бөлүм Ахзаб - الأحزاب

41 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اذْكُرُوا اللَّهَ ذِكْرًا كَثِيرًا

Эй, момундар! Алланы абдан көп эстегиле!

42 وَسَبِّحُوهُ بُكْرَةً وَأَصِيلًا

Аны эртели-кеч аруулагыла!

43 هُوَ الَّذِي يُصَلِّي عَلَيْكُمْ وَمَلَائِكَتُهُ لِيُخْرِجَكُمْ مِنَ الظُّلُمَاتِ إِلَى النُّورِ وَكَانَ بِالْمُؤْمِنِينَ رَحِيمًا

Алла – силерди туңгуйуктардан жарыкка чыгаруу үчүн Өзү да ырайым кылып, периштелери да ырайым кылат. Ал – момундарга Ырайымдуу!

a. караёгылыктардан b. Мусулмандардын к\нъълър\н\н кечирилишин сурап Алладан Анын ырайым кылышын тилешет

44 تَحِيَّتُهُمْ يَوْمَ يَلْقَوْنَهُ سَلَامٌ وَأَعَدَّ لَهُمْ أَجْرًا كَرِيمًا

Алар Аллага жолуккан күнү саламдашуулары “Тынчтык” болот. Ошондой эле Алла аларга кадырлуу сыйлык дайардап койгон.

a. Саламдашуу учурунда айткан създър\ b. “Салам!”

45 يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ إِنَّا أَرْسَلْنَاكَ شَاهِدًا وَمُبَشِّرًا وَنَذِيرًا

Эй, пайгамбар! Биз сени күбө болуучу, кубантуучу жана эскертүүчү катары жибердик.

a. Мухаммед (с.а.)га кайрылуу

46 وَدَاعِيًا إِلَى اللَّهِ بِإِذْنِهِ وَسِرَاجًا مُنِيرًا

Алла тарапка Анын буйругу менен чакыруучу нурдуу чырак түрүндө жибердик.

47 وَبَشِّرِ الْمُؤْمِنِينَ بِأَنَّ لَهُمْ مِنَ اللَّهِ فَضْلًا كَبِيرًا

(Эй, Мухаммед!) Чындыгында, момундарга Алладан зор сыйлык бар экенин сүйүнчүлө!

48 وَلَا تُطِعِ الْكَافِرِينَ وَالْمُنَافِقِينَ وَدَعْ أَذَاهُمْ وَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ وَكَفَى بِاللَّهِ وَكِيلًا

Каапырлар менен мынафыктарга мойун сунба. Алардын чектирген запкысын жөн кой. Аллага тобокел кыл. Алла – кепилдикке Өзү Жетиштүү!

a. Унчукпа, сабыр кыла тур

49 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا نَكَحْتُمُ الْمُؤْمِنَاتِ ثُمَّ طَلَّقْتُمُوهُنَّ مِنْ قَبْلِ أَنْ تَمَسُّوهُنَّ فَمَا لَكُمْ عَلَيْهِنَّ مِنْ عِدَّةٍ تَعْتَدُّونَهَا فَمَتِّعُوهُنَّ وَسَرِّحُوهُنَّ سَرَاحًا جَمِيلًا

Эй, момундар! Эгер момун айалдар менен никелешип, бирок кошула электе ажырашсаңар, анда аларга силердин санай турган мөөнөтүңөр болбойт. Андай учурда алардын акысын берип, жакшылык менен ажырашкыла.

a. Иддага олтурунун кажети жок b. калыёдарын c. Эгер калыё убадалашылган болсо, анын жарымы, болбосо азбы-къпп\ бир нерсе берилиши керек

50 يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ إِنَّا أَحْلَلْنَا لَكَ أَزْوَاجَكَ اللَّاتِي آتَيْتَ أُجُورَهُنَّ وَمَا مَلَكَتْ يَمِينُكَ مِمَّا أَفَاءَ اللَّهُ عَلَيْكَ وَبَنَاتِ عَمِّكَ وَبَنَاتِ عَمَّاتِكَ وَبَنَاتِ خَالِكَ وَبَنَاتِ خَالَاتِكَ اللَّاتِي هَاجَرْنَ مَعَكَ وَامْرَأَةً مُؤْمِنَةً إِنْ وَهَبَتْ نَفْسَهَا لِلنَّبِيِّ إِنْ أَرَادَ النَّبِيُّ أَنْ يَسْتَنْكِحَهَا خَالِصَةً لَكَ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَ قَدْ عَلِمْنَا مَا فَرَضْنَا عَلَيْهِمْ فِي أَزْوَاجِهِمْ وَمَا مَلَكَتْ أَيْمَانُهُمْ لِكَيْلَا يَكُونَ عَلَيْكَ حَرَجٌ وَكَانَ اللَّهُ غَفُورًا رَحِيمًا

