1 حم
Ха, Мим.
a. Мааниси бир Аллага маалым.
1 حم
Ха, Мим.
a. Мааниси бир Аллага маалым.
2 وَالْكِتَابِ الْمُبِينِ
Айкын Китепке ант!
3 إِنَّا أَنْزَلْنَاهُ فِي لَيْلَةٍ مُبَارَكَةٍ إِنَّا كُنَّا مُنْذِرِينَ
Биз Аны кут даарыган ыйык түндө түшүрдүк. Акыйкатта, Биз эскертүүчүбүз.
4 فِيهَا يُفْرَقُ كُلُّ أَمْرٍ حَكِيمٍ
Бул түндө бардык даанышман иштер бөлүштүрүлөт.
5 أَمْرًا مِنْ عِنْدِنَا إِنَّا كُنَّا مُرْسِلِينَ
Бизден болгон буйрук бойунча Биз жөнөтүүчүбүз,
6 رَحْمَةً مِنْ رَبِّكَ إِنَّهُ هُوَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ
сенин Эгеңдин мээримдүүлүгү бойунча, анткени Ал – Угуучу, Билүүчү
7 رَبِّ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا إِنْ كُنْتُمْ مُوقِنِينَ
Асмандагылар менен жердин, ал экөөнүн арасындагылардын Эгеси, эгер силер ишенүүчү болсоңор.
8 لَا إِلَهَ إِلَّا هُوَ يُحْيِي وَيُمِيتُ رَبُّكُمْ وَرَبُّ آبَائِكُمُ الْأَوَّلِينَ
Андан башка Кудай жок, Ал тирилтет жана өлтүрөт, силердин жана оболку аталарыңардын Эгеси.
9 بَلْ هُمْ فِي شَكٍّ يَلْعَبُونَ
Жок! Алар шектенип, ойун-күлкү кылышууда.
10 فَارْتَقِبْ يَوْمَ تَأْتِي السَّمَاءُ بِدُخَانٍ مُبِينٍ
Асман айкын түтүн менен келген күндү күтүп тур.
a. Кыйын кезең, ачарчылык келген күнү. Анткени катуу ачка болгон адам алсыздыгынан көзү тунарып аны менен асмандын ортосун түтүн сымал көрөт. Тафсир Ал-Байзавий.
11 يَغْشَى النَّاسَ هَذَا عَذَابٌ أَلِيمٌ
Ал адамдарды каптап калат. Бул оорутуучу жаза.
12 رَبَّنَا اكْشِفْ عَنَّا الْعَذَابَ إِنَّا مُؤْمِنُونَ
“Эгебиз! Бизден жазаны кайтар. Биз ишенүүчүлөрбүз”.
13 أَنَّى لَهُمُ الذِّكْرَى وَقَدْ جَاءَهُمْ رَسُولٌ مُبِينٌ
Ачык-айкын айаттар менен аларга келген пайгамбардын эскертүүсү кайда?
14 ثُمَّ تَوَلَّوْا عَنْهُ وَقَالُوا مُعَلَّمٌ مَجْنُونٌ
Алар андан бет бурушту да “Окутулган, жинди”, – дешти.
a. Бул Куранды бирөөдөн үйрөнүп жүрөт.
15 إِنَّا كَاشِفُو الْعَذَابِ قَلِيلًا إِنَّكُمْ عَائِدُونَ
Чындыгында Биз азапты азыраак токтото турабыз. Анткени, Бизге кайтасыңар.
16 يَوْمَ نَبْطِشُ الْبَطْشَةَ الْكُبْرَى إِنَّا مُنْتَقِمُونَ
Биз чоң кыйроо менен кыйраткан күнү: Биз акыйкатта өч алуучубуз.
17 وَلَقَدْ فَتَنَّا قَبْلَهُمْ قَوْمَ فِرْعَوْنَ وَجَاءَهُمْ رَسُولٌ كَرِيمٌ
Биз аларга чейин Фараондун элин сынаганбыз. Аларга ардактуу пайгамбар келген.
18 أَنْ أَدُّوا إِلَيَّ عِبَادَ اللَّهِ إِنِّي لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌ
“Мага Алланын пенделерин тапшыргыла, мен силерге ишенимдүү пайгамбармын”, – деди.
19 وَأَنْ لَا تَعْلُوا عَلَى اللَّهِ إِنِّي آتِيكُمْ بِسُلْطَانٍ مُبِينٍ
Алланын алдында көтөрүлбөгүлө, анткени мен силерге негиздүү далилдер менен келем.
20 وَإِنِّي عُذْتُ بِرَبِّي وَرَبِّكُمْ أَنْ تَرْجُمُونِ
Силер мени таш менен урбооңор үчүн менин жана силердин Эгеңер менен сактандым.