бөлүм Саба - سبأ

1 الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي لَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ وَلَهُ الْحَمْدُ فِي الْآخِرَةِ وَهُوَ الْحَكِيمُ الْخَبِيرُ

Аллага мактоо! Ага асмандардагылар менен жердегилердин баары таандык. Ага акыретте да мактоо! Ал – Даанышман, Кабардар.

2 يَعْلَمُ مَا يَلِجُ فِي الْأَرْضِ وَمَا يَخْرُجُ مِنْهَا وَمَا يَنْزِلُ مِنَ السَّمَاءِ وَمَا يَعْرُجُ فِيهَا وَهُوَ الرَّحِيمُ الْغَفُورُ

Ал жерге киргендерди, андан чыккандарды, асмандан түшкөндөрдү да, ага көтөрүлгөндөрдү да билет. Ал – Мээримдүү, Кечиримдүү.

a. Периштелерди, айаттарды, кабарларды.

3 وَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لَا تَأْتِينَا السَّاعَةُ قُلْ بَلَى وَرَبِّي لَتَأْتِيَنَّكُمْ عَالِمِ الْغَيْبِ لَا يَعْزُبُ عَنْهُ مِثْقَالُ ذَرَّةٍ فِي السَّمَاوَاتِ وَلَا فِي الْأَرْضِ وَلَا أَصْغَرُ مِنْ ذَلِكَ وَلَا أَكْبَرُ إِلَّا فِي كِتَابٍ مُبِينٍ

Каапырлар: “Кыйамат күн бизге келбейт” – дешет. “Жок! Кайыпты билүүчү Эгемдин атына ант! Ал силерге келет. Асмандар менен жерде кыпындын салмагындай да, андан кичирээк да, андан чоңураак да (нерселер) Ага жашыруун болуп, ачык Китептен сырткары калбайт” – дегин.

4 لِيَجْزِيَ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ أُولَئِكَ لَهُمْ مَغْفِرَةٌ وَرِزْقٌ كَرِيمٌ

Ыйман келтирген жана жакшылык иштерди кылгандарга ыйгаруу үчүн кечирим жана мол ырыскы бар.

5 وَالَّذِينَ سَعَوْا فِي آيَاتِنَا مُعَاجِزِينَ أُولَئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ مِنْ رِجْزٍ أَلِيمٌ

А Биздин айаттарыбызды алсыздантууга аракеттенгендер үчүн оорутуучу жаман азап бар.

6 وَيَرَى الَّذِينَ أُوتُوا الْعِلْمَ الَّذِي أُنْزِلَ إِلَيْكَ مِنْ رَبِّكَ هُوَ الْحَقَّ وَيَهْدِي إِلَى صِرَاطِ الْعَزِيزِ الْحَمِيدِ

Илим берилгендер Эгеңден сага берилгендин акыйкат экендигин жана ал Ызааттуу, Макталуучунун жолуна алып бара тургандыгын көрүшөт.

7 وَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا هَلْ نَدُلُّكُمْ عَلَى رَجُلٍ يُنَبِّئُكُمْ إِذَا مُزِّقْتُمْ كُلَّ مُمَزَّقٍ إِنَّكُمْ لَفِي خَلْقٍ جَدِيدٍ

Каапырлар: “Силерге, качан (өлүп) биротоло тытылып кеткениңерден соң, жаңыдан жаралып каласыңар деген кишини көрсөтөлүбү?

a. Биротоло чирип…

8 أَفْتَرَى عَلَى اللَّهِ كَذِبًا أَمْ بِهِ جِنَّةٌ بَلِ الَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِالْآخِرَةِ فِي الْعَذَابِ وَالضَّلَالِ الْبَعِيدِ

Ал Аллага жалаа жаап жатабы же жинди болгонбу?” – дешет. Жок! Акырет жашоосуна ишенбегендер азап чегишет жана узак адашууда.

9 أَفَلَمْ يَرَوْا إِلَى مَا بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَمَا خَلْفَهُمْ مِنَ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ إِنْ نَشَأْ نَخْسِفْ بِهِمُ الْأَرْضَ أَوْ نُسْقِطْ عَلَيْهِمْ كِسَفًا مِنَ السَّمَاءِ إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَةً لِكُلِّ عَبْدٍ مُنِيبٍ

Чын эле алар өздөрүнүн алдындагы жана артындагы асмандар менен жерден болгондорду көрүшпөдүбү? Эгер Биз кааласак аларды жерге жуткузабыз, же аларга асмандын кесимин (үзүмүн) таштайбыз. Акыйкатта, өкүнүп кайрылган ар бир пенде үчүн мында белгилер бар.