Эй, пайгамбар! Чындыгында, калыңдарын төлөгөн жубайларыңды Алла сага насип кылып, өз ээлигиңдеги күңдөрдү, сени менен бирге көчүп келген атаң менен бир тууган эркектердин, атаң менен бир тууган айалдардын, тайакелериңдин жана тайэжелериңдин кыздарынын никесин адал кылдык жана дагы эгер бир момун айал өзүн пайгамбарга арнаган болсо, пайгамбар да аны өз никесине алыгысы келсе, аны башка момундарга караганда сага гана (адал кылдык). Момундарга алардын жубайлары, кол астындагылары (күңдөрү) тууралуу эмнени парз кылганыбызды албетте, билебиз. Сага кысым болбос үчүн (ушинттик). Алла – Кечиримдүү, Мээримдүү.

a. Аталгандарга \йлънъ берсеё болот b. Демек, кимде-ким пайгамбарга ъз\н тартууласа, анда калыёсыз эле баш кошууга уруксат c. Никелеш\\н\н шарттары бир жактуу болбошун Алла Таала пайгамбар (а.с.)га толук билдирген. Мисалы: кыздын макулдугу, к\бълърд\н болушу, калыёдын (арабча: «махр») тълън\ш\, ошондой эле, эгер кыз калыё албоого ыраазы болсо, ъз\н тек гана тартуу кылса, анда калыёдын берилиши шарт эмес экендиги ж.б.у.с.

51 تُرْجِي مَنْ تَشَاءُ مِنْهُنَّ وَتُؤْوِي إِلَيْكَ مَنْ تَشَاءُ وَمَنِ ابْتَغَيْتَ مِمَّنْ عَزَلْتَ فَلَا جُنَاحَ عَلَيْكَ ذَلِكَ أَدْنَى أَنْ تَقَرَّ أَعْيُنُهُنَّ وَلَا يَحْزَنَّ وَيَرْضَيْنَ بِمَا آتَيْتَهُنَّ كُلُّهُنَّ وَاللَّهُ يَعْلَمُ مَا فِي قُلُوبِكُمْ وَكَانَ اللَّهُ عَلِيمًا حَلِيمًا

(Эй, Мухаммед!) Жубайларыңдан кимисин артка калтырып, каалаганыңды жаныңа аласың, (ал сенин ишиң). Бөлүп койгондоруңдан бирөөсүн кааласаң да, сага күнөө жок. Бул алардын кубанышы, кайгырбашы жана аларга берген нерсеңден толук ыраазы болушуна дагы жакыныраак. Алла жүрөгүңөрдөгү нерселерди билип турат. Алла – Билүүчү, Жумшак!

a. Айалдарыёдын ортосунда т\нъъ мъънът\н алардын ъздър\н\н ыраазылыгы менен алмаштыруу ъз эркиёде b. “Ниса” с\ръс\н\н 34-айатын караёыз

52 لَا يَحِلُّ لَكَ النِّسَاءُ مِنْ بَعْدُ وَلَا أَنْ تَبَدَّلَ بِهِنَّ مِنْ أَزْوَاجٍ وَلَوْ أَعْجَبَكَ حُسْنُهُنَّ إِلَّا مَا مَلَكَتْ يَمِينُكَ وَكَانَ اللَّهُ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ رَقِيبًا

Сага мындан кийин айалдар адал эмес! Айалдардын сулуулуктары кызыктырса дагы, жубайларыңды алмаштырууга (бирин койо берип, кайрадан башкасы менен баш кошууга да болбойт). Бирок кол алдыңдагы күңдөр (болот). Алла – баардык нерсени байкап туруучу!

a. Тогуз айалдан кийин. Анткени пайгамбар (а.с.)га тогуз айал алууга уруксат берилген, биз, мусулмандар търт айал менен чектелген сыйактуу

53 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَدْخُلُوا بُيُوتَ النَّبِيِّ إِلَّا أَنْ يُؤْذَنَ لَكُمْ إِلَى طَعَامٍ غَيْرَ نَاظِرِينَ إِنَاهُ وَلَكِنْ إِذَا دُعِيتُمْ فَادْخُلُوا فَإِذَا طَعِمْتُمْ فَانْتَشِرُوا وَلَا مُسْتَأْنِسِينَ لِحَدِيثٍ إِنَّ ذَلِكُمْ كَانَ يُؤْذِي النَّبِيَّ فَيَسْتَحْيِي مِنْكُمْ وَاللَّهُ لَا يَسْتَحْيِي مِنَ الْحَقِّ وَإِذَا سَأَلْتُمُوهُنَّ مَتَاعًا فَاسْأَلُوهُنَّ مِنْ وَرَاءِ حِجَابٍ ذَلِكُمْ أَطْهَرُ لِقُلُوبِكُمْ وَقُلُوبِهِنَّ وَمَا كَانَ لَكُمْ أَنْ تُؤْذُوا رَسُولَ اللَّهِ وَلَا أَنْ تَنْكِحُوا أَزْوَاجَهُ مِنْ بَعْدِهِ أَبَدًا إِنَّ ذَلِكُمْ كَانَ عِنْدَ اللَّهِ عَظِيمًا

