бөлүм Ахзаб - الأحزاب

1 يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ اتَّقِ اللَّهَ وَلَا تُطِعِ الْكَافِرِينَ وَالْمُنَافِقِينَ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمًا

Эй, пайгамбар! Алладан корккун. Каапырлар менен мунафыктарга баш ийбе. Чындыгында, Алла – Билүүчү, Даанышман!

a. Эки ж\зд\\лър

2 وَاتَّبِعْ مَا يُوحَى إِلَيْكَ مِنْ رَبِّكَ إِنَّ اللَّهَ كَانَ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرًا

Эгеңден кабар кылынгандарды ээрчи. Албетте, Алла эмне кылып жатканыңардан Кабардар.

3 وَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ وَكَفَى بِاللَّهِ وَكِيلًا

Аллага тобокел кыл. Ал Колдоочулукка жетиштүү!

a. Аллага гана тайан.

4 مَا جَعَلَ اللَّهُ لِرَجُلٍ مِنْ قَلْبَيْنِ فِي جَوْفِهِ وَمَا جَعَلَ أَزْوَاجَكُمُ اللَّائِي تُظَاهِرُونَ مِنْهُنَّ أُمَّهَاتِكُمْ وَمَا جَعَلَ أَدْعِيَاءَكُمْ أَبْنَاءَكُمْ ذَلِكُمْ قَوْلُكُمْ بِأَفْوَاهِكُمْ وَاللَّهُ يَقُولُ الْحَقَّ وَهُوَ يَهْدِي السَّبِيلَ

Алла эч бир адамдын көөдөнүнө эки жүрөк жасаган эмес. (Силер) энеңерге окшоткон айалдарды эне кылган эмес. Ошондой эле асыранды балдарыңар – өз балдарыңар эмес. Булар силердин оозеки айтылган сөзүңөр гана. Алла – чындыкты айтып, туура жолду көрсөтөт.

a. Исламга чейинки наадан доордо арабдар айалын энесинин м\чъс\нъ окшотуп, ант берген кезде: «энем болуп калды» деп ажырашып кет\\ч\. Кеп ошол тууралуу болууда b. Аларды “балам” дегениёер

5 ادْعُوهُمْ لِآبَائِهِمْ هُوَ أَقْسَطُ عِنْدَ اللَّهِ فَإِنْ لَمْ تَعْلَمُوا آبَاءَهُمْ فَإِخْوَانُكُمْ فِي الدِّينِ وَمَوَالِيكُمْ وَلَيْسَ عَلَيْكُمْ جُنَاحٌ فِيمَا أَخْطَأْتُمْ بِهِ وَلَكِنْ مَا تَعَمَّدَتْ قُلُوبُكُمْ وَكَانَ اللَّهُ غَفُورًا رَحِيمًا

(Ошондуктан) аларды өз аталарынын аты менен чакыргыла. Ошол Алланын алдында адилеттүүрөөк. Эгер алардын аталарын билбесеңер, анда (баары бир) дин жагынан бир туугандарыңар, досторуңар. Алар тууралуу билбестен ката кетирип алсаңар, күнөө эмес. Бирок, атайылап жүрөктөрүңөр менен ката кетирсеңер, анда (болбойт). Алла –Кечиримдүү, Боорукер!

a. Ислам шарийаты бойунча асыранды балрдарды ъздър\н\н атына жаздырып алуу да туура эмес. Себеби ал бала баары бир чочун болуп эсептелет. Демек эрезеге жеткен кезде башка эркектер сыйактуу эле багып алган кишинин айалына, кыздарына кароосу жана алар менен бир \йдъ туруусу дурус эмес. b. Аталары ким экенин, алардын атын c. Алла тыйуу салгандан кийин деле билип туруп жасагандар

6 النَّبِيُّ أَوْلَى بِالْمُؤْمِنِينَ مِنْ أَنْفُسِهِمْ وَأَزْوَاجُهُ أُمَّهَاتُهُمْ وَأُولُو الْأَرْحَامِ بَعْضُهُمْ أَوْلَى بِبَعْضٍ فِي كِتَابِ اللَّهِ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ وَالْمُهَاجِرِينَ إِلَّا أَنْ تَفْعَلُوا إِلَى أَوْلِيَائِكُمْ مَعْرُوفًا كَانَ ذَلِكَ فِي الْكِتَابِ مَسْطُورًا

Пайгамбар – момундарга өздөрүнөн да артык. Анын жубайлары – алардын энелери. Алланын Китебинде: Бир туугандар бири-бирине момундардан да, көчкөндөрдөн да жакын. Бирок, досторуңарга (момундарга) камкордук кылганыңар дурус. Булар Китепте жазылган эле.

