бөлүм Фуркан - الفرقان

1 تَبَارَكَ الَّذِي نَزَّلَ الْفُرْقَانَ عَلَى عَبْدِهِ لِيَكُونَ لِلْعَالَمِينَ نَذِيرًا

Ааламдарга эскертүү болсун үчүн Өзүнүн пендесине Фурканды жөнөткөн – улук болду.

a. Мухаммед (а.с.)га. b. Куран. c. Аллага.

2 الَّذِي لَهُ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَلَمْ يَتَّخِذْ وَلَدًا وَلَمْ يَكُنْ لَهُ شَرِيكٌ فِي الْمُلْكِ وَخَلَقَ كُلَّ شَيْءٍ فَقَدَّرَهُ تَقْدِيرًا

Асмандар менен жердин мүлкү Ага гана таандык, Ал өзүнө бала алган жок жана Анын бийлигинде шериктер да болгон эмес. Ал бардык нерселерди жараткан жана белгилеп-өлчөп койгон.*

3 وَاتَّخَذُوا مِنْ دُونِهِ آلِهَةً لَا يَخْلُقُونَ شَيْئًا وَهُمْ يُخْلَقُونَ وَلَا يَمْلِكُونَ لِأَنْفُسِهِمْ ضَرًّا وَلَا نَفْعًا وَلَا يَمْلِكُونَ مَوْتًا وَلَا حَيَاةً وَلَا نُشُورًا

Алар эч нерсени жарата албаган, өздөрү жаратылган кудайларды Анын ордуна кудай кылып алышкан. Алар өздөрү үчүн зыйан да, пайда да келтире алышпайт жана алар өлүмгө да, жашоого да жана өлгөндөн кийин кайра тирилтүүгө да эч ээлик кыла алышпайт.

a. Сълъкъттър.

4 وَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا إِنْ هَذَا إِلَّا إِفْكٌ افْتَرَاهُ وَأَعَانَهُ عَلَيْهِ قَوْمٌ آخَرُونَ فَقَدْ جَاءُوا ظُلْمًا وَزُورًا

Каапырлар: “Бул өзү ойлоп тапкан гана жалган. Ага башка кишилердин тобу да жардамдашты” - дешет. Албетте, (булар ушинтип) зулум жана жалганга кабылышты.

a. Каапырлык.

5 وَقَالُوا أَسَاطِيرُ الْأَوَّلِينَ اكْتَتَبَهَا فَهِيَ تُمْلَى عَلَيْهِ بُكْرَةً وَأَصِيلًا

Алар: “Оболкулардын гана жомогу. Ал аларды өзү үчүн жазууну суранган жана ал ага эрте менен кечинде окулуп турат, - дешти.

a. Каапырлар Курандын аяттары тууралуу айтып жатышат.

6 قُلْ أَنْزَلَهُ الَّذِي يَعْلَمُ السِّرَّ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ إِنَّهُ كَانَ غَفُورًا رَحِيمًا

“Аны асмандардын жана жердин сырларын Билүүчү түшүргөн. Ал чындыгында Кечирүүчү, Мээрбан” - дегин.

7 وَقَالُوا مَالِ هَذَا الرَّسُولِ يَأْكُلُ الطَّعَامَ وَيَمْشِي فِي الْأَسْوَاقِ لَوْلَا أُنْزِلَ إِلَيْهِ مَلَكٌ فَيَكُونَ مَعَهُ نَذِيرًا

Алар: “Бул эмне деген пайгамбар? Ал тамак жейт жана базарда жүрөт. Ага аны менен бирге насаат кыла турган периште жиберилбеди бекен?!.

a. Мухаммедге (а.с.).

8 أَوْ يُلْقَى إِلَيْهِ كَنْزٌ أَوْ تَكُونُ لَهُ جَنَّةٌ يَأْكُلُ مِنْهَا وَقَالَ الظَّالِمُونَ إِنْ تَتَّبِعُونَ إِلَّا رَجُلًا مَسْحُورًا

Же ага бир кенч жөнөтүлсөчү? Же анда (өзү гана) жей турган бак болсочу?” – дешет. Адашкандар: “Силер болгону сыйкырланган кишини гана ээрчийсиңер” – деп айтышат.

a. Башка жактан жебей...

9 انْظُرْ كَيْفَ ضَرَبُوا لَكَ الْأَمْثَالَ فَضَلُّوا فَلَا يَسْتَطِيعُونَ سَبِيلًا

Карап көрчү! Алар сен жөнүндө кандай гана мисалдарды келтиришпеди. Алар адашып, жолду таба алышпайт.

10 تَبَارَكَ الَّذِي إِنْ شَاءَ جَعَلَ لَكَ خَيْرًا مِنْ ذَلِكَ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ وَيَجْعَلْ لَكَ قُصُورًا

Ага улуктук болсун! Эгер кааласа сага андан да мыктыны: алдынан өзөн-дарыйалар агып турган бактарды жана сарайларды жасаар эле.

