бөлүм Фуркан - الفرقان

21 وَقَالَ الَّذِينَ لَا يَرْجُونَ لِقَاءَنَا لَوْلَا أُنْزِلَ عَلَيْنَا الْمَلَائِكَةُ أَوْ نَرَى رَبَّنَا لَقَدِ اسْتَكْبَرُوا فِي أَنْفُسِهِمْ وَعَتَوْا عُتُوًّا كَبِيرًا

Биз менен кездешүүнү күтпөгөндөр: “Эмнеге бизге периштелер жөнөтүлбөдү же биз Эгебизди көрсөк” – дешет. Алар өздөрүн өтө бийик санашты жана чоң чектерден чыгышты.

a. Чектен чыга зор к\нъъгъ батышты.

22 يَوْمَ يَرَوْنَ الْمَلَائِكَةَ لَا بُشْرَى يَوْمَئِذٍ لِلْمُجْرِمِينَ وَيَقُولُونَ حِجْرًا مَحْجُورًا

Алар периштелерди көргөн күнү, күнөөкөрлөр үчүн кубанычтуу күн болбойт. Периштелер аларга: “Чечкиндүү тыюу салынган!” – дешет.

23 وَقَدِمْنَا إِلَى مَا عَمِلُوا مِنْ عَمَلٍ فَجَعَلْنَاهُ هَبَاءً مَنْثُورًا

Биз алар кылган иштерине киришип, аларды тозоңдой кылып текке кетиребиз.

24 أَصْحَابُ الْجَنَّةِ يَوْمَئِذٍ خَيْرٌ مُسْتَقَرًّا وَأَحْسَنُ مَقِيلًا

Ал күнү Бейиш ээлеринин турар жайлары жакшы, эс алчу жайлары да сонун болот.

25 وَيَوْمَ تَشَقَّقُ السَّمَاءُ بِالْغَمَامِ وَنُزِّلَ الْمَلَائِكَةُ تَنْزِيلًا

Ал күндө асман, булуттар жарылып, периштелер катарлаша түшөт.

26 الْمُلْكُ يَوْمَئِذٍ الْحَقُّ لِلرَّحْمَنِ وَكَانَ يَوْمًا عَلَى الْكَافِرِينَ عَسِيرًا

Ал күндө бардык бийлик Мээримдүү үчүн гана болот. Ал күн каапырлар үчүн оор күн.

27 وَيَوْمَ يَعَضُّ الظَّالِمُ عَلَى يَدَيْهِ يَقُولُ يَا لَيْتَنِي اتَّخَذْتُ مَعَ الرَّسُولِ سَبِيلًا

Ал күндө заалым бармактарын тиштеп минтет: “О аттиң! Мен Пайгамбардын артынан ээрчисемчи?

28 يَا وَيْلَتَى لَيْتَنِي لَمْ أَتَّخِذْ فُلَانًا خَلِيلًا

О мен куруп калайын! Мен баланчаны дос кылбасамчы...

29 لَقَدْ أَضَلَّنِي عَنِ الذِّكْرِ بَعْدَ إِذْ جَاءَنِي وَكَانَ الشَّيْطَانُ لِلْإِنْسَانِ خَذُولًا

Ал мага келгенде мени Алланы эскерүүдөн тосту.” Албетте, шайтан инсанды жарамсыз таштап кетет.

30 وَقَالَ الرَّسُولُ يَا رَبِّ إِنَّ قَوْمِي اتَّخَذُوا هَذَا الْقُرْآنَ مَهْجُورًا

Жана пайгамбар айтты: О Эгем! Менин элим Куранды таштап койду”.

31 وَكَذَلِكَ جَعَلْنَا لِكُلِّ نَبِيٍّ عَدُوًّا مِنَ الْمُجْرِمِينَ وَكَفَى بِرَبِّكَ هَادِيًا وَنَصِيرًا

Ар бир пайгамбарга Биз күнөөкөрлөрдүн ичинен душманды кылдык. Эгеңдин жетекчилиги жана жардамы сага жетиштүү.

