бөлүм Духан - الدخان

41 يَوْمَ لَا يُغْنِي مَوْلًى عَنْ مَوْلًى شَيْئًا وَلَا هُمْ يُنْصَرُونَ

Ал күнү дос досун куткара албайт жана аларга жардам берилбейт.

42 إِلَّا مَنْ رَحِمَ اللَّهُ إِنَّهُ هُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ

Алла мээримдүүлүк кылгандарынан башкаларына. Анткени Ал – Улуу, Мээримдүү.

43 إِنَّ شَجَرَتَ الزَّقُّومِ

Акыйкатта заккум дарагы,

a. Заккум – Тозоктун түбүндө өсүүчү түрү суук дарак. Анын мөмөлөрү шайтандын башына окшош, а бутактары учтуу тикенектүү болот. Бул мөмө тозоктогуларга мажбурланып жегизилет.

44 طَعَامُ الْأَثِيمِ

күнөөкөрлөр үчүн тамак,

45 كَالْمُهْلِ يَغْلِي فِي الْبُطُونِ

ээриген жез өңдүү, курсактарында кайнайт,

a. Тозоктогу күнөөкөрлөрдүн.

46 كَغَلْيِ الْحَمِيمِ

кайнаган суу өңдүү.

47 خُذُوهُ فَاعْتِلُوهُ إِلَى سَوَاءِ الْجَحِيمِ

Аны алгыла да тозоктун дал ортосуна сүйрөп баргыла!

48 ثُمَّ صُبُّوا فَوْقَ رَأْسِهِ مِنْ عَذَابِ الْحَمِيمِ

Андан соң анын төбөсүнө кайнак суудан куйгула!

49 ذُقْ إِنَّكَ أَنْتَ الْعَزِيزُ الْكَرِيمُ

Таткын! Анткени, сен ызааттуу, улуксуң.

a. Өз ойунда өзүн ызааттуумун деп сезген.

50 إِنَّ هَذَا مَا كُنْتُمْ بِهِ تَمْتَرُونَ

Акыйкатта бул силер шектенип келген нерсе” (делинет).

51 إِنَّ الْمُتَّقِينَ فِي مَقَامٍ أَمِينٍ

Аныгында такыбалар тынч жайда,

a. Эч нерседен бейкапар, чексиз бактылуу абалда Бейиш жайында болушат. Анда бардык нерселер жогорку көркөмдүктө, көз тайгылткан кооз абалда болот.

52 فِي جَنَّاتٍ وَعُيُونٍ

Бак дарактардын жана суулардын араларында.

53 يَلْبَسُونَ مِنْ سُنْدُسٍ وَإِسْتَبْرَقٍ مُتَقَابِلِينَ

Алар жука жана жибектен кийим кийип, маңдай тескей жайгашат.

54 كَذَلِكَ وَزَوَّجْنَاهُمْ بِحُورٍ عِينٍ

Мына ушундай. Биз аларды кара көз үр кыздары менен үйлөндүрөбүз.

a. Тил жеткистей келишкен сулуу кыздар, алардын көздөрү адамды өзүнө тарткандай өзгөчө көркөмдүү, алар Бейишке киргендердин жубайлары болушат. “Рахман” сүрөсүндө да Бейиш тууралуу кененирээк сүрөттөлгөн. О.э. башка сүрөлөрдө да бар (караңыз).

55 يَدْعُونَ فِيهَا بِكُلِّ فَاكِهَةٍ آمِنِينَ

Алар анда түрдүү ишеничтүү жемиштен талап кыла алышат.

56 لَا يَذُوقُونَ فِيهَا الْمَوْتَ إِلَّا الْمَوْتَةَ الْأُولَى وَوَقَاهُمْ عَذَابَ الْجَحِيمِ

Алар анда биринчи өлүмдөн башка өлүмдү татышпайт жана Ал аларды от азабынан куткарган.

57 فَضْلًا مِنْ رَبِّكَ ذَلِكَ هُوَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ

Эгеңдин мээримдүүлүгү бойунча. Бул улуу сыйлык!

58 فَإِنَّمَا يَسَّرْنَاهُ بِلِسَانِكَ لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ

Биз аны сенин тилиңде жеңил кылдык. Мүмкүн алар насаат алышаар.

a. Куранды.

59 فَارْتَقِبْ إِنَّهُمْ مُرْتَقِبُونَ

Күткүн, анткени алар да күтөт.

a. Мухаммед, алардын эмне болоорун күткүн, анткени алар сени кырсыкка калат деп күтүп жатышат. (Сафват Ал-Тафасир).