудай» эсептелген сөлөкөт b. Мекке менен Таифтин ортосундагы караңгы (жахил) курайшиттер сыйынып, ыйык санашкан дарак-сөлөкөт.

20 وَمَنَاةَ الثَّالِثَةَ الْأُخْرَى

Алардан башка, үчүнчүсү – Манаттычы.

a. Мекке менен Мединанын ортосундагы Худайда деген жерде жайгашкан «тагдыр жана өлүм кудайы» саналган сөлөкөт