a. пайгамбардын b. момундардын c. мухажирлер

7 وَإِذْ أَخَذْنَا مِنَ النَّبِيِّينَ مِيثَاقَهُمْ وَمِنْكَ وَمِنْ نُوحٍ وَإِبْرَاهِيمَ وَمُوسَى وَعِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ وَأَخَذْنَا مِنْهُمْ مِيثَاقًا غَلِيظًا

(Эй, Мхуаммед!) Ошондо пайгамбарлардан убада алган элек. Сенден, Нухтан, Ибрахимден, Мусадан, Марйам уулу Исадан. Ушулардын баарынан катуу убада алганбыз.

8 لِيَسْأَلَ الصَّادِقِينَ عَنْ صِدْقِهِمْ وَأَعَدَّ لِلْكَافِرِينَ عَذَابًا أَلِيمًا

Алла чынчылдардын чынчылдыгын суроо үчүн ушинтти. Каапырларга оорутуучу азап дайардады.

9 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اذْكُرُوا نِعْمَةَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ جَاءَتْكُمْ جُنُودٌ فَأَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ رِيحًا وَجُنُودًا لَمْ تَرَوْهَا وَكَانَ اللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرًا

Эй, момундар! Алланын силерге жасаган жакшылыктарын эстегиле. Силерге аскерлер келген болчу. Ошондо аларга бороон жана силер көрбөгөн аскерлерди жибергенбиз. Алла – эмне жасаганыңарды Көрүүчү!

a. Хижраттын бешинчи жылы къптъгън уруулардан куралган он эки миё кишилик мушриктерден жана китеп ээлеринин калыё колу Мединага чабуул койгон. Мухаммед (а.с.) \ч миё киши менен аёгек казып, коргонууга ътът. Бир айга жакын убакытка созулган согушта мусулмандар абдан жапа чеккендиктен, Алла Таала катуу бороон чыгарып, жоо артын къздъй качууга шашат... Айат ошол тууралуу

10 إِذْ جَاءُوكُمْ مِنْ فَوْقِكُمْ وَمِنْ أَسْفَلَ مِنْكُمْ وَإِذْ زَاغَتِ الْأَبْصَارُ وَبَلَغَتِ الْقُلُوبُ الْحَنَاجِرَ وَتَظُنُّونَ بِاللَّهِ الظُّنُونَا

Ошол убакта алар силердин жогор жагыңардан да, төмөн жагыңардан да келген болчу. Көздөрүңөрдүн кыйыгы менен алайып карап, жүрөктөрүңөр алкымыңарга жетип, Алла тууралуу ар түрдүү ойлорду ойлодуңар.

a. Периште аскерлер. Алланын буйругу менен

11 هُنَالِكَ ابْتُلِيَ الْمُؤْمِنُونَ وَزُلْزِلُوا زِلْزَالًا شَدِيدًا

Мына ошол кезде момундар сыналып, катуу титирешти.

12 وَإِذْ يَقُولُ الْمُنَافِقُونَ وَالَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ مَا وَعَدَنَا اللَّهُ وَرَسُولُهُ إِلَّا غُرُورًا

Ошол убакта мунафыктар менен жүрөктөрүндө дарты барлар: “Бизге Алла да, Анын элчиси да алдап гана убада берген экен”, – дешти.

13 وَإِذْ قَالَتْ طَائِفَةٌ مِنْهُمْ يَا أَهْلَ يَثْرِبَ لَا مُقَامَ لَكُمْ فَارْجِعُوا وَيَسْتَأْذِنُ فَرِيقٌ مِنْهُمُ النَّبِيَّ يَقُولُونَ إِنَّ بُيُوتَنَا عَوْرَةٌ وَمَا هِيَ بِعَوْرَةٍ إِنْ يُرِيدُونَ إِلَّا فِرَارًا

Ошол убакта алардын бир бөлүгү: “Эй, йасирибдиктер! Эми силерге турууга болбойт. Дароо кайткыла”, – десе, дагы бир бөлүгү пайгамбардан: “үйлөрүбүз кароосуз ээн калган болчу”, – деп уруксат сурашты. Чындыгында, алардын үйлөрү кароосуз ээн калган эмес болчу, алар (согуштан) качууну ойлошкон.

a. Мединалыктар

14 وَلَوْ دُخِلَتْ عَلَيْهِمْ مِنْ أَقْطَارِهَا ثُمَّ سُئِلُوا الْفِتْنَةَ لَآتَوْهَا وَمَا تَلَبَّثُوا بِهَا إِلَّا يَسِيرًا

Эгер аларга ар тараптан (душмандар) басып кирип, алардан (Исламдан) баш тартууну талап кылышса, бир аз эле аярлаганы болбосо, алар ага барышмак.

