бөлүм Саба - سبأ

41 قَالُوا سُبْحَانَكَ أَنْتَ وَلِيُّنَا مِنْ دُونِهِمْ بَلْ كَانُوا يَعْبُدُونَ الْجِنَّ أَكْثَرُهُمْ بِهِمْ مُؤْمِنُونَ

Алар: “Сени аруулайбыз! Биздин коргоочубуз алар эмес, Сенсиң. Ооба, алар жиндерге сыйынышкан, алардын көбү аларга ишенишкен эле”, – дешет.

42 فَالْيَوْمَ لَا يَمْلِكُ بَعْضُكُمْ لِبَعْضٍ نَفْعًا وَلَا ضَرًّا وَنَقُولُ لِلَّذِينَ ظَلَمُوا ذُوقُوا عَذَابَ النَّارِ الَّتِي كُنْتُمْ بِهَا تُكَذِّبُونَ

Ал Күнү силердин бириңер башкаларыңар үчүн пайда да, зыйан да келтире албайсыңар. Биз зулум кылгандарга: “Силер жалганга чыгарган тозоктун азабын таткыла”, – дейбиз.

43 وَإِذَا تُتْلَى عَلَيْهِمْ آيَاتُنَا بَيِّنَاتٍ قَالُوا مَا هَذَا إِلَّا رَجُلٌ يُرِيدُ أَنْ يَصُدَّكُمْ عَمَّا كَانَ يَعْبُدُ آبَاؤُكُمْ وَقَالُوا مَا هَذَا إِلَّا إِفْكٌ مُفْتَرًى وَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لِلْحَقِّ لَمَّا جَاءَهُمْ إِنْ هَذَا إِلَّا سِحْرٌ مُبِينٌ

Аларга Биздин айкын айаттарыбыз окулганда, алар: “Бул биздин ата-бабаларыбыз сыйынып келгендерден силерди кайтарганы жаткан гана киши!” – дешет. Алар: “Бул ойлонуп табылган гана калп”, – дешет. Аларга акыйкат келгенде ага ишенбей каапыр болгондор: “Бул анык сыйкыр”, – деп айтышат.

a. Сълъкъттърдън, жалган кудайлардан. b. Мухаммед (а.с.).

44 وَمَا آتَيْنَاهُمْ مِنْ كُتُبٍ يَدْرُسُونَهَا وَمَا أَرْسَلْنَا إِلَيْهِمْ قَبْلَكَ مِنْ نَذِيرٍ

Биз сага чейин алар окуганга китептерди берген жана эскертүүчү жөнөткөн эмеспиз.

45 وَكَذَّبَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ وَمَا بَلَغُوا مِعْشَارَ مَا آتَيْنَاهُمْ فَكَذَّبُوا رُسُلِي فَكَيْفَ كَانَ نَكِيرِ

Аларга чейинкилер да жалганга чыгарышкан. Биз аларга ыроологондордун ондон бир бөлүгүнө да жетишпеди жана алар Биздин пайгамбарларыбызды жалганга чыгарышты. Менин каарым кандай!

46 قُلْ إِنَّمَا أَعِظُكُمْ بِوَاحِدَةٍ أَنْ تَقُومُوا لِلَّهِ مَثْنَى وَفُرَادَى ثُمَّ تَتَفَكَّرُوا مَا بِصَاحِبِكُمْ مِنْ جِنَّةٍ إِنْ هُوَ إِلَّا نَذِيرٌ لَكُمْ بَيْنَ يَدَيْ عَذَابٍ شَدِيدٍ

“Мен силерге бир гана нерсени эскертемин, силер Алла үчүн экиден, бирден туруп, ой жүгүрткүлөчү: Силердин жолдошуңар жинди эмес. Акыйкатта, ал катуу азапты алдын ала силерге эскертүүчү гана”, – дегин.

a. Каапырлар Мухаммед (а.с.)ды “жинди болду” деген сыйактуу ушактарды таратышкан. Жогорудагы айатта ар ким бирден, экиден болуп, ъз алдынча ой ж\г\рт\п, чындыкты салмактап, ъздър\нън ъздър\ бул чынбы, же жалганбы деп сурашса, анда мунун жалган ушак экендигине, ал эми пайгамбардын сопсоо экендигине ишен\\гъ аргасыз болооруна ишаарат кылынууда.