Эй, момундар! Пайгамбардын үйлөрүнө силерге (кирүүгө) урусат берилмейинче кирбегиле да, тамактын бышышын да күтпөгүлө. Бирок, (атайы) чакырылган болсоңор киргиле да, тамак желип бүтөөр менен дароо таркагыла. Сөзгө алаксып калбагыла. Чындыгында, анда пайгамбарга зыйан (ыза) кылып койосуңар, а ал силерден уйалат. Бирок, Алла чындыктан уйалбайт. Эгер пайгамбардын жубайларынан бир нерсе сурасаңар, парданын артынан сурагыла. Бул – силердин да, алардын да жүрөктөрүнүн тазалыгы үчүн. Ошентип, силер Алланын элчисине зыйан кылып койбос үчүн, андан кийин анын жубайларын никелеп алууга да такыр болбойт. Андай кылсаңар – Алла алдында чоң күнөө (болот).

a. Съзгъ алаксып олтуруп, пайгамбардын сыйынуу убактысын текке кетирбегиле b. Силерди «кет» дештен

54 إِنْ تُبْدُوا شَيْئًا أَوْ تُخْفُوهُ فَإِنَّ اللَّهَ كَانَ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمًا

Кандайдыр бир нерсени ашкерелесеңер да, жашырсаңар да, албетте, Алла – бардык нерсени Билүүчү!

55 لَا جُنَاحَ عَلَيْهِنَّ فِي آبَائِهِنَّ وَلَا أَبْنَائِهِنَّ وَلَا إِخْوَانِهِنَّ وَلَا أَبْنَاءِ إِخْوَانِهِنَّ وَلَا أَبْنَاءِ أَخَوَاتِهِنَّ وَلَا نِسَائِهِنَّ وَلَا مَا مَلَكَتْ أَيْمَانُهُنَّ وَاتَّقِينَ اللَّهَ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ شَهِيدًا

(Пайгамбардын) жубайларына – аталары, уулдары, бир туугандары, алардын уулдары, эже-сиңдилеринин уулдары, мусулман айалдар жана кол алдындагылары (кирсе) – эч айып жок. (Эй, айалдар!) Алладан корккула! Алла – баардык нерсеге Күбө.

a. к\ёдър\

56 إِنَّ اللَّهَ وَمَلَائِكَتَهُ يُصَلُّونَ عَلَى النَّبِيِّ يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا صَلُّوا عَلَيْهِ وَسَلِّمُوا تَسْلِيمًا

Чындыгында, Алла пайгамбарга ырайым кылат. Ошондой эле ага периштелер да салават айтып турушат. Эй, момундар! Ага салават жана салам айткыла.

a. Пайгамбарга (а.с.) b. Пайгамбарга (а.с.)

57 إِنَّ الَّذِينَ يُؤْذُونَ اللَّهَ وَرَسُولَهُ لَعَنَهُمُ اللَّهُ فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ وَأَعَدَّ لَهُمْ عَذَابًا مُهِينًا

Акыйкатта, Алла менен Анын элчисине зыйан бергендерди Алла бул дүйнөдө жана акыретте каргыштайт. Аларга кор кылуучу азап дайардап койгон.

a. Каргайт, каргышка калтырат, каргышка учуратат

58 وَالَّذِينَ يُؤْذُونَ الْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ بِغَيْرِ مَا اكْتَسَبُوا فَقَدِ احْتَمَلُوا بُهْتَانًا وَإِثْمًا مُبِينًا

Ошентип, момун эркектерди, момун айалдарды жазыксыз ызаланткандар – албетте, өздөрүнө жалааны жана ачык күнөөнү жүктөп алышты.

59 يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ قُلْ لِأَزْوَاجِكَ وَبَنَاتِكَ وَنِسَاءِ الْمُؤْمِنِينَ يُدْنِينَ عَلَيْهِنَّ مِنْ جَلَابِيبِهِنَّ ذَلِكَ أَدْنَى أَنْ يُعْرَفْنَ فَلَا يُؤْذَيْنَ وَكَانَ اللَّهُ غَفُورًا رَحِيمًا

Эй, пайгамбар! Жубайларыңа, кыздарыңа жана момундардын айалдарына айткын: “үстүлөрүнө сырткы (кенен) кийимдерди жамынышсын. Бул – алардын таанылуусуна жана кордолбоолоруна жакыныраак. Алла – Кечиримдүү, Мээримдүү!

a. Мусулман айал экени билинип, мусулман эркектер тарабынан (согуш мезгилинде) коргоо алынуусуна b. Себеп болот

60 لَئِنْ لَمْ يَنْتَهِ الْمُنَافِقُونَ وَالَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ وَالْمُرْجِفُونَ فِي الْمَدِينَةِ لَنُغْرِيَنَّكَ بِهِمْ ثُمَّ لَا يُجَاوِرُونَكَ فِيهَا إِلَّا قَلِيلًا

Эгер мунафыктар, жүрөктөрүндө дарты болгондор жана Мединада жалган жалаа тараткандар тыйылбаса, албетте, сени аларга үстөмдүү кылып койобуз. Ошондо алар сени менен бир аз гана коңшу турушат.

a. Анан биротоло тыйылып калышат