10 وَلَقَدْ آتَيْنَا دَاوُودَ مِنَّا فَضْلًا يَا جِبَالُ أَوِّبِي مَعَهُ وَالطَّيْرَ وَأَلَنَّا لَهُ الْحَدِيدَ

Даудка Биз өзүбүздөн артыкчылык ыроолодук: “Эй, тоолор! Аны менен бирге Мага (аруулоо менен) кайткыла. Куштар дагы. Ага Биз темирди жумшак кылдык.

11 أَنِ اعْمَلْ سَابِغَاتٍ وَقَدِّرْ فِي السَّرْدِ وَاعْمَلُوا صَالِحًا إِنِّي بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ

Кең-кесири соот жаса, аны жакшылап өлчө. Жакшылык иштер кылгыла. Анткени Мен кылгандарыңды көрүп турам.

a. Темирден согулгган аскер кийими.

12 وَلِسُلَيْمَانَ الرِّيحَ غُدُوُّهَا شَهْرٌ وَرَوَاحُهَا شَهْرٌ وَأَسَلْنَا لَهُ عَيْنَ الْقِطْرِ وَمِنَ الْجِنِّ مَنْ يَعْمَلُ بَيْنَ يَدَيْهِ بِإِذْنِ رَبِّهِ وَمَنْ يَزِغْ مِنْهُمْ عَنْ أَمْرِنَا نُذِقْهُ مِنْ عَذَابِ السَّعِيرِ

Сулайманга шамалды (баш ийдирдик), анын эртең мененки жолу бир ай, кечки жолу бир ай эле; Биз ал үчүн эрип куйулган жез булагын агыздык. Эгесинин буйругу бойунча анын алдында жиндерди иштей турган кылдык. Алардын кимиси Биздин буйругубуздан баш тартса, ага Биз тозок азабын таттырабыз.

13 يَعْمَلُونَ لَهُ مَا يَشَاءُ مِنْ مَحَارِيبَ وَتَمَاثِيلَ وَجِفَانٍ كَالْجَوَابِ وَقُدُورٍ رَاسِيَاتٍ اعْمَلُوا آلَ دَاوُودَ شُكْرًا وَقَلِيلٌ مِنْ عِبَادِيَ الشَّكُورُ

Алар анын каалагандарын: бийик сарайларды, айкелдерди, көл сыйактуу табактарды, жерге бекемделген чоң казандарды (жана башкаларды) жасашты. “(Эй) Дауддун урпактары! Бизге шүгүрчүлүк кылгыла!” Бирок, пенделеримден шүгүр кылуучулар аз.

14 فَلَمَّا قَضَيْنَا عَلَيْهِ الْمَوْتَ مَا دَلَّهُمْ عَلَى مَوْتِهِ إِلَّا دَابَّةُ الْأَرْضِ تَأْكُلُ مِنْسَأَتَهُ فَلَمَّا خَرَّ تَبَيَّنَتِ الْجِنُّ أَنْ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ الْغَيْبَ مَا لَبِثُوا فِي الْعَذَابِ الْمُهِينِ

Биз аны өлтүргөнүбүздү аларга билдирген эмеспиз, анын өлгөндүгүн жерден чыккан жаныбар – тайагын жеп, көргөзүп койду. Ал жерге кулаган кезде, эгерде алар өздөрү жашыруун кайыптарды (мурунтан) билишкенде, анда кордоочу жазанын ичинде турмак эместиги белгилүү болду.

a. Сулайман (а.с.)ды. b. Курт. c. Сулайман (а.с.) ългъндъ Алланын амири менен тайагына с\йънгън абалда тура берген. Алланын амири менен жер алдынан шамир аттуу курт чыгып, тайагын жеп, кесип салган. Ошондо Сулайман кулап т\шкън. d. Жиндер. e. Дауддун тукумдары ал жумуштарды кубануу менен аткарып, Аллага ш\г\рч\л\к кылып жатышса, а жиндер ъздър\ аткарып жаткан жумушту жаза катары т\ш\н\шкън. f. Эгер Сулайман ългън\н билген болсо, жумуштарды м\мк\н ошол замат токтотмок.

15 لَقَدْ كَانَ لِسَبَإٍ فِي مَسْكَنِهِمْ آيَةٌ جَنَّتَانِ عَنْ يَمِينٍ وَشِمَالٍ كُلُوا مِنْ رِزْقِ رَبِّكُمْ وَاشْكُرُوا لَهُ بَلْدَةٌ طَيِّبَةٌ وَرَبٌّ غَفُورٌ

Саба эли үчүн алардын турак-жайларында белгилер болгон: оң жана сол тараптан эки бак. “Эгеңердин берген ырыскыларынан жегиле жана Ага шүгүр кылгыла! (Бул өлкө) сонун өлкө. (Алла) Кечиримдүү Эге”.

a. Саба – Араб урууларынын биринин аты. Чоё аталарынын атынан аталып калган. Ошондой эле, Йемен падышалыгынын титулу болгон. Сулайман (а.с.)дын доорунда, Билкыс падыша да ушулардан.

