61 مَلْعُونِينَ أَيْنَمَا ثُقِفُوا أُخِذُوا وَقُتِّلُوا تَقْتِيلًا
Алар каргышка учурап, кайдан табылса да кармалып өлтүрүлөт.
61 مَلْعُونِينَ أَيْنَمَا ثُقِفُوا أُخِذُوا وَقُتِّلُوا تَقْتِيلًا
Алар каргышка учурап, кайдан табылса да кармалып өлтүрүлөт.
62 سُنَّةَ اللَّهِ فِي الَّذِينَ خَلَوْا مِنْ قَبْلُ وَلَنْ تَجِدَ لِسُنَّةِ اللَّهِ تَبْدِيلًا
Алланын мурунку өткөндөргө да жолу ушул. Алланын жолунан эч бир өзгөртүүнү таба албайсың.
63 يَسْأَلُكَ النَّاسُ عَنِ السَّاعَةِ قُلْ إِنَّمَا عِلْمُهَا عِنْدَ اللَّهِ وَمَا يُدْرِيكَ لَعَلَّ السَّاعَةَ تَكُونُ قَرِيبًا
(Эй, Мухаммед!) Адамдар сенден Кыйамат мөөнөтүн сурашат. Аларга: “Анын илими Алланын алдында. Кайдан билесиң, балким мөөнөтү жакындап калгандыр”, – деп айткын.
a. Качан болоорун
64 إِنَّ اللَّهَ لَعَنَ الْكَافِرِينَ وَأَعَدَّ لَهُمْ سَعِيرًا
Чындыгында, Алла каапырларды каргыштайт жана аларга жалындаган Тозокту дайардап койгон.
a. каргайт
65 خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا لَا يَجِدُونَ وَلِيًّا وَلَا نَصِيرًا
Алар ал жайда түбөлүк калышат. Дос да, колдоочу да таба алышпайт.
a. Тозоктон куткара турган
66 يَوْمَ تُقَلَّبُ وُجُوهُهُمْ فِي النَّارِ يَقُولُونَ يَا لَيْتَنَا أَطَعْنَا اللَّهَ وَأَطَعْنَا الرَّسُولَا
Алардын беттери от ичинде оодарыла турган күнү: “Аттиң! Аллага баш ийип, элчисин ээрчисек болмок экен...
67 وَقَالُوا رَبَّنَا إِنَّا أَطَعْنَا سَادَتَنَا وَكُبَرَاءَنَا فَأَضَلُّونَا السَّبِيلَا
Оо, Эгебиз! Башчыларыбызга, чоңдорубузга мойун сунган элек. Ошолор бизди туура жолдон адаштырды.
68 رَبَّنَا آتِهِمْ ضِعْفَيْنِ مِنَ الْعَذَابِ وَالْعَنْهُمْ لَعْنًا كَبِيرًا
Оо, Эгебиз! Аларга азаптан эки эсе бер! Ошондой эле аларды чоң азап менен азапта”,–дешет.
69 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَكُونُوا كَالَّذِينَ آذَوْا مُوسَى فَبَرَّأَهُ اللَّهُ مِمَّا قَالُوا وَكَانَ عِنْدَ اللَّهِ وَجِيهًا
Эй, момундар! Силер да Мусаны ызаланткандар сыйактуу болбогула. Бирок, Алла алардын айткандарынан (Мусаны) актады. Ал Алланын алдында кадырлуу (пайгамбар) болчу.
a. Мусаны жеёишке жеткирип, тигилерди кор кылды
70 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَقُولُوا قَوْلًا سَدِيدًا
Эй, момундар! Алладан корккула да, туура сөздү айткыла.
71 يُصْلِحْ لَكُمْ أَعْمَالَكُمْ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ذُنُوبَكُمْ وَمَنْ يُطِعِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ فَقَدْ فَازَ فَوْزًا عَظِيمًا
(Ошондо) Алла ишиңерди оңдоп, күнөөңөрдү кечирет. Ким Аллага, Анын элчисине мойун сунса, албетте, ошол зор ийгиликке жетишет.
72 إِنَّا عَرَضْنَا الْأَمَانَةَ عَلَى السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَالْجِبَالِ فَأَبَيْنَ أَنْ يَحْمِلْنَهَا وَأَشْفَقْنَ مِنْهَا وَحَمَلَهَا الْإِنْسَانُ إِنَّهُ كَانَ ظَلُومًا جَهُولًا
Чындыгында аманатты (Ислам динин) асмандар менен жерге жана тоолорго сунуш кылдык. Ошондо алар аны мойунга алуудан баш тартышты, андан коркушту. Аны адам баласы мойнуна алды. Анткени ал өтө заалым, такыр билимсиз...
a. Исламдын шарттарын толук аткара албай калуудан
73 لِيُعَذِّبَ اللَّهُ الْمُنَافِقِينَ وَالْمُنَافِقَاتِ وَالْمُشْرِكِينَ وَالْمُشْرِكَاتِ وَيَتُوبَ اللَّهُ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ وَكَانَ اللَّهُ غَفُورًا رَحِيمًا
Натыйжада, Алла мынафык эркектер менен мунафык айалдарды жана мушрик эркектер менен мушрик айалдарды азапка салды да, момун эркектер менен момун айалдардын тообосун кабыл кылуу үчүн (аманатты көтөртүп) койду. Алла – Кечиримдүү, Ырайымдуу!.
a. Эки ж\зд\\ b. Ислам динин