11 بَلْ كَذَّبُوا بِالسَّاعَةِ وَأَعْتَدْنَا لِمَنْ كَذَّبَ بِالسَّاعَةِ سَعِيرًا

Балким, алар Кыйамат күнүн жалганга чыгарышат. А Биз Кыйаматка ишенбегендерге отту дайардап койдук.

12 إِذَا رَأَتْهُمْ مِنْ مَكَانٍ بَعِيدٍ سَمِعُوا لَهَا تَغَيُّظًا وَزَفِيرًا

Алар аны алыс жайдан көрүшкөндө албууттанганын жана катуу үндү угушат.

a. Тозокту.

13 وَإِذَا أُلْقُوا مِنْهَا مَكَانًا ضَيِّقًا مُقَرَّنِينَ دَعَوْا هُنَالِكَ ثُبُورًا

Алар кишенделген абалда андагы тар жайга ташталганда (өздөрүнө) өлүмдү тиленишет.

14 لَا تَدْعُوا الْيَوْمَ ثُبُورًا وَاحِدًا وَادْعُوا ثُبُورًا كَثِيرًا

“Бүгүн силер өзүңөргө кыйроону бир эле эмес, көп ирет чакыргыла” (- делинет).

15 قُلْ أَذَلِكَ خَيْرٌ أَمْ جَنَّةُ الْخُلْدِ الَّتِي وُعِدَ الْمُتَّقُونَ كَانَتْ لَهُمْ جَزَاءً وَمَصِيرًا

Силерге ушул жакшыбы же такыбаларга убада кылынган түбөлүк бейиш жакшыбы? (Бейиш) аларга сыйлык жана кайтуучу жай болот.

16 لَهُمْ فِيهَا مَا يَشَاءُونَ خَالِدِينَ كَانَ عَلَى رَبِّكَ وَعْدًا مَسْئُولًا

Алар үчүн анда түбөлүктүүлүк, алар эмнени кааласа баары бар. Бул Эгеңден суралган убада эле.

a. Бейиште

17 وَيَوْمَ يَحْشُرُهُمْ وَمَا يَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ فَيَقُولُ أَأَنْتُمْ أَضْلَلْتُمْ عِبَادِي هَؤُلَاءِ أَمْ هُمْ ضَلُّوا السَّبِيلَ

Ал аларды жана алардын Алланын ордуна табынгандарынын баарын чогулткан күнү: “Менин бул пенделеримди силер адаштырдыңарбы же алар өздөрү жолдон чыгыштыбы?” – дейт.

18 قَالُوا سُبْحَانَكَ مَا كَانَ يَنْبَغِي لَنَا أَنْ نَتَّخِذَ مِنْ دُونِكَ مِنْ أَوْلِيَاءَ وَلَكِنْ مَتَّعْتَهُمْ وَآبَاءَهُمْ حَتَّى نَسُوا الذِّكْرَ وَكَانُوا قَوْمًا بُورًا

Алар: “Сени аруулайбыз! Сенден башканы биз коргоочу кылып албайбыз. Бирок Сен аларга жана аталарына ырахаттана турууга мөөнөт бердиң, ушундан улам алар эскертүүнү унутуп, кыйроого учуроочу коом болду” – дешет.

19 فَقَدْ كَذَّبُوكُمْ بِمَا تَقُولُونَ فَمَا تَسْتَطِيعُونَ صَرْفًا وَلَا نَصْرًا وَمَنْ يَظْلِمْ مِنْكُمْ نُذِقْهُ عَذَابًا كَبِيرًا

Алар силер айтып жаткандар жөнүндө силерди жалганга чыгарышты. Силер аны артка кайтара албайсыңар жана тосо да албайсыңар. Силердин араңардагы заалымдарга Биз улуу жазаны беребиз.

a. Жалган кудайлар, сълъкъттър. b. Азапты.

20 وَمَا أَرْسَلْنَا قَبْلَكَ مِنَ الْمُرْسَلِينَ إِلَّا إِنَّهُمْ لَيَأْكُلُونَ الطَّعَامَ وَيَمْشُونَ فِي الْأَسْوَاقِ وَجَعَلْنَا بَعْضَكُمْ لِبَعْضٍ فِتْنَةً أَتَصْبِرُونَ وَكَانَ رَبُّكَ بَصِيرًا

Биз сага чейин да пайгамбарларды жөнөткөнбүз, алар тамак жебей жана базарда жүрбөй калган эмес. Биз силердин кээ бириңерди башкалар үчүн сыноо кылдык. Сабыр кыласыңарбы? Эгеңер (баарын) көрүп турат.