47 قُلْ مَا سَأَلْتُكُمْ مِنْ أَجْرٍ فَهُوَ لَكُمْ إِنْ أَجْرِيَ إِلَّا عَلَى اللَّهِ وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ شَهِيدٌ

“Мен силерден өзүм үчүн акы сурабаймын, ал силердин өзүңөргө. Мен үчүн Алланын алдындагыдан башка сыйлык жок. Ал бардыгынын үстүнөн күбө болуучу”, – дегин.

48 قُلْ إِنَّ رَبِّي يَقْذِفُ بِالْحَقِّ عَلَّامُ الْغُيُوبِ

Акыйкатта Эгем чындыкты гана айан кылат. (Ал) кайыптарды Билүүчү.

49 قُلْ جَاءَ الْحَقُّ وَمَا يُبْدِئُ الْبَاطِلُ وَمَا يُعِيدُ

“Акыйкат келди, эми жалган көрүнбөйт да, кайтып да келбейт!” – дегин.

a. Куран. b. Каапырлык. Сълъкъттъргъ жана жалган кудайларга сыйынуу.

50 قُلْ إِنْ ضَلَلْتُ فَإِنَّمَا أَضِلُّ عَلَى نَفْسِي وَإِنِ اهْتَدَيْتُ فَبِمَا يُوحِي إِلَيَّ رَبِّي إِنَّهُ سَمِيعٌ قَرِيبٌ

“Эгер мен адашсам, анда өз жанымдын зыйанына адашам; а эгер туура жолдо барсам, ал менин Эгемден берилген айан. Акыйкатта, Ал – Угуучу, Жакын”, – дегин.

51 وَلَوْ تَرَى إِذْ فَزِعُوا فَلَا فَوْتَ وَأُخِذُوا مِنْ مَكَانٍ قَرِيبٍ

Эгер сен алардын качып кетүүгө мүмкүндүктөрү болбой жана жакынкы бир орундан кармалышканда корккондорун көргөн болсоң!

a. Ъл\мдън, ажалдан. b. Каапырлар Кыйамат к\н\ндъ.

52 وَقَالُوا آمَنَّا بِهِ وَأَنَّى لَهُمُ التَّنَاوُشُ مِنْ مَكَانٍ بَعِيدٍ

Алар: “Биз Ага ишенгенбиз”, – дешет, бирок алар кантип өтө алыс жерден (ыйманды) кабылдашсын.

a. Ъл\м алдында, же Кыйамат башталып калганда кылган тообо кабыл болбойт.

53 وَقَدْ كَفَرُوا بِهِ مِنْ قَبْلُ وَيَقْذِفُونَ بِالْغَيْبِ مِنْ مَكَانٍ بَعِيدٍ

Алар Ага мурун да ишенген эмес жана кайып тууралуу өтө алыс орундан ой жорушкан.

a. Бул д\йнъдъ ж\р\п, тигил д\йнъгъ бара элек кезде.

54 وَحِيلَ بَيْنَهُمْ وَبَيْنَ مَا يَشْتَهُونَ كَمَا فُعِلَ بِأَشْيَاعِهِمْ مِنْ قَبْلُ إِنَّهُمْ كَانُوا فِي شَكٍّ مُرِيبٍ

Мурун да алар сыйактуулардын топтору менен болгон өңдүү эле, алардын жана алардын каалоолорунун ортосуна тосмо койулган. Акыйкатта, алар чаташкан шектенүүдө болушкан!