41 وَإِذَا رَأَوْكَ إِنْ يَتَّخِذُونَكَ إِلَّا هُزُوًا أَهَذَا الَّذِي بَعَثَ اللَّهُ رَسُولًا
“Ушуну Алла пайгамбар кылып жөнөтүптүрбү?” – деп, алар сени көргөндө шылдың гана кылышат.
41 وَإِذَا رَأَوْكَ إِنْ يَتَّخِذُونَكَ إِلَّا هُزُوًا أَهَذَا الَّذِي بَعَثَ اللَّهُ رَسُولًا
“Ушуну Алла пайгамбар кылып жөнөтүптүрбү?” – деп, алар сени көргөндө шылдың гана кылышат.
42 إِنْ كَادَ لَيُضِلُّنَا عَنْ آلِهَتِنَا لَوْلَا أَنْ صَبَرْنَا عَلَيْهَا وَسَوْفَ يَعْلَمُونَ حِينَ يَرَوْنَ الْعَذَابَ مَنْ أَضَلُّ سَبِيلًا
“Эгерде биз ага чыдап (бекем) туруп койбогонубузда бизди кудайларыбыздан кайтарып сала жаздады.” Алар азапты көргөн кезде, ким жолдон көбүрөөк тайганын билишет.
43 أَرَأَيْتَ مَنِ اتَّخَذَ إِلَهَهُ هَوَاهُ أَفَأَنْتَ تَكُونُ عَلَيْهِ وَكِيلًا
Сен өзүнүн кумарданууларын кудай кылып алганды көрдүңбү? Сен аларга көзөмөлчү боло аласыңбы?
44 أَمْ تَحْسَبُ أَنَّ أَكْثَرَهُمْ يَسْمَعُونَ أَوْ يَعْقِلُونَ إِنْ هُمْ إِلَّا كَالْأَنْعَامِ بَلْ هُمْ أَضَلُّ سَبِيلًا
Же алардын көбү угушат же ойлонушат деп ойлойсуңбу? Алар айбандар сыйактуу. Балким, алар андан да катуураак жолдон адашкандар.
45 أَلَمْ تَرَ إِلَى رَبِّكَ كَيْفَ مَدَّ الظِّلَّ وَلَوْ شَاءَ لَجَعَلَهُ سَاكِنًا ثُمَّ جَعَلْنَا الشَّمْسَ عَلَيْهِ دَلِيلًا
Эгең көлөкөнү кантип узартканын көрбөдүңбү? Эгер ал кааласа аны өзгөртүүсүз кылып коймок. Андан соң биз Күндү анын көрсөткүчү кылып койдук.
a. Эгерде К\н болбогондо, ал кълъкън\ билмек да эмес.
46 ثُمَّ قَبَضْنَاهُ إِلَيْنَا قَبْضًا يَسِيرًا
Андан соң Биз аны өзүбүзгө акырындык менен жыйабыз.
a. К\н канчалык жогору кътър\лгън сайын, кълъкъ ошончолук кыскарат.
47 وَهُوَ الَّذِي جَعَلَ لَكُمُ اللَّيْلَ لِبَاسًا وَالنَّوْمَ سُبَاتًا وَجَعَلَ النَّهَارَ نُشُورًا
Ал силер үчүн түндү - кийим, уйкуну – тынчтык жана күндүздү - жашоого кайтуу кылып койду.
48 وَهُوَ الَّذِي أَرْسَلَ الرِّيَاحَ بُشْرًا بَيْنَ يَدَيْ رَحْمَتِهِ وَأَنْزَلْنَا مِنَ السَّمَاءِ مَاءً طَهُورًا
Ал Өз Мээриминин алдынан шамалды кубанычтуу кабар менен жөнөтөт жана асмандан жаан жаадырдык,
a. Жамгырдан мурда.
49 لِنُحْيِيَ بِهِ بَلْدَةً مَيْتًا وَنُسْقِيَهُ مِمَّا خَلَقْنَا أَنْعَامًا وَأَنَاسِيَّ كَثِيرًا
өлүк жерди тирилтүүбүз жана аны менен Биз жараткан малдарды жана көптөгөн адамдарды суугаруубуз үчүн.
50 وَلَقَدْ صَرَّفْنَاهُ بَيْنَهُمْ لِيَذَّكَّرُوا فَأَبَى أَكْثَرُ النَّاسِ إِلَّا كُفُورًا
Биз булардын баарын алар эскерүүлөрү үчүн түшүндүрдүк. Бирок адамдардын көбү каапырлыктан бөлөктөн баш тартышат.