32 وَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لَوْلَا نُزِّلَ عَلَيْهِ الْقُرْآنُ جُمْلَةً وَاحِدَةً كَذَلِكَ لِنُثَبِّتَ بِهِ فُؤَادَكَ وَرَتَّلْنَاهُ تَرْتِيلًا

Каапырлар: “Эмне үчүн Куран бир эле жолу (толук) түшүрүлбөдү?” – дешет. Муну ушинтип, сенин жүрөгүңдө бекемдөө үчүн Биз аны бөлүп түшүрдүк.

a. Куранды, Курандын аяттарын.

33 وَلَا يَأْتُونَكَ بِمَثَلٍ إِلَّا جِئْنَاكَ بِالْحَقِّ وَأَحْسَنَ تَفْسِيرًا

Алар сага кайсы гана мисалды келтиришпесин, Биз сага (ага карата) чындыкты жана эң жакшы чечмелөөнү келтиребиз.

34 الَّذِينَ يُحْشَرُونَ عَلَى وُجُوهِهِمْ إِلَى جَهَنَّمَ أُولَئِكَ شَرٌّ مَكَانًا وَأَضَلُّ سَبِيلًا

Тозокко жүзү менен ташталгандар – мына ушулар орундары жаман, жолдон адашкандар.

35 وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى الْكِتَابَ وَجَعَلْنَا مَعَهُ أَخَاهُ هَارُونَ وَزِيرًا

Биз Мусага Китеп бердик, аны менен бирге анын бир тууганы Харунду вазир кылдык.

a. Жардамчы.

36 فَقُلْنَا اذْهَبَا إِلَى الْقَوْمِ الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا فَدَمَّرْنَاهُمْ تَدْمِيرًا

Биз: “Биздин айаттарыбызды жалганга чыгарган коомго баргыла” – дедик жана аларды Биз жок кылдык.

37 وَقَوْمَ نُوحٍ لَمَّا كَذَّبُوا الرُّسُلَ أَغْرَقْنَاهُمْ وَجَعَلْنَاهُمْ لِلنَّاسِ آيَةً وَأَعْتَدْنَا لِلظَّالِمِينَ عَذَابًا أَلِيمًا

Нухтун коому пайгамбарларды жалганга чыгарганда, Биз аларды чөктүрдүк жана аларды адамдар үчүн үлгү кылдык. Заалымдар үчүн оорутуучу азапты дайардадык.

38 وَعَادًا وَثَمُودَ وَأَصْحَابَ الرَّسِّ وَقُرُونًا بَيْنَ ذَلِكَ كَثِيرًا

Аад, Самуд (коомдору) жана кудук ээлери жана алардын аралыгында өткөн көптөгөн муундар,

39 وَكُلًّا ضَرَبْنَا لَهُ الْأَمْثَالَ وَكُلًّا تَبَّرْنَا تَتْبِيرًا

Биз алардын баарына мисалдарды келтирдик жана алардын баарына толук кыргын салдык.

40 وَلَقَدْ أَتَوْا عَلَى الْقَرْيَةِ الَّتِي أُمْطِرَتْ مَطَرَ السَّوْءِ أَفَلَمْ يَكُونُوا يَرَوْنَهَا بَلْ كَانُوا لَا يَرْجُونَ نُشُورًا

Алар жамандыктын жааны жаадырылган калаанын жанынан өтүштү. Чынында алар аны көрүшпөдүбү? Жок, алар кайра тирилүүнү күтүшпөдү.

a. Меккеден чыккан Курейштер. b. Кырсык-балеелер жънът\лгън. c. Ъл\к Деёиздин аяк жагындагы Содом жана Гоморра шаарлары жън\ндъ съз болууда. d. Соода-сатык кылып Сирияга баратышканда.