16 فَأَعْرَضُوا فَأَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ سَيْلَ الْعَرِمِ وَبَدَّلْنَاهُمْ بِجَنَّتَيْهِمْ جَنَّتَيْنِ ذَوَاتَيْ أُكُلٍ خَمْطٍ وَأَثْلٍ وَشَيْءٍ مِنْ سِدْرٍ قَلِيلٍ

Алар баш тарткан кезде Биз аларга тосмону жарчу сел жибердик да, алардын бактарын ачуу мөмөлүү жылгын жана азыраак суу өсүмдүктүү эки бакка алмаштырдык.

a. Алла Тааланын амири менен жаралган эё сонун, ыёгайлуу жерде жашашкан жана суу токтоткуч зор тосмо болгон. Жерлер ошону менен сугарылып, г\лдъгън. b. Сууда ъскън ъс\мдъктър

17 ذَلِكَ جَزَيْنَاهُمْ بِمَا كَفَرُوا وَهَلْ نُجَازِي إِلَّا الْكَفُورَ

Муну Биз алардын каапыр болгондугу үчүн жаза кылдык. Биз каапырларды гана жазалайбыз.

18 وَجَعَلْنَا بَيْنَهُمْ وَبَيْنَ الْقُرَى الَّتِي بَارَكْنَا فِيهَا قُرًى ظَاهِرَةً وَقَدَّرْنَا فِيهَا السَّيْرَ سِيرُوا فِيهَا لَيَالِيَ وَأَيَّامًا آمِنِينَ

Аны менен Биз кут даарыткан калаалардын арасына (бирине-бири) көрүнүп турган айылдар жана өтө турган жолдорду жасадык. “Андан түндө да, күндүз да аман-эсен өтө бергиле”, (делинген эле).

a. Йеменден Сирийага кеткен жолдо. Бул жол Аравийаны Сирийа менен бириктирген. Ушинтип ал бир тарабынан Евфратты жана Тигрди, экинчи тарабынан Египетти; дагы бир тарабынан Жер Ортолук Деёизинин бойундагы Рим империйасынын аймактары менен бириктирип жана ошондой эле Йемендин экинчи тарабынан Индийа, Малайзийа, Кытайга чыга турган деёиз жолуна кошулган. b. Йеменден Сирийага бараткан жолдо киши-кара ътъ къп болгондуктан анда эс алчу, тамактанчу жайлар да ътъ къп болуп, каракчылардын жолоочуларга кол салуу коркунучу дээрлик жокко эсе болгон.

19 فَقَالُوا رَبَّنَا بَاعِدْ بَيْنَ أَسْفَارِنَا وَظَلَمُوا أَنْفُسَهُمْ فَجَعَلْنَاهُمْ أَحَادِيثَ وَمَزَّقْنَاهُمْ كُلَّ مُمَزَّقٍ إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَاتٍ لِكُلِّ صَبَّارٍ شَكُورٍ

Алар: “Эгебиз, биздин сапарыбыздын аралыгын узарт,” – дешти. Ошентип өздөрүнө кесир кылышты. Биз аларды байанга айлантып, быт-чыт кылып баардык жакка бөлүп салдык. Акыйкатта, мында сабырдуулар жана шүгүр кылуучулар үчүн үлгү бар.

a. 1) Алар Алланын жолдогу аманчылык-коопсуздугуна ш\г\р кылышпастан, тескерисинче жолдон элд\\ калааларды кърг\лър\ келбеди. 2) Ъз\мч\лд\к жана ач къзд\кт\н к\чъъс\н\н себебинен Сабанын эли ошол жолдордогу эс алуу жайларын менчиктештирип, ээлеп алышкан. Мунун кесепети соодагерлердин нары-бери эркин ът\\с\нъ чоё тоскоол болгон. Жол тартуунун мъънът\ жасалма т\рдъ узартылып, кечиктирилген. Кийин бул соода жолу жабылган.

20 وَلَقَدْ صَدَّقَ عَلَيْهِمْ إِبْلِيسُ ظَنَّهُ فَاتَّبَعُوهُ إِلَّا فَرِيقًا مِنَ الْمُؤْمِنِينَ

Иблистин аларга болгон ойу туура чыкты. Аны момундардын бир тобунан башкасы ээрчишти.