21 وَإِنْ لَمْ تُؤْمِنُوا لِي فَاعْتَزِلُونِ
А эгер силер мага ишенбесеңер, мага зыйан кылбагыла.
21 وَإِنْ لَمْ تُؤْمِنُوا لِي فَاعْتَزِلُونِ
А эгер силер мага ишенбесеңер, мага зыйан кылбагыла.
22 فَدَعَا رَبَّهُ أَنَّ هَؤُلَاءِ قَوْمٌ مُجْرِمُونَ
Ал Эгесине: “Бул адамдар күнөөкөр коом” – деп жалбарды.
23 فَأَسْرِ بِعِبَادِي لَيْلًا إِنَّكُمْ مُتَّبَعُونَ
“Түн ичинде Менин пенделерим менен бирге чык! Анткени, алар сени куугунга алышат,
a. Алла Тааланын буйругу
24 وَاتْرُكِ الْبَحْرَ رَهْوًا إِنَّهُمْ جُنْدٌ مُغْرَقُونَ
деңизди ачык койуп кой, анткени алар чөктүрүлүүчү аскерлер.”
a. Деңизден өтүп алгандан кийин.
25 كَمْ تَرَكُوا مِنْ جَنَّاتٍ وَعُيُونٍ
Алар канча бактарды жана булактарды калтырды.
26 وَزُرُوعٍ وَمَقَامٍ كَرِيمٍ
Эгин талааларын жана ардактуу орундарды,
27 وَنَعْمَةٍ كَانُوا فِيهَا فَاكِهِينَ
Жана алар ырахаттанган жакшылык жыргалдарды.
28 كَذَلِكَ وَأَوْرَثْنَاهَا قَوْمًا آخَرِينَ
Мына ушундай! Биз мунун баарына башка элди мураскер кылдык.
a. Фараон аскерлери менен кыргын болгондон кийин 1) Исраил урпактары Египетке мураскор болуп калган (Хасан ал-Басринин пикири бойунча); 2) Башка да элдер (Катаданын пикири бойунча).
29 فَمَا بَكَتْ عَلَيْهِمُ السَّمَاءُ وَالْأَرْضُ وَمَا كَانُوا مُنْظَرِينَ
Алардын үстүнөн асман да, жер да ыйлаган жок жана алардын мөөнөтү узартылбады.
30 وَلَقَدْ نَجَّيْنَا بَنِي إِسْرَائِيلَ مِنَ الْعَذَابِ الْمُهِينِ
Биз Исраил урпактарын кордоочу азаптан куткардык,
a. Египеттиктер аларды кулдукта кармап, каалагандай эзип, кичинекей эркек балдарын өлтүрүп турушкан.
31 مِنْ فِرْعَوْنَ إِنَّهُ كَانَ عَالِيًا مِنَ الْمُسْرِفِينَ
Фараондон. Анткени ал текебер, чектен чыккандардан эле.
32 وَلَقَدِ اخْتَرْنَاهُمْ عَلَى عِلْمٍ عَلَى الْعَالَمِينَ
Биз аларды илим менен дүйнөнүн үстүнө тандап алдык.
a. Исраил урпактары кулдуктан кутулган соң, бир канча убакыттардан кийин алардын урпактары гүлдөгөн аймактарга отурукташкан. Дауд, Сулаймандын учурунда күчтүү мамлекетке айланган. Алла Таала Исраил урпактары үчүн Тооратты жана Забурду берген.
33 وَآتَيْنَاهُمْ مِنَ الْآيَاتِ مَا فِيهِ بَلَاءٌ مُبِينٌ
Аларга Биз сыноо болгон ачык-айкын айаттарды келтирдик.
34 إِنَّ هَؤُلَاءِ لَيَقُولُونَ
Мына алардын айткандары:
a. Сөлөкөттөргө жалган кудайларга табынган араб мушриктери.
35 إِنْ هِيَ إِلَّا مَوْتَتُنَا الْأُولَى وَمَا نَحْنُ بِمُنْشَرِينَ
“Бизде бир гана өлүм бар. Биз (өлгөн соң) тирилбейбиз.
36 فَأْتُوا بِآبَائِنَا إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
Эгер силер чынын айтып жатсаңар биздин аталарыбызды (тирилтип) келтиргилечи”.
37 أَهُمْ خَيْرٌ أَمْ قَوْمُ تُبَّعٍ وَالَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ أَهْلَكْنَاهُمْ إِنَّهُمْ كَانُوا مُجْرِمِينَ
Алар жакшыбы, же Тубба коомубу, же аларга чейинкилерби? Аларды Биз ойрон кылдык, анткени алар күнөөкөрлөр эле.
a. Меккелик сөлөкөткө табынуучулар, жана алар менен байланыштуу болгон байлык, дөөлөт, мансап сыйактуу түшүнүктөр. b. Йемендик Химйар падышанын династийасынын аталышы. c. Башка да байыркы күч-кубаттуу элдер.
38 وَمَا خَلَقْنَا السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا لَاعِبِينَ
Биз асмандар менен жерди, алардын арасындагыларды ойноп жаратканыбыз жок.
39 مَا خَلَقْنَاهُمَا إِلَّا بِالْحَقِّ وَلَكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ
Биз аларды акыйкаттык менен жараттык, бирок көпчүлүгү аны билишпейт.
40 إِنَّ يَوْمَ الْفَصْلِ مِيقَاتُهُمْ أَجْمَعِينَ
Акыйкатта, ажыратуучу күн – алардын баарынын мөөнөтү.
a. Кыйамат күнү.