бөлүм Саба - سبأ

21 وَمَا كَانَ لَهُ عَلَيْهِمْ مِنْ سُلْطَانٍ إِلَّا لِنَعْلَمَ مَنْ يُؤْمِنُ بِالْآخِرَةِ مِمَّنْ هُوَ مِنْهَا فِي شَكٍّ وَرَبُّكَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ حَفِيظٌ

Анда алардын үстүнөн эч кандай бийлик жок. Бирок Биз акыретке ишенгендер менен ага шектенгендерди билиш үчүн (ал аларды азгырды). Эгең бардык нерселерди сактоочу.

a. Иблисте.

22 قُلِ ادْعُوا الَّذِينَ زَعَمْتُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ لَا يَمْلِكُونَ مِثْقَالَ ذَرَّةٍ فِي السَّمَاوَاتِ وَلَا فِي الْأَرْضِ وَمَا لَهُمْ فِيهِمَا مِنْ شِرْكٍ وَمَا لَهُ مِنْهُمْ مِنْ ظَهِيرٍ

“Силер Алланын ордуна ойлоп тапканыңарды чакыргыла. Алар асмандар менен жерде кыпындын салмагындай да үлүшкө ээ эмес. Алар мында тиешеси да жок. Алардын арасынан Ага жардамчы да жок”, – дегин.

23 وَلَا تَنْفَعُ الشَّفَاعَةُ عِنْدَهُ إِلَّا لِمَنْ أَذِنَ لَهُ حَتَّى إِذَا فُزِّعَ عَنْ قُلُوبِهِمْ قَالُوا مَاذَا قَالَ رَبُّكُمْ قَالُوا الْحَقَّ وَهُوَ الْعَلِيُّ الْكَبِيرُ

Анын алдында ал уруксат бергендерден башка эч ким колдоо көрсөтө албайт. Алардын жүрөгүнөн коркунуч алынган соң: “Сенин Эгең эмне деди”, – дешет. Тигилер: “Акыйкатты”, – дешет. Ал – Бийик, Улуу.

a. Мекке каапырлары: “Биз сыйынып жаткан сълъкъттър тиги д\йнъдъ шапаат кылат (колдойт)”, – дешкенде, Алла аларга жооп кылып, бул айатты т\ш\ргън. Демек, айатта айтылгандай, шапаат кылуучулар каалагандай эле колдоо кърсътъ алышпайт. Шапаат Алланын уруксаты менен гана болот. Алла уруксат бербесе, эч ким колдоо кърсътъ албайт. А сълъкъттър болсо, дегеле колдоо кърсътъ албайт. Анткени, алар болгону таш, же жыгач, ж.б.у.с. b. Шапаат кылуучуларга уруксат берилген соё....

24 قُلْ مَنْ يَرْزُقُكُمْ مِنَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ قُلِ اللَّهُ وَإِنَّا أَوْ إِيَّاكُمْ لَعَلَى هُدًى أَوْ فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ

“Силерди асмандардан жана жерден ким ырыскыландырат?” – деп сура да: “Алла”, – дегин. “Чындыгында, биз, же силер туура жолдо, же анык адашуудабыз”.

25 قُلْ لَا تُسْأَلُونَ عَمَّا أَجْرَمْنَا وَلَا نُسْأَلُ عَمَّا تَعْمَلُونَ

“Силерден биз кылган күнөөлөр тууралуу сурабайт, бизден да силердин кылганыңарды сурабайт”, – дегин.

26 قُلْ يَجْمَعُ بَيْنَنَا رَبُّنَا ثُمَّ يَفْتَحُ بَيْنَنَا بِالْحَقِّ وَهُوَ الْفَتَّاحُ الْعَلِيمُ

“Эгебиз бизди жыйнайт, анан ортобузда акыйкат өкүм кылат. Ал – Өкүмдар, Билүүчү”, – дегин.

27 قُلْ أَرُونِيَ الَّذِينَ أَلْحَقْتُمْ بِهِ شُرَكَاءَ كَلَّا بَلْ هُوَ اللَّهُ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ

“Ага кошкон шериктериңерди мага көргөзгүлөчү”, – дегин. Жок! Алла – Ызааттуу, Даанышман.

28 وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا كَافَّةً لِلنَّاسِ بَشِيرًا وَنَذِيرًا وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ

Биз сени бардык адамдарга кубанычты кабарлоочу жана эскертүүчү кылып жөнөттүк. Бирок, адамдардын көпчүлүгү муну билишпейт.

29 وَيَقُولُونَ مَتَى هَذَا الْوَعْدُ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

Алар: “Эгер силер чынын айтып жатсаңар, анда бул убада качан ишке ашат?” – дешет.

a. Меккенин мушриктери – сълъкъттъргъ сыйынуучулар.

30 قُلْ لَكُمْ مِيعَادُ يَوْمٍ لَا تَسْتَأْخِرُونَ عَنْهُ سَاعَةً وَلَا تَسْتَقْدِمُونَ

“Силерге убада кылынган Күн бар. Силер бир аз убакыт артка да кечиге албайсыңар, бир аз убакытка алдыга да озуп кете албайсыңар”, – дегин.