15 وَلَقَدْ كَانُوا عَاهَدُوا اللَّهَ مِنْ قَبْلُ لَا يُوَلُّونَ الْأَدْبَارَ وَكَانَ عَهْدُ اللَّهِ مَسْئُولًا

Болбосо мурун кайра качпоо тууралуу Аллага ант беришкен болчу. Аллага берген убадалары үчүн жооп беришет.

16 قُلْ لَنْ يَنْفَعَكُمُ الْفِرَارُ إِنْ فَرَرْتُمْ مِنَ الْمَوْتِ أَوِ الْقَتْلِ وَإِذًا لَا تُمَتَّعُونَ إِلَّا قَلِيلًا

(Эй, Мухаммед!) Аларга: “Эгер өлүмдөн, же өлтүрүүдөн качсаңар, ал (качуу) силерге эч кандай пайда бербейт. Качсаңар деле (турмуш жыргалчылыгынан) аз эле пайдаланасыңар”– деп айткын.

a. Андан кийин деле къпкъ жашабайсыёар. Анткени ажалыёар жеткен болсо, кай жерде болсо да ълъс\ёър

17 قُلْ مَنْ ذَا الَّذِي يَعْصِمُكُمْ مِنَ اللَّهِ إِنْ أَرَادَ بِكُمْ سُوءًا أَوْ أَرَادَ بِكُمْ رَحْمَةً وَلَا يَجِدُونَ لَهُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ وَلِيًّا وَلَا نَصِيرًا

Эгер Алла силерге бир жамандыкты кааласа, же ырайымды кааласа, алар өздөрүнө Алладан башка колдоочу да, жардамчы да таба алышпайт.

18 قَدْ يَعْلَمُ اللَّهُ الْمُعَوِّقِينَ مِنْكُمْ وَالْقَائِلِينَ لِإِخْوَانِهِمْ هَلُمَّ إِلَيْنَا وَلَا يَأْتُونَ الْبَأْسَ إِلَّا قَلِيلًا

Акыйкатта, Алла силерден согушка чыгууга кедерги болгондорду да, бир туугандарына: “Бизге келип кошулгула”, – дегендерди да билет. Алардын өтө азы гана согушка катышат.

a. мунафыктардын

19 أَشِحَّةً عَلَيْكُمْ فَإِذَا جَاءَ الْخَوْفُ رَأَيْتَهُمْ يَنْظُرُونَ إِلَيْكَ تَدُورُ أَعْيُنُهُمْ كَالَّذِي يُغْشَى عَلَيْهِ مِنَ الْمَوْتِ فَإِذَا ذَهَبَ الْخَوْفُ سَلَقُوكُمْ بِأَلْسِنَةٍ حِدَادٍ أَشِحَّةً عَلَى الْخَيْرِ أُولَئِكَ لَمْ يُؤْمِنُوا فَأَحْبَطَ اللَّهُ أَعْمَالَهُمْ وَكَانَ ذَلِكَ عَلَى اللَّهِ يَسِيرًا

Алар силерге сараңдык кылышат. Кандайдыр-бир коркунуч келсе, алардын өздөрүн өлүм курчап калгандай, көздөрү айланып карап турганын көрөсүң. Ошондо коопсуздук кеткен соң, жакшылыктарга сараңдык кылган абалда силерге курч тилдери менен зыйан беришет. Мына ошолор – ыйман келтирбегендер. Ошондуктан, Алла алардын амалдарын жокко чыгарды. Бул Аллага оңой.

20 يَحْسَبُونَ الْأَحْزَابَ لَمْ يَذْهَبُوا وَإِنْ يَأْتِ الْأَحْزَابُ يَوَدُّوا لَوْ أَنَّهُمْ بَادُونَ فِي الْأَعْرَابِ يَسْأَلُونَ عَنْ أَنْبَائِكُمْ وَلَوْ كَانُوا فِيكُمْ مَا قَاتَلُوا إِلَّا قَلِيلًا

Алар (жоолошкон) уруулар кеткен жок деп ойлошту. Эгер ал уруулар кайра келсе, алар чөлдөгү көчмөн арабдардын арасына кирип кетип, силерден кабар күтүп турууну каалашат. Эгер алар силердин араңарда болсо да, жарытып согушушпайт.

a. Жоолошкон, жоо болгон, душман болгон