21 كَلَّا إِذَا دُكَّتِ الْأَرْضُ دَكًّا دَكًّا
Оо, жок! (антпегиле!) Качан жер тегизделгенге чейин титиресе
21 كَلَّا إِذَا دُكَّتِ الْأَرْضُ دَكًّا دَكًّا
Оо, жок! (антпегиле!) Качан жер тегизделгенге чейин титиресе
22 وَجَاءَ رَبُّكَ وَالْمَلَكُ صَفًّا صَفًّا
ошондо сенин Эгең анан периштелер тобу менен катар-катар келишет.
a. Эгеңдин кудуретинин белгилери ачыкка чыгат. Тафсир Ал-Байзавий.
23 وَجِيءَ يَوْمَئِذٍ بِجَهَنَّمَ يَوْمَئِذٍ يَتَذَكَّرُ الْإِنْسَانُ وَأَنَّى لَهُ الذِّكْرَى
Ал күнү тозок жакын алынып келинет да, ошондо инсан баарын эстейт. Бирок андан ага эмне пайда?!
24 يَقُولُ يَا لَيْتَنِي قَدَّمْتُ لِحَيَاتِي
Ошондо ал: “Жашоо-келечегимди мурунтан дайардасам кана (аттиң)” - дейт.
25 فَيَوْمَئِذٍ لَا يُعَذِّبُ عَذَابَهُ أَحَدٌ
Ошол күнү Аллах жазалагандай эч ким жазалай албайт,
26 وَلَا يُوثِقُ وَثَاقَهُ أَحَدٌ
Ал кишендегендей эч ким кишендей албайт.
a. Анын жазасы чындап ишке ашат.
27 يَا أَيَّتُهَا النَّفْسُ الْمُطْمَئِنَّةُ
Эй, жай баракат тынчтанган жан!
28 ارْجِعِي إِلَى رَبِّكِ رَاضِيَةً مَرْضِيَّةً
Өз Эгеңдин алдына (Ал сенден) ыраазы болуучу жана (сен Андан) ыраазы болгон абалда кайтып баргын.
29 فَادْخُلِي فِي عِبَادِي
Менин (сүйүктүү) пенделеримдин арасына кирип (кошулуп),
30 وَادْخُلِي جَنَّتِي
Бейишиме киргин!
a. Тигилер менен бирге.