31 وَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لَنْ نُؤْمِنَ بِهَذَا الْقُرْآنِ وَلَا بِالَّذِي بَيْنَ يَدَيْهِ وَلَوْ تَرَى إِذِ الظَّالِمُونَ مَوْقُوفُونَ عِنْدَ رَبِّهِمْ يَرْجِعُ بَعْضُهُمْ إِلَى بَعْضٍ الْقَوْلَ يَقُولُ الَّذِينَ اسْتُضْعِفُوا لِلَّذِينَ اسْتَكْبَرُوا لَوْلَا أَنْتُمْ لَكُنَّا مُؤْمِنِينَ

Каапырлар: “Биз Куранга да, ага чейинки түшүрүлгөндөргө да ишенбейбиз”, – дешет. Эгерде сен заалымдардын Эгесинин алдында тургузулганын көргөн болсоң! (Ошондо) алардын ичинен алсыз болгондору, алдуу болгондоруна кайрылып: “Эгер силер болбогондо биз ыймандуу, момун болоор элек”, – деп айтышат.

a. Бул д\йнъдъ жашап ж\ргъндъ.

32 قَالَ الَّذِينَ اسْتَكْبَرُوا لِلَّذِينَ اسْتُضْعِفُوا أَنَحْنُ صَدَدْنَاكُمْ عَنِ الْهُدَى بَعْدَ إِذْ جَاءَكُمْ بَلْ كُنْتُمْ مُجْرِمِينَ

Текебер болгондор, алсыз болгондорго кайрылып: “Кантип, ал силерге келген соң, биз силерди түз жолдон (зордоп) чыгарып ийдикпи? Жок! Өзүңөр күнөөкөр болдуңар”, – дешет.

a. Бул д\йнъ жашоосунда. b. Туура жол.

33 وَقَالَ الَّذِينَ اسْتُضْعِفُوا لِلَّذِينَ اسْتَكْبَرُوا بَلْ مَكْرُ اللَّيْلِ وَالنَّهَارِ إِذْ تَأْمُرُونَنَا أَنْ نَكْفُرَ بِاللَّهِ وَنَجْعَلَ لَهُ أَنْدَادًا وَأَسَرُّوا النَّدَامَةَ لَمَّا رَأَوُا الْعَذَابَ وَجَعَلْنَا الْأَغْلَالَ فِي أَعْنَاقِ الَّذِينَ كَفَرُوا هَلْ يُجْزَوْنَ إِلَّا مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ

Алсыздар текеберлерге: “Ооба! Силер түндө да, күндүзү да алдап, амалкөйлүк менен бизди Аллага ишенбөөгө жана Ага шериктерди кошууга буйрудуңар”, – дешет. Алар жаза келген кезде өкүнгөндүктөрүн жашырышат. Биз каапырлардын мойнуна богоо тактык. Алар кылган нерселери үчүн гана жазаланышат.

a. Кишен, мойунтурук.

34 وَمَا أَرْسَلْنَا فِي قَرْيَةٍ مِنْ نَذِيرٍ إِلَّا قَالَ مُتْرَفُوهَا إِنَّا بِمَا أُرْسِلْتُمْ بِهِ كَافِرُونَ

Биз эч бир кыштакка (андагы) дөөлөтүнө чиренгендер: “Силер аркылуу жөнөтүлгөнгө биз ишенбейбиз”, – демейинче, эскертүүчүнү (элчини) жөнөтпөдүк.

35 وَقَالُوا نَحْنُ أَكْثَرُ أَمْوَالًا وَأَوْلَادًا وَمَا نَحْنُ بِمُعَذَّبِينَ

Алар: “Биздин мал-мүлк жана бала-бакырабыз көп. Биз жазага тартылбайбыз”, – дешти.

36 قُلْ إِنَّ رَبِّي يَبْسُطُ الرِّزْقَ لِمَنْ يَشَاءُ وَيَقْدِرُ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ

“Эгем кимге кааласа ырыскысын көбөйтөт жана тарытат, бирок адамдардын көпчүлүгү билишпейт”, – дегин.

a. Аз кылат.

37 وَمَا أَمْوَالُكُمْ وَلَا أَوْلَادُكُمْ بِالَّتِي تُقَرِّبُكُمْ عِنْدَنَا زُلْفَى إِلَّا مَنْ آمَنَ وَعَمِلَ صَالِحًا فَأُولَئِكَ لَهُمْ جَزَاءُ الضِّعْفِ بِمَا عَمِلُوا وَهُمْ فِي الْغُرُفَاتِ آمِنُونَ

Силердин байлыгыңар жана балдарыңар Бизге силерди жакындата албайт. Бирок, ыйман келтирип, жакшылык иш кылгандар (кошулбайт). Аларга кылган жакшы иштери үчүн эселенген сыйлыктар, аларга бийик жайларда тынчтык жана амандык (болот).

38 وَالَّذِينَ يَسْعَوْنَ فِي آيَاتِنَا مُعَاجِزِينَ أُولَئِكَ فِي الْعَذَابِ مُحْضَرُونَ

А Биздин белгилерибизди начарлатуу үчүн жан үрөп аракеттенгендер - алар азапка тартылышат.

39 قُلْ إِنَّ رَبِّي يَبْسُطُ الرِّزْقَ لِمَنْ يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ وَيَقْدِرُ لَهُ وَمَا أَنْفَقْتُمْ مِنْ شَيْءٍ فَهُوَ يُخْلِفُهُ وَهُوَ خَيْرُ الرَّازِقِينَ

“Акыйкатта, Эгем Өз пенделеринен кимге кааласа ырыскыны кенен берет жана аны ченеп да койот. Эгер силер бир нерсени кайыр-садака кылсаңар, Ал анын ордуна башкасын берет. Ал ырыскы берүүчүлөрдүн эң мыктысы”, – дегин.

40 وَيَوْمَ يَحْشُرُهُمْ جَمِيعًا ثُمَّ يَقُولُ لِلْمَلَائِكَةِ أَهَؤُلَاءِ إِيَّاكُمْ كَانُوا يَعْبُدُونَ

Ошол Күнү Ал алардын баарын жыйнайт да, андан соң периштелерге: “Чын эле булар силерге сыйынчу беле?” – дейт.