51 وَلَوْ شِئْنَا لَبَعَثْنَا فِي كُلِّ قَرْيَةٍ نَذِيرًا
Эгер Биз кааласак, ар бир айылга эскертүүчү (элчи) жөнөтөөр элек.
52 فَلَا تُطِعِ الْكَافِرِينَ وَجَاهِدْهُمْ بِهِ جِهَادًا كَبِيرًا
Капырларга баш ийбе жана анын жардамы менен аларга чоң күрөш жүргүз!
a. Куран.
53 وَهُوَ الَّذِي مَرَجَ الْبَحْرَيْنِ هَذَا عَذْبٌ فُرَاتٌ وَهَذَا مِلْحٌ أُجَاجٌ وَجَعَلَ بَيْنَهُمَا بَرْزَخًا وَحِجْرًا مَحْجُورًا
Ал эки деңизди катар койду: бири тузсуз таза суу, экинчиси – туздуу, ачуу; алардын араларына бузулгус парда - тосмо койду.
a. Д\йнъдъг\ деңиздерде айрым жерлеринде суусун кадимкидей ич\\гъ жарай турган тузсуз аймактар кездешет. Жер Ортолук Деёизи менен Атлантика океанынын кошулган жеринде да ушундай.
54 وَهُوَ الَّذِي خَلَقَ مِنَ الْمَاءِ بَشَرًا فَجَعَلَهُ نَسَبًا وَصِهْرًا وَكَانَ رَبُّكَ قَدِيرًا
Ал инсанды суудан жараткан жана ага бир туугандарды жана жек-жааттарды берген. Эгең Кудуреттүү.
a. Уруктан.
55 وَيَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ مَا لَا يَنْفَعُهُمْ وَلَا يَضُرُّهُمْ وَكَانَ الْكَافِرُ عَلَى رَبِّهِ ظَهِيرًا
Алар Алладан башка аларга жардам да, зыйан да кыла албагандарга табынышат. Каапыр өзүнүн Эгесине каршы (шайтанга) жардамдашат.
56 وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا مُبَشِّرًا وَنَذِيرًا
Биз сени кабар берүүчү жана эскертүүчү кылып жөнөттүк.
57 قُلْ مَا أَسْأَلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ إِلَّا مَنْ شَاءَ أَنْ يَتَّخِذَ إِلَى رَبِّهِ سَبِيلًا
“Каалагандар өз Эгесинин жолунда болуусунан башка, бул үчүн мен эч кандай акы сурабаймын” - дегин.
a. Алланын ыраазылыгы \ч\н бей-бечараларга кайрымдуулук жасаса, ага да каршы эмесмин... (бирок, ъз\м албайм).
58 وَتَوَكَّلْ عَلَى الْحَيِّ الَّذِي لَا يَمُوتُ وَسَبِّحْ بِحَمْدِهِ وَكَفَى بِهِ بِذُنُوبِ عِبَادِهِ خَبِيرًا
Эч өлбөй турган, түбөлүк Тирүүгө тобокел кыл жана Аны мактоо менен аруула! Өз пенделеринин күнөөлөрү тууралуу Ал толук кабардар.
a. Аллага.
59 الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا فِي سِتَّةِ أَيَّامٍ ثُمَّ اسْتَوَى عَلَى الْعَرْشِ الرَّحْمَنُ فَاسْأَلْ بِهِ خَبِيرًا
Ал асмандар менен жерди жана ал экөөнүн ортосундагыларды алты күндө жараткан. Андан соң Аршка ээлик кылды. Ал Мээримдүү, ал жөнүндө билүүчүлөрдөн сурагын.
a. “Истиваа” съз\ ъз\нъ бир нече маанини камтыйт. Андыктан бул създ\ тереё изилдъъ шариатта максатсыз. Демек, бул създън Алла эмнени кааласа, ошого ыйман келтир\\гъ милдетт\\б\з. Ар кандай чечмелъълърд\ айтып, талашып-тартышууга тийиш эмеспиз. Ошентсе да, айрым маанилерди айта кет\\ максатка ылайык: а) орун алуу; б) жайлануу; в) кътър\л\\; г) камынуу; д) багыт алуу; ж) максат кылуу.
60 وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ اسْجُدُوا لِلرَّحْمَنِ قَالُوا وَمَا الرَّحْمَنُ أَنَسْجُدُ لِمَا تَأْمُرُنَا وَزَادَهُمْ نُفُورًا
Аларга: “Мээримдүүгө сежде кылгыла” делгенде, алар: “А Мээримдүү деген эмне? Сен буйруган нерсеге биз сежде кылмак белек?” – дешет жана бул алардын баш тартуусун күчөтөт.
a. Бул айат “сежде айаты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын бил\\ \ч\н “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он \ч\нч\ бъл\м